Токтом № 24/1 29-август 2016-жылы расмий турдо жарыяланды

Админ
Автору Админ August 23, 2016 07:44

16-август 2016-жыл                                                                     № 24/1                                                          Кербен шаары
                                                              Кербен шаардык Кенешинин VI чакырылышынын                                                                                                  
                                                                           кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

                                                                                                    Т О К Т О М

Кербен шаарынын мэриясынын Кербен шаарынын муниципалдык жерлерин натыйжалуу башкаруу жана сарамжалдуу                                 пайдалануу боюнча жүргүзүп жаткан   иштери жөнүндө Кербен шаарынын Чангылов көчөсүндө 20 тейлөөө ишканалары                                 жайгашкан. Анын ичинен 3 аптека, 17 соода сатык түйүнү бар. Ошондой эле 2 аптеканын жана 2 (эки) соода түйүнүнүн жерге
болгон укуктары жеке менчик укугунда турат. Калган күркө, камокторго (аренда) ижара келишими менен уруксат берилген.                      
Бирок бир да берилген жер аукцион аркылуу аткарылбаган же болбосо КР Окмөтүнүн “Муниципалдык жерлерди ижарага берүү                   жөнүндө” № 571 токтомунун талаптары одоно түрдө бузулган. Соода точкалары үчүн келишим наркы 1 айга 50 сомдон түзүлгөн.                  
Бул келишим аукцион аркылуу болгон эмес. Азыркы учурда ушул соода точкаларынан 1 жылда 8-9миң сом ижара акысы
төлөнөт. Чангылов көчөсүн тазалап күркөлөрдү алдыруу үчүн шаардык Кеңештин токтому чыккан, бирок бул токтом аткарылган
эмес. Мэрия келишими бүткөн жарандардын келишимин мындан ары КР мыйзамдарынын талаптарына ылайык аукцион                                 аркылуу гана берүүсү шарт. Кербен шаарынын Уметалиев Ныязалы көчөлөрүнүн кесилишиндеги скверден А.Абдыкадыровго
жана З.Узеновдорго көрктөндүрүү үчүн берилген жерлерге имараттар курулуп кеткен. Келишимдин шарттарын бузуп, З.Узенов
чарба буюмдарын сатуучу күркө, бал муздак, мөмө-жемиш, кондитер азыктарын жана кийим-кечек сатуучу жайга айландырган.    
Тратуарда басууга жол жок. Бул боюнча мэрияда эч кандай маалымат жок жана кемчилдиктерди жоюу боюнча чаралар көрүлгөң                  
эмес же эч иш жүргүзүлбөгөн. Борбордук стадион менен мал базардын ортосундагы бош жерге авто токтоочу жай уюштуруу
 жөнүндө Кербен шаардык Кеңешинин № 6/2 токтому 19-нояброь 2013-жылы чыккан.Бирок ал жер 2006-жылдан
2013-жылгачейин турак жай куруу үчүн огород эсебинде бөлүнүп берилгендиги ачыкка чыгууда.
Кербен шаарынын тургундары үчүн берилген жаңы мазарда эч кандай уруксаты жок үй куруп Жетиген айылынын тургуну
жашап жатат. Борбордук кинотеатрдын жанынан паркка кирген жол, унаа токтоочу жайга айланып калган.
Ленин көчөсүндө акыркы жалдарда курулган имараттар кызыл сызыкка чыгып кеткен бул боюнча мэрия эч кандай иш чара
көрбөгөн.
Жогорудагы маселе боюнча Кербен шаардык Кеңешинин аргардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын
2016- жылдын 10-августундагы № 12 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын
кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

                                                                                                          ТОКТОМ      КЫЛАТ :

1.Муниципалдык жерлерди башкаруу жана натыйжалуу пайдалануу боюнча Кербен шаарынын мэриясы начар иш жүргүзүп жаткандыгы белгиленсин.
2.Чангылов көчөсүндөгү соода түйүндөрүнүн ижара мөөнөтү аяктагандан кийин, анын мөөнөтү кайра узартылбасын жана аукцион аркылуу берүү жагы шаардык Кеңештин макулдугу менен жүргүзүлсүн.
3.Кербен шаарынын мэриясы, скверден көрктөндүрүү үчүн берилген жерлерди кайтарып алуу боюнча чараларды көрсүн жана жыйынтыгын шаардык Кеңешке билдирсин.
4.Кербен шаарынын мэриясына, райондук архитектура башкармалыгы менен биргеликте Кербен шаарынын көчөлөрүндөгү курулуштарды архитектуралык-курулуш нормаларынын талаптарына ылайык келтирүү тапшырылсын.
5.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.
7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Кербен шаардык Кеңешинин жер  жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Айтмырзаевге жүктөлсүн.

                                                       Кербен шаардык
                                                       Кенешинин төрагасы :                                                            К.Бостонов

Админ
Автору Админ August 23, 2016 07:44