КР социалдык фондусунун төрагасы эл менен жолугушту

Админ
Автору Админ February 15, 2016 07:40

2016-жылдын  13-февраль  күнү  Кыргыз  Республикасынын  социалдык  фондусунун  төрагасы  М.Абылгазиев  Аксы  районунун  активи  менен  жолугушуу  өткөрдү. Жолугушууда  пенсия  төлөмдөрү  боюнча  кызуу  талкуу  болду. Талкуу  мезгилинде  эл  тарабынан  социалдык  камсыздандыруу  төлөмдөрүнүн  өтө  жогору  коюлуп  калгандыгы  жана  аны  эсептөөдө  колдонулуучу  орточо  айлык  туура  эмес  эсептелгендиги  жөнүндө  көптөгөн  суроолор  эл  тарабынан  айтылды. Ошондой  эле  эң  көйгөйлүү  маселе  катары  социалдык  төлөмдөр  жердин  өлчөмүнө  эмес  жеке  адамдарга  карата  чыгарылгандыгы  Аксы  районунун  тургундары, ардагер  Т.Итибаев, М.Рысбекова, К.Урустемовдор  тарабынан  так  жана  даана  белгиленди.

 

Админ
Автору Админ February 15, 2016 07:40