Токтом № 15/3 4-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 4, 2016 15:16

8-сентябрь   2015-жыл                        № 15/3                          Кербен   шаары

 

           Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                          кезексиз он бешинчи сессиясы

                                                        Т О К Т О М

 

       Кербен шаарынын 2015-жылдагы бюджетине                                      

                                   өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

 

Кербен шаарынын мэриясынын 2015-жылдын 8-сентябрындагы                             № 3-34/441 сандуу кайрылуусун карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын   кезексиз он бешинчи сессиясы

                                           ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

  1. 2015-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүмүнөн кошумча каржылоо каралсын:

– Ак-Дөбө жана Дөң-Кыштак айылдарындагы бала-бакчалардын ремонтуна       

         – 1830273 (бир миллион сегиз жүз отуз миң эки жүз жетимиш үч) сом

– Барпы каналына – 500000 (беш жүз миң) сом

– АРИС программасы боюнча алып келе турган автомашинага өздүк салым үчүн – 130000 (бир жүз отуз миң) сом

Бардыгы – 2460273 (эки миллион төрт жүз алтымыш миң эки жүз жетимиш үч) сом.

  1. Кербен шаарынын мэриясына кошумча каражат табуу жагы милдеттендирилсин.
  2. Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.              
  4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин финансы, бюджет жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Зыябековго жүктөлсүн.

 

 

 

Кербен   шаардык   Кенешинин                                  төрагасынын орун басары :                                К.Урустемов

Админ
Автору Админ January 4, 2016 15:16