Токтом №18/4 11-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 11, 2016 08:46

   24-декабрь 2015 – жыл                     № 18/4                            Кербен   шаары

   Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                  кезектеги он сегизинчи   сессиясы

                                                      Т О К Т О М

Кербен шаарынын № 18 «Арча бешик» балдар бакчасына   «Баатыр эне» Кайриниса Узенованын ысмын берүү жөнүндө

Кербен шаарынын № 18 «Арча бешик» балдар бакчасына   «Баатыр эне»Кайриниса Узенованын ысмын берүү   жөнүндө элдик жыйындын токтомдорун жана Кербен шаардык Кенешинин мыйзамдуулук, регламент жана этика маселелери боюнча туруктуу   комиссиясынын 2015-жылдын 22-декабрындагы № 16 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык кенешинин                    VI чакырылышынын кезектеги он сегизинчи  сессиясы

                                              Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын № 18 «Арча бешик» балдар бакчасына   «Баатыр эне»Кайриниса Узенованын ысмы берилсин жана ал «Кайриниса Узенова атындагы  № 18 «Арча бешик» балдар бакчасы» деп аталсын.
  2. Ат коюу салтанатын уюштуруу жана   Кербен   шаарынын мэриясы менен макулдашылган   формадагы, өлчөмдөгү   көрнөктөрдү жасап илдирүү жагы аты   коюлуп   жаткан   инсандын   үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.
  3. Кербен шаарынын мэриясы, токтомду аткарууга алсын жана өзүнүн иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
  4. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону жүргүзүү тартиби жөнүндө жобонун» 25-пунктуна негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр боюнча   даректүү каттоого алуу жагы Аксы райондук жерге жайгаштыруу жана мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын.                       5.  Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.                                                                                                           6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө  кирет.                                                  7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук боюнча  туруктуу   комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге тапшырылсын.

Кербен   шаардык                                                                                                              Кенешинин төрагасы :                                                           К.Бостонов

 

Админ
Автору Админ January 11, 2016 08:46