Токтом №20/2 13-июнь 2016-жылы расмий турдо жарыяланды

Админ
Автору Админ April 20, 2016 15:06

16-март  2016 – жыл                                        №20/2                                           Кербен   шаары

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин    VI  чакырылышынын  
                                                    кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                                                            Т О К Т О М 

                          2016-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  түзүлүшү  жана  
                                           2017-2018-жылдарга  болжолу  жөнүндө

            «Кыргыз  Республикасынын  бюджеттик  укуктарынын  негизги  принциптери  жөнүндө»
         К.Р. 1998-ж. 2-июнундагы  мыйзамынын  талаптарын  аткаруу  максатында  Кербен  шаарынын  
         мэриясынын  ФЭБ  башчысынын  милдетин  аткаруучу  Ыманбай  уулу  Бакыттын  билдирүүсүн 
         жана  шаардык  Кеңештин  финансы,бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  2016-жылдын  
        19- январындагы  №31, 10-мартындагы  № 38 токтомдорун   карап  жана  талкуулап  чыгып, 
        «Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» КР  мыйзамынын 31-беренесине  негиз, Кербен      
        шаардык  Кенешинин  VI  чакырылышынын   кезектеги  жыйырманчы  сессиясы
                                                                ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. 2016-жылга Кербен шаарынын  бюджети:
    – кирешелер    боюнча – 34683,5 миң  сом;
    – чыгашалар  боюнча – 34683,5 миң  сом;
    – атайын  каражат – 5400,0 миң  сом  суммасында  бекитилсин.
  2. 2017-2018-жылдарга Кербен шаарынын  бюджетинин  негизги  параметрлеринин  болжолу  жактырылсын:
    Кирешелер  боюнча:
    –  2017-жылга  40144,5 миң  сом  суммасында;
    –  2018-жылга  43761,0 миң  сом  суммасында;
    Чыгаша  боюнча :
    – 2017-жылга  40144,5 миң  сом  суммасында;
    – 2018-жылга  43761,0 миң  сом  суммасында;
    2017-2018-жылдарга  жактырылган  Кербен  шаарынын  бюджетинин  болжолуу  параметрлери  алар  кабыл  алынуучу  ар  бир  конкреттүү  мезгилде  тактоого  жатат.
  3. 2016-жылга Кербен шаарынын  бюджетинин  киреше  бөлүгү  № 1, атайын  каражат, № 3 жана 2017-2018-жылдарга  болжолу       № 4, № 5 тиркемелерге  ылайык  жергиликтүү  салыктардын  булактары  жана  мамлекеттик  чегерүүлөр  боюнча  түшүүлөрдүн   эсебинен  түзүлөрү  белгиленсин.
  4. 2016-жылга Кербен шаарынын  бюджетинин  чыгашаларын  каржылоого  каражат  № 2 тиркемеге  ылайык  белгиленсин.
  5. Кербен шаарынын мэриясынын  аппаратына  каралган  чыгымдардын  эсебинен  кайрылуулар  жана  арыздар  канааттандырылсын  (№ 6 тиркеме).
  6. 2016-жылдын 1-январына бюджеттен  калган  калдык
    – 1780,6 сом  суммасында, атайын  каражаттан  калган   калдык – 1555,2  суммасында  эсептелсин.
  7. Кербен шаарынын 2016-жылдын  1-январына  калган  калдыктын  эсебинен  төмөндөгүлөр  каржылоого  алынсын:
    – К.Узенова  атындагы  «Арча-Бешик»  жана  Т.Давлетов  атындагы  бала-бакчалардын  ремонт  иштерине – 1730,6 миң  сом;
    – Кербен  шаарынын  бюджети  боюнча  жүгүртүлүүчү  накталай  акча-50,0 миң  сом;  
    – Атайын  каражаттын  калдыгы – 1555,2 миң  сом, а.и балдар  бакчалардын  тамак-аш  чыгымдарына- 1534,5 мин сом, башкаруу болумунун 2215 статьясына -20,7 мин сом     жумшалсын.
  8. Өзгөчө кырдаалдардын алдын  алуу, кесепетин  жоюу  жана  эпидемиология  боюнча  иш-чараларга – 200,0 миң  сом  Кербен  шаарынын  бюджетинин  башкаруу  аппараты  бөлүмүнүн 2215  «Башка кызматтарды  сатып  алуу»  беренеси  аркылуу  каржылансын.
  9. Чыгашаларды каржылоо биринчи  кезекте  коргоого  алынган  беренелер  боюнча  (эмгек  акы, соцфонд, тамак-аш)  жүргүзүлсүн.
  10. Кыргыз Республикасынын бюджеттик  укуктардын  негизги  принциптери  жөнүндө»                     1998-жылдын  2-июнундагы  КР  мыйзамына  ылайык,  жалпы  Кербен  шаарынын  бюджетинин  чыгашаларынын  1 (бир)  пайызына  чейинки  өлчөмүндө-342,0 миң  сом  суммасында  резервдик  фонду  түзүлсүн, анын  ичинен 70% – 239,0 миң  сому  мэрия  тарабынан,30% – 103,0 миң  сом  шаардык  Кеңештин  чечими  менен  аткарууга  алынсын  жана  Кербен  шаарынын  социалдык-маданий – экономикалык  жактан  өнүктүрүү  боюнча  приориттүү  долбоорлорун  багыттуу  каржылоого   алуу  каралсын.
  11. Резервдик фонддун эсебинен  адистик  майрам  күндөрү, жеке  уюмдардын  юбилейлерин  каржылоо  чектелсин.
  12. Чыгашалардын корголгон беренелери, бюджеттик  мекемелердин  штаттык  санындагы  бош  орундарга  жана  ченемдик-укуктук  актылардын  кабыл  алынышына  байланыштуу  азайтууга  жол  берилет.
  13. Кербен «Таза-Суу» СООППВ  жетекчисине, таза  суу  төлөмдөрүн  тартипке  салуу  максатында, таза  суу  үчүн  бөлүнгөн  каражаттын  эсебинен  2016-жылдын  1-июлуна  чейин  бардык  билим  берүү, бала  бакча  мекемелерине  суу  эсептегичтерди  (20 даана)  орнотуп, эксплуатацияга  берсин.
  14. Кербен шаарынын бюджетинин  киреше  бөлүгүн  аткарбагандыгы  жана  чыгашалардын  беренелерин  каржылоо  жана  максаттуу  пайдалануу  үчүн  Кербен  шаарынын  мэриясы  жоопкерчилик  тартат.
  15. Кербен шаарынын мэри  жана  ФЭБ  башчысына, смета  боюнча  шаардык  Кеңешке  бөлүнгөн  каражатты  башкаруу, тескөө  Кеңештин  төрагасы  тарабынан  аткарылары  жана  ички  бухгалтериялык  документтер  толугу  менен  төраганын  колу  аркылуу  бекитилери  эскертилсин.
  16. Кербен шаарынын мэриясы:
    – Жеке  салык  төлөөчү  агенттердин  киреше  салыгы  (подоход) – 12300,0 миң  сом жана  сатуудан  алынуучу  салык – 7500,0 миң  сом  гана  түшүүсү  анык  экендигин  эске  алып КР  финансы  министрлиги  менен  мамлекеттик  салыктардан  (подоход, сатуудан  салык)  чегерүүлөрдүн  планы  боюнча  эсептешүү  тактоо  иштерин  жүргүзсүн;
    – «КР  бюджеттик  укуктардын  негизги  принциптери  жөнүндө»  мыйзамынын  47-беренесине  ылайык, шаардык  Кеңештин  макулдугу  жок  бекитилген  бюджетти  өзгөртүүгө  укуксуз  экендиги  эскертилсин.
    – Бюджеттик  каражаттарды  максаттуу  пайдаланууну  камсыз  кылсын  жана  бюджеттик  уюмдардын  чыгымдарын  оптималдаштыруу  боюнча  чараларды  көрсүн;
    – 2015-жылдын  бюджетин  аткарууда  кетирилген  кемчилдиктерди  жоюу  боюнча иш  чараларды   иштеп  чыксын  жана  алты  айдын  жыйынтыгы  менен  отчёт  берсин;
    – Бардык  ички  финансылык  ресурстарды  бюджеттин  кирешесине   моблизациялоо  жана  кошумча  каражаттарды  табуу  боюнча  иш  чараларды  иштеп  чыксын  жана  жүргүзүшсүн;
    – Финансылык  тартипти  чыңдоо  боюнча  КР  бюджеттик  мыйзамдарын  аткарууну   камсыз   кылсын.
  17. Бала-бакчалардын  жетекчилерине,нормадан  ашыкча  алынган  тарбиялануучулар  боюнча  бюджеттен  каржылоо  жүргүзүлбөстүгү  эскертилсин  жана  коммуналдык  чыгымдарды  оптималдаштыруу  боюнча  иштерди  жүргүзсүн.
  18. Кербен шаардын мэриясына, КР  казына  системасын  четтеп  өтүү  аркылуу  атайын  каражаттарды  пайдаланууга  тыюу  салынсын.
  19. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  20. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  21. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Н.Зыябековго   жүктөлсүн.

                                                     Кербен   шаардык  
                                                     Кенешинин   төрагасы :                                                К.Бостонов 

 

Админ
Автору Админ April 20, 2016 15:06