Токтом №15/1 4-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 4, 2016 14:22

8-сентябрь   2015-жыл                       № 15/1                        Кербен   шаары

 

                Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                                 кезексиз он бешинчи сессиясы

                                                        Т О К Т О М

Кербен  шаардык  Кеңешинин төрагасы К.Бостоновдун

                                                  арызы  жөнүндө

 

   «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык Мыйзамынын 21-беренесинин 6-пунктуна негиз, Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы К.Бостоновдун «2015-жылдын 4-октябрында   өтүүчү КР ЖК депутаттарын шайлоо боюнча   депутаттыкка талапкер болуп катталгандыгына байланыштуу   шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин Кербен шаардык Кеңешинин   төрагасынын ыйгарым укуктарын аткарууну токтото туруу   жөнүндө»   берген арызын   угуп жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын   кезексиз он бешинчи сессиясы

                                            ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

  1. Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы К.Бостонов, 2015-жылдын 4-октябрында   өтүүчү КР ЖК депутаттарын шайлоо боюнча депутаттыкка талапкер   болуп катталгандыгына байланыштуу   шайлоонун натыйжалары аныкталганга чейин төрагалык  ыйгарым укуктарын токтото турсун.

2.Кербен шаардык Кеңешинин төрагасынын ыйгарым   укуктарын убактылуу   аткаруу   жагы төраганын орун басары К.Урустемовго   жүктөлсүн жана КР эмгек кодексинин 167-статьясына ылайык төраганын айлык акысынын 50 пайыз өлчөмүндө кошумча акы төлөп берүү жагы белгиленсин.

   3.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

  1. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.              
  2. Токтомду көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык   Кенешин                                                                  төрагасынын орун басары :                                       К.Урустемов

Админ
Автору Админ January 4, 2016 14:22