Токтом № 16/1 6-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 6, 2016 13:16

17-ноябрь   2015-жыл                        № 16/1                            Кербен   шаары

           Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                          кезектеги он алтынчы сессиясы

                                                        Т О К Т О М

                        К.Бостоновдун Кербен шаардык Кеңешинин  төрагасы   кызматын улантуусу жөнүндө

Кербен шаардык Кеңешинин төрагасы К.Бостонов КР ЖК депутаттыгына «Өнүгүү-Прогресс» саясий партиясынын тизмеси менен талапкер болуп катталгандыктан, депутаттыкка талапкер болуп каттоодон өткөн учурдан тартып төрагалык кызматтык ыйгарым укуктарын убактылуу токтоткон.                                                  2015-жылдын 15-октябрында КР БШКнын «2015-жылдын                       4-октябрындагы КР ЖК депутаттарын шайлоонун натыйжасы жөнүндө» № 173 токтому менен шайлоонун жыйынтыгы аныкталып чыгарылып жана ошол мезгилден бери К.Бостонов кызматын улантып жаткандыгына байланыштуу, «КР Президентин жана КР ЖК депутаттарын шайлоо жөнүндө» КР конституциялык мыйзамынын       21-беренесинин 5-пунктуна жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» КР мыйзамынын 31-беренесине негиз маселени карап жана талкуулап чыгып Кербен   шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын   кезектеги он алтынчы сессиясы

                                   ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.К.Бостонов 2015-жылдын 15-октябрынан баштап Кербен шаардык Кеңешинин   төрагасы кызматын улантуусу белгиленсин.

2.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад  областтык  юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.

3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.              

4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы төраганын орун басары К.Урустемовго жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык Кеңешинин                                                                              төрагасынын орун басары:                                      К.Урустемов

 

Админ
Автору Админ January 6, 2016 13:16