Токтом №15/2 4-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 4, 2016 14:55

8-сентябрь   2015-ж.                            № 15/2                                  Кербен   шаары

 

Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын                                             кезексиз он бешинчи сессиясы

 

                            Т О К Т О М

 

2020-жылга СО2 (көмүр кычкыл газы) чыгышын 20%дан кем эмес кыскартуу боюнча Кыргыз Республикасынын шаарларынын мэрлеринин макулдашуусуна кошулуу жөнүндө

 

Кербен шаарынын мэринин 13-июль 2015-жылдагы № 3-34/383 сандуу кайрылуусунда   белгиленгендей   2020-жылга СО2 (көмүр кычкыл газдын) чыгышын   20%тен   кем эмес кыскартуу   максатында энергиялардын натыйжалуулугун   жогорулатуу   жана энергиянын   чыгуу   булактарын жандандырууну   киргизүү   жолу   менен   мэрлердин   макулдашуусуна макулдук   берүү   сунушун  карап   чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин   VI чакырылышынын кезексиз он бешинчи сессиясы

 

                                               Т О К Т О М   К Ы Л А Т :

 

  1. К.Рнын шаарларынын   мэрлеринин   2020-жылга   СО2 (көмүр   кычкыл газдын) чыгышын 20%тен кем   эмес кыскартуу   жөнүндөгү   макулдашуусуна кошулууга   уруксат берилсин.
  2. Кербен   шаарынын   мэриясы:

Мекеме-ишканалардын, окуу   жайлардын, муниципалдык   курулуштардын   жетекчилери   менен   биргеликте   2020-жылга   СО2 (көмүр кычкыл газдын) чыгышын 20%тен   кем   эмес   кыскартуу   жана   энергиянын   чыгуу   булактарын   жандандырууну   киргизүү   боюнча иш чараларды   иштеп чыксын.

  1. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө комиссиянын төрагасы

М.Баймырзаевга   жүктөлсүн.

 

 

Кербен   шаардык   Кеңешинин                                                                                     төрагасынын   орун   басары:                       К.Урустемов

Админ
Автору Админ January 4, 2016 14:55