Токтом №20/5 13-июнь 2016-жылы расмий турдо жарыяланды

Админ
Автору Админ April 19, 2016 08:03

     
    
                                                                          Т О К Т О М 

                                     2015-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар 
             бирикмесинин  аткарган  иштери  жана  2016-жылга  иш  пландары   жөнүндө

    Кыргыз  Республикасынын   «жайыттар  жөнүндө»  мыйзамынын  4-беренесине   негиз,  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  маалыматын  жана  шаардык  Кеңештин  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу комиссиясынын  26.02.2016-жылдагы  № 8  токтомун  карап  жана  талкуулап чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин   VI  чакырылышынын  кезектеги жыйырманчы  сессиясы

Т О К Т О М       К Ы Л А Т :
1. 2015-жылга Кербен шаарынын жайыт  бирикмесинин  аткарган  иштери  канааттандырарлык  деп  эсептелсин.
2. Төмөнкүлөр  бекитилсин:
– 2016-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин иш  планы, штат  бирдиги    ( № 1,2  тиркеме);
– Жайыттарды  пайдалангандыгы  үчүн  төлөнүүчү  акыларынын  өлчөмү (№ 3 тиркеме);
3. Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү, көчүп келүү  графиги төмөнкүдөй  белгиленсин:
Көчүп   кетүү:
 –  Жылкы  –  15-апрелге  чейин ;
 –  Кара  мал, майда  жандыктар – 1-майга  чейин;
Көчүп   келүү:   1-октябрдан  эрте  эмес.
4.Жайыт пайдалануучулар  бирикмесине :
– Жайыттарды  жакшыртуу  жана  ыраттуу  пайдаланууну  жүзөгө  ашыруу  тапшырылсын.
– Малдардын  жайытка чыгуу жана  көчүп  келүү  боюнча графигинин сакталышын көзөмөлдөсүн.
5.Айдоолорду жана эгин  эгилген  талааларды  майкандоо  жана  жайыт  бирикмесинин  жайлоого  көчүү,  көчүп  келүү  боюнча  белгиленген  режимин  бузуунун  алдын  алуу  жана  аларга  «КР  администрациялык  жоопкерчилик  жөнүндө»  Кодексинин  талабына  ылайык  администрациялык  айып  салуу  боюнча  чараларды  көрүү  жагы  Кербен  шаарынын  айыл  башчыларына  жана  жайыт  бирикмесине  тапшырылсын.
6.Кош-Дөбө  жана  Кашка-Суу  айыл  аймактарындагы  токой  чарбалар  башкарып  жаткан  мамлекеттик  токой  зонасындагы  Кербен  шаарына  тиешелүү  жайыттарды  ажыратып  алуу  боюнча  төмөнкү  курамда  комиссия  түзүлсүн:
– К.Бостонов  – Кербен  шаардык  Кеңешинин  төрагасы;
– А.Апсаматов – Кербен  шаарынын  мэри;
– К.Суеркулов – Кербен  шаарынын  жайыт  бирикмесинин  төрагасы;
– Ж.Шадыбеков – Кербен  шаарынын  депутаты;
– Т.Кыдыров – Кербен  шаарынын  депутаты;
– А.Айтмырзаев – Кербен  шаарынын  депутаты;
– М.Момунов – Кербен  шаарынын  депутаты
7.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
8.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.            
9.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясына  жүктөлсүн.

                             Кербен   шаардык
                             Кенешинин   төрагасы :                                          К.Бостоно
в

Кербен  шаары, 2016-жылдын  16-марты, №20/5

Тиркеме  № 1
Кербен  шаардык  Кенешинин
2016-жылдын  16-мартындагы
№ 20/5 токтому  менен  бекитилди

                          2016-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар
                  бирикмесинин  
жайыттарды  пайдалануу  боюнча  жылдык  планы

Кирешелер Сом  
1 Уй  3478 х 50 173900
2 Жылкы  840 х 50 42000
3 Кой-эчки  4235 х 10 42350
Бардыгы 258250
Чыгашалар Штат  бирдиги сом  
1 Төраганын эмгек акысы 9 айга 1 7000 63000
2 Эсепчинин эмгек акысы 9 айга 1 5000 18000
4 Соцфонд  17,25% 18630
5 Администрациялык чыгым
Кагаздар  үчүн 6000
телефонго
Иш  сапарга 4000
Жер  салыгы 22644
Ар  түрдүү  чыгымдарга      12976
Бардыгы:         45620
6 Автоунаа   чыгымдары
Бензин       15000
Бардыгы: 15000
7 Жайыттарды  калыбына келтирүүгө 71000
Жалпы :     258250

                            Кербен  шаардык  Кенешинин                                                            
                            жооптуу  катчысы  :                                                                   Д.Алиев

 

№ 3  тиркеме

Кербен   шаардык   Кенешинин
2016-жылдын   16-мартындагы
№ 20/5 токтому  менен  бекитилди

                            1.Кербен   шаарынын   жайыттарын  пайдалангандыгы
                                         үчүн  төлөнүүчү  жайыт  акынын   өлчөмү

Малдын аталышы Бир  баш  малга  жайыт  акы (сом) Эскертүү
1 Уйларга 50 Жаз, жай, күз  айлары  үчүн
2 Жылкыларга 50
3 Кой-эчкилерге 10
4 Эшектерге 50
  1.  Башка райондор, айылдык аймактар  үчүн  жана                       
    жайлоого  кетпеген, айылда  калган  малдар  үчүн
Малдын аталышы Бир  баш  малга  жайыт  акы     (сом) Эскертүү
1 Уйларга 200
2 Жылкыларга 200
3 Кой-эчкилерге 50
4 Эшектерге 200

                          Кербен   шаардык   Кенешинин
                          жооптуу   катчысы :                                                                 Д.Алиев

Админ
Автору Админ April 19, 2016 08:03