Аксы районунда тынчтык митинги өттү

Админ
Автору Админ February 11, 2016 12:29

Кечээ  2016-жылдын  10-февраль  күнү  Аксы  районунун  Кара-Жыгач  айылында  тынчтык  митинги  болуп  өттү.  Ал  митингде  автотранспортту  жана  үйлөрдү  камсыздандыруу, электроэнергияга  болгон  тарифтерди  карап  чыгуу, жердин  социалдык  төлөмдөрүн  азайтуу  жана  чегара   боюнча  маселелер  козголду. Бул  митингке  КР  социалдык  фондунун, КР  Премьер-министринин  Жалал-Абад  областы  боюнча  ыйгарым  укуктуу  өкүлүнүн  өкүлдөрү  жана  райондук  мамлекеттик  администрациясынын  башчысы  катышып  тиешелүү  суроолорго  жооп  беришти. Бул  митингке  эки  жүздөн  ашык  жарандар  катышты.

Админ
Автору Админ February 11, 2016 12:29