Токтом № 15/4 4-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 4, 2016 15:21

8-сентябрь   2015-жыл                    № 15/4                               Кербен   шаары

 

           Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                          кезексиз он бешинчи сессиясы

                                                        Т О К Т О М

2015-2017-жылдарга «Кербен шаарынын   жергиликтүү аймагын  өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планы жөнүндө»

 

Кербен шаарынын аймагынын жашоочулары, коомдук уюмдары,шаардык   Кеңештин депутаттары, мэриянын адистери жана өкмөттүк эмес уюмдар тарабынан иштелип чыккан «Жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планын» талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин кезексиз он бешинчи сессиясы

                                            ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.Кербен шаарынын 2015-2017-жылдарга «Жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн   стратегиясы жана инвестициялык планы» жактырылсын.

2.Кербен шаарынын мэриясы 2015-2017-жылдарга «Жергиликтүү аймакты өнүктүрүүнүн стратегиясы жана инвестициялык планына» ылайык иш чараларды иштеп чыксын.

   3.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад  областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

   4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.              

   5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык Кеңештин турукту комиссияларынын төрагаларына (Н.Айтмырзаев, М.Баймырзаев, Ж.Шакиев, Ы.Ташбаев,Н.Зыябеков) жүктөлсүн.

 

 

 

 

Кербен   шаардык   Кенешинин                                     төрагасынын орун басары :                                К.Урустемов

 

 

 

Админ
Автору Админ January 4, 2016 15:21