Токтом №16/2 6-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 6, 2016 13:26

               17-ноябрь   2015-жыл              №16/2                        Кербен   шаары

              Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын     

                                  кезектеги  он алтынчы сессиясы

                                                        Т О К Т О М

2006-жылдын 12-июлундагы «КР мамлекеттик жана муниципалдык жалпы билим берүүчү мектептерде окуучулардын тамак-ашын (шашке тамак) уюштуруу жөнүндө № 372 жарлыгын аткарууда Кербен шаарынын Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү жана Мамай мектептериндеги абал жөнүндө

Кербен шаарынын аймагындагы мектептерде Кыргыз Республикасынын президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 372 жарлыгындагы билим берүүчү мектептеринде тамактандырууну уюштуруу жөнүндөгү токтомун аткаруу боюнча Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү жана Мамай негизги мектептериндеги абал көрүлүп чыкты. Ж.Бөкөнбаев жалпы бюилим берүүчү мектебинде БУУнун азык түлүк программасынын алкагында ысык тамак    2015-жылдын апрель айынан баштап бериле баштады. Бул күнгө чейин бул мектепте чай, компот, булучка, коржик ж.б. берип келген.Мектептеги ашкананы иретке келтирүү үчүн бир канча жумуштар аткарылган:Септик курулуп, ашкананын ичине суу киргизилген, андан сырткары сантехникалык жабдуулар коюлуп,электр чубалгылары,окуучуларга отуруп тамак ичүүчү столдор менен камсыздалынган. Бул жумуштарды аткарууда Кербен шаардык мэриясы тарабынан 465 миң сом, ата-энелерден 19390 сом бөлүнүп берилген. Ашпозчулар мед.кароодон өтүшкөн. Ашпозчуларга буйрук чыгарылган,халаттары бар. Меню 1 айга гана түзүлгөн. Тамак аштын менюсу тиешелүү медициналык мекемелер менен макулдашылбаган.Азык түлүк сатып алуу боюнча тендер өткөрүлгөн.Бирок алып келинген азык-түлүктөрдүн сертификаты жок.Ден-соолук журналы түзүлгөн эмес.Товарларды каттоо журналы бар, бирок толтурулбаган. Директордун   буйругу менен түзүлгөн комиссиянын мүчөлөрү тамак-аштын сапатын текшерип турат. Проба тамактар муздаткычка салынып коюлган, убактысы белгиленген эмес. 1-4-класстагы 470 окуучуга менюга ылайык 3 күн ыссык тамак, 2 күн чай берилет. Ден-соолук бурчу бар. Бюллетень   чыкпаган. Ичүүчү суунун тазалыгы жөнүндө санэпидстанция   ишканасы тарабынан текшерилип уруксат кагазы берилгендиктен Мамай негизги билим берүүчү мектеби Мамай айылында жайгашкан. Бул мектепте чай,булочка, пряник, коржик берилет.     18 окуучу чай ичишет.Иш чара түзүлгөн эмес.Меню түзүлүп директор аркылуу бекитилген.Калькулация түзүлгөн. Келишим түзүлгөн эмес. Бракатераждоо журналы жана   ден-соолук журналы жок.Проба азык түлүктөрдөн алынып муздаткычка салынып коюлган. Ден-соолук бурчу жок. Бир ашпозчу иштейт, мед.кароодон өткөн, эки халаты бар.Ашкана ыңгайлаштырылып түзүлгөн, санитардык абалы орто, 1 кол жуугуч, 1 муздаткыч бар. Идиштер ар бир окуучуга жетиштүү, маркировкаланган.  Азык-түлүктөрдүн сапаты жакшы. Бирок алынган азык-түлүктөрдүн сертификаты   жок.Тараза жок. Ичүүчү сууну Кербен шаарынан ташып келишет Жогорудагы маселени   карап жана талкуулап чыгып,Кербен шаардык Кеңешти VI-чакырылышынын кезектеги он алтынчы сессиясы

                                     Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарынын № 36 Ж.Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү жана Мамай негизги мектептеринин 1-4 класстарында тамак-ашты уюштуруу абалы кемчиликтерин белгилөө менен канааттандырарлык деп эсептелсин.                                                                2.Кербен шаарынын бардык билим берүү мекемелеринин жетекчилерине:                                                                                                                        – 1-4-класстын окуучуларына берилүүчү тамак-аштын менюсун тиешелүү медициналык мекемелер менен макулдашылгандан кийин гана бекитүү жана жумасына 2 жолу чайды мөмө-жемиштерден жасалган компоттор менен алмаштыруу  милдеттендирилсин.             – сертификат, товардык документтери менен коштолгон товарларды гана алуу   жагы тапшырылсын.                                                                            3.Бардык мектептердин чарба башчылары, ден-соолук журналдарын, брак товарларды эсепке алуу журналдарын убагында толтуруп туруу жагы жүктөлсүн.                                                                        4.Кербен шаарынын мэриясы,бардык мектептерде К.Р. Президентинин 2006-жылдын 12-июлундагы № 372 жарлыгын аткаруу боюнча иш чараларын жандандырышсын.                                5.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.    6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.     7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө,шаардык Кеңештин социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы И.Ташбаевга жүктөлсүн.

 

        Кербен шаардык

        Кеңешинин төрагасы:                                              К.Бостонов

 

Админ
Автору Админ January 6, 2016 13:26