Токтом № 18/5 11-январь 2016-жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ January 11, 2016 09:00

24-декабрь   2015-жыл                      № 18/5                               Кербен   шаары

           Кербен   шаардык   Кенешинин   VI чакырылышынын  

                          кезектеги он сегизинчи сессиясы

                                                        Т О К Т О М

Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын тургуну, эмгектин ардагери Эркинбек Сатаевге «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө

 Кербен шаардык Кеңешинин мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиясынын 2015-жылдын   22-декабрындагы «Кербен шаарынын Ак-Дөбө айылынын тургуну,эмгектин  ардагери Эркинбек Сатаевге «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамын берүү жөнүндө» № 15 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VI-чакырылышынын кезектеги он сегизинчи сессиясы

                                             ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.Сатаев Эркинбек Сейитовичге, Кербен шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана жаштарды тарбиялоодо кошкон жигердүү салымы үчүн  «Кербен шаарынын ардактуу атуулу» наамы берилсин.                                                                                                                                 2.«Кербен шаарынын ардактуу атуулу» жазылган лентаны даярдоо шаардык Кеңештин аппаратына тапшырылсын.                                              3.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн. 4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.               5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы Ж.Шакиевге жүктөлсүн.

 

Кербен шаардык

Кеңешинин төрагасы:                             К.Бостонов

 

 

Админ
Автору Админ January 11, 2016 09:00