Токтом №20/3 13- июнь 2016- жылы расмий турдо жарыяланды

Админ
Автору Админ April 22, 2016 08:23

16-март  2016 – жыл                           №20/3                                           Кербен   шаары

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин 
                     VI  чакырылышынын   кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                                           Т О К Т О М

             2015-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан
                      
өнүктүрүү  боюнча иш-чарасынын  аткарылышы  жөнүндө

2015-жылы  Кербен  шаарында  элдин  социалдык-экономикалык, маданий  абалын  жакшыртуу  боюнча  бир  топ  иштер  аткарылган. Айыл  чарбасы  боюнча  Ак-Дөбө, Күлүк-Дөбө, Курулуш, Жетиген  айылдарына  20дан  ашык  кайналы  кургатуучу  цехтер  курулуп, 60дан  ашык  адам  жумуш  менен  камсыз  болгон. Ал  эми  паркка, скверлерге, стадионго, мектептерге, балдар  бакчаларына  200түп  карагай,100түп  ак  кайыңдын  көчөттөрү  бөлүнүп,жалпысынан  Кербен  шаары  боюнча  5000ден  ашык  көчөттөр  отургузулду.
2015-жылы  Кербен  шаарына    145 млн. 165миң 800сомдук  тышкы  инвестиция  тартылган.Ооган  согушунун,Баткен  жана  Чернобль  окуяларынын  катышуучуларына, Улуу-Ата  мекендик  согуштун  жана  тылда  эмгектенгендердин  ж.б. даталуу  күндөргө  карата
446 миң 322 сомдук  иш  чаралар   аткарылган. 366 миң 900 сом  акча  каражаты  спорт  тармагын  колдоого  бөлүнүп  берилген. Жогорудагы  белгиленген  иштерге  карабастан, 2015-жылы  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  өнүгүү  планына  103  иш  чара  пландаштырылып  анын  ичинен  23 иш  чара  аткарылбай,план 81%га  гана  ишке  ашкан  же  болбосо  иш-чара  үстүрттөн  гана  түзүлүп  калганы  байкалат, мындан  сырткары  төмөнкүдөй  кемчиликтер  да  аныкталды. Иш  пландагы  кээ  бир  иш  чаралар  аткарылды  деп  белги  коюлган, бирок  канча  каражаттык  жумуш  аткарылганы   тууралуу  маалымат  жок. М:№20 Мамай  айылынын  ичүүчү  суу  менен  камсыз  кылуу  план боюнча  30 миң  сом  бирок  аткарылган  белги  бар,  канча  каражат  жумшалгандыгы  жөнүндө  маалымат  жок.  №21 «Мамай»  айылынын  жолун  калыбына  келтирүү» планда  50 миң  сом, аткарылган  белги  бар, кандай  иштер  аткарылгандыгы  белгисиз. МДС  көчөсүнө  мини-спорт  аянтчасын  курууга  30.000 сом  акча  каражаты  жумшалган. Бирок  айыл  башчынын  маалыматы  боюнча   22.000  сом  акча  сарпталгандыгы   белгилүү  болду.Башкача  айтканда  иш-чаранын  аткарылышы  боюнча  кемчилдиктер  бар  экендиги  айкын  болууда.
Жогорудагы  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен   шаардык  Кенешинин VI  чакырылышынын
кезектеги  жыйырманчы  сессиясы

                                                              Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2015-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан  өнүктүрүү  программасынын  аткарылышы  боюнча  Кербен  шаарынын  мэри  А.Апсаматовдун    отчёту  кемчилдиктерин  белгилөө  менен  кабыл  алынсын  (тиркелет).
 2.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
4.Бул токтомдун аткарылышын   көзөмөлдөө «Социалдык, маданий, билим  берүү  жана  саламаттыкты  сактоо»  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  төрагасы  И.Ташбаевге  жүктөлсүн.

 

                  Кербен   шаардык                              
                  К
енешинин   төрагасы :                                                 К.Бостонов   

 

Админ
Автору Админ April 22, 2016 08:23