Токтом №20/1 13 – июнь 2016 – жылы расмий түрдө жарыяланды.

Админ
Автору Админ April 5, 2016 13:00

                                                   16-март 2016 – жыл     № 20/1                 Кербен   шаары

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VI чакырылышынын   кезектеги жыйырманчы сессиясы

                                                                                    Т О К Т О М

                                  2015-жылга Кербен шаарынын бюджетинин
                                                                      аткарылышы жөнүндө

      2015-жылга Кербен шаарынын бюджетинин кирешелерин көбөйтүү боюнча Кербен шаарынын мэриясы бир топ иштерди аткарган.Жалпысынан 2015-жылга такталган план  37033,5 миң болсо, 38334,3 миң сомго аткарылган же 1300,8 миң сом пландагыдан ашыкча жыйналган. Ашыкча топтолгон кирешеге карабастан жеке агенттердин   киреше салыгы 287,7 миң сомго аткарылбай калган.Ошол себептерден шаарыбыздын көптөгөн социалдык маселелери чечилбей келе жатат. Ал эми атайын каражат 4730,0 миң сом пландалган, түшкөнү 4723,4 миң сом.2014-жылга салыштырмалуу   киреше кескин кыскарып кеткен, же патент салыгы 56,2 миң сом, транспорт салыгы 222,7 миң сомго, там арка 502,0 миң сомго, мамлекеттик кайра бөлүштүрүү (Госфонд) жеринен 194,8 миң сомго аз жыйнашкан. Же болбосо ушул жыйымдардан 2015-жылы 2014-жылга салыштырмалуу 975,7 миң сом кем жыйналган. Мамлекеттик кайра бөлүштүрүү фондунун жерлерди берүүдө аукцион (тооруктар) ыкмасы колдонулбагандыгынын натыйжасында бул тармакта жана патент, транспорт,тамарка жана айыл чарба багытында эмес жерлердин салыктары боюнча көптөгөн резервдер бар экени айкын болууда. 2015-жылы бала-бакчаларга бюджеттин эсебинен 3969,6 миң сом которулуп, орточо бир балага 25 сомдон айланган, же нормадагыдан ашыкча чыгымдалып,жергиликтүү бюджет бир топ жоготууга учураган.Билим берүү мекеме-ишканаларынын (мектеп,бала-бакча) коммуналдык чыгымдарды (көмүр, отун, электроэнергия) үнөмдүү пайдалануу боюнча пландары жок, бул маселеге өтө кайдыгерлик менен мамиле жасашат. Жогорудагы   чыгымдарга кетүүчү каражатты сарптоону үнөмдөө боюнча стимул жок. Кербен шаарынын мэриясы тарабынан муниципалдык обьектилерге берилген суунун көлөмү эске алынбастан сууга бөлүнгөн   акчаны толук которуп жиберүү фактылары орун алган.
       Жогорудагы   маселени   карап жана талкуулап чыгып Кербен шаардык Кеңешинин VI-чакырылышынын
        кезектеги жыйырманчы сессиясы

                                                                             ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 1.Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2015-жылга Кербен шаарынын бюджетинин аткарылышы
Киреше бөлүгү боюнча – 33610,9 миң сом суммасында (№1 тиркеме);
Чыгаша бөлүгү боюнча – 35379,1 миң сом суммасында (№2 тиркеме);
– 2015-жылдын 1-январына калган бюджеттик калдыктын чыгымы-3548,7 миң сом суммасында аткарылганы белгиленсин
– Резервдик фонддун чыгымы – 312 миң сом ( № 3 тиркеме)

  1. Атайын каражат:
    Киреше бөлүгү боюнча – 4723,4 миң сом суммасында (№ 4 тиркеме)
    Чыгаша бөлүгү боюнча – 4345,9 миң сом суммасында (№ 5 тиркеме)
    – 2015-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган калдык боюнча – 1177,7 миң сом суммасында аткарылганы   белгиленсин.
  2. Кербен шаарынын мэриясы 2015-жылга бюджеттин кирешесин көбөйтүү, көмүскөдөгү салык төлөөчүлөрдү ачыкка чыгаруу боюнча начар иш жүргүзгөндүгү   эскертилсин.
  3. Билим берүү мекемелери (мектеп, бала-бакча) коммуналдык чыгымдарды үнөмдөө боюнча мэрия менен биргеликте иш чара иштеп чыксын жана ыксыз чыгымдарды азайтып аны оптималдаштырууну уюштурсун.
  4. Кербен шаарынын мэриясына:
    – 2015-жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча чараларды көрсүн жана 2016-жылдын алты айынын жыйынтыгы менен кетирилген кемчилдиктерди жоюу боюнча отчёт берсин.
    6.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
    7.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө   кирет.
    8.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы финансы, бюджет боюнча   туруктуу комиссиянын   төрагасы   Н.Зыябековго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык
Кенешинин  төрагасы :                                      К.Бостонов

Scan2

Scan2Scan2

Админ
Автору Админ April 5, 2016 13:00