Токтом № 15/5 6-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 6, 2016 12:49

               8-сентябрь   2015-жыл           № 15/5                          Кербен  шаары

 

           Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                          кезексиз он бешинчи сессиясы

                                                        Т О К Т О М

   «Кербен аймактык Таза-Суу» СООППВга жеңил           автомашина бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө

Кербен шаарынын   мэриясынын 2015-жылдын 2 -сентябрындагы       № 3-34/432-1 «АУДИ-А6 маркасындагы, мамлекеттик номери 10-41 ВВ, 1999-жылы чыккан, кыймылдаткычы АLGО 18349, WAUZZZ4BZXN012349 номерлүү   автомашинаны муниципалдык менчикке алууга макулдук берүү жөнүндө» кайрылуусуна байланыштуу,  «КР муниципалдык менчик жөнүндө» Мыйзамынын   6-беренесине негиз маселени карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кенешинин   VI чакырылышынын   кезексиз он бешинчи сессиясы

                                           ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 1.   Кербен шаарынын   мэриясына, КР мамлекеттик архитектура жана курулуш комитетинин суу менен камсыздоо департаменти тарабынан муниципалдык менчикке бөлүнүп жаткан маркасы АУДИ-А6, мамлекеттик номери 10-41 ВВ,1999-жылы чыккан, кыймылдаткычы АLGО 18349, WAUZZZ4BZXN012349 номерлүү   автомашинасын баланска алууга макулдук берилсин.                 2.Кербен шаарынын   мэриясына, жогорудагы   кызматтык автомашинаны «Кербен аймактык Таза- Суу» СООППВга пайдалануу   үчүн келишимдин негизинде өткөрүп   берүү жагы тапшырылсын.    3.  Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.    4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын. 5.Токтомду көзөмөлдөө жагы агрардык жана муниципалдык мүлк боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Н.Айтмырзаевге жүктөлсүн.

Кербен   шаардык   Кенешинин                                                           төрагасынын орун басары :                                К.Урустемов

Админ
Автору Админ January 6, 2016 12:49