Токтом № 24/8 29-август 2016-жылы расмий турдо жарыяланды

Админ
Автору Админ August 29, 2016 10:06

16-август 2016-жыл                                                                                     № 24/8                                                          Кербеншаары


                                     КербеншаардыкКенешинин   VI чакырылышынын   кезектеги жыйырма төртүнчүсессиясы
                                                                                                                        ТОКТОМ

 КР Эсептөө палатасынын “Кербен   шаарынын 01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү   жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн”   жыйынтыгы жөнүндө

 

КР Эсептөө палатасынын “Кербен   шаарынын   01.01.2014-жылдан 31.12.2015-жылга чейинки бюджетинин түзүлүшү   жана аткарылышы боюнча текшерүүсүнүн” жыйынтык отчетутууралуу Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча бөлүнүшүнүн жетекчиси А.Тажиевдин 28.06.2016-жылдагы   № 01-12/475 сандуу билдирүүсүн караган Кербен шаардык Кенешинин бюджет, финансы маселелери   боюнча туруктуу комиссиясынын 2016-жылдын 3-августундагы № 48 токтомун талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин VI чакырылышынын   кезектеги жыйырма төртүнчү сессиясы

 

                                                        ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 1.2014-жылдын 1-январынан 2015-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында Кербен шаарынын бюджетинин түзүлүшү жана натыйжалуу аткарылышы боюнча Кербен шаарынын   мэриясы тарабынан бюджеттик мыйзам бузууларга жол берилгени белгиленсин.

2.Кербен шаарынын мэри:
– мэриянын мыйзам бузууга жол берген тиешелүү кызматкерлерине чара көрүп жыйынтыгын шаардык Кеңешке билдирсин
– КР эсептөө палатасынын аудитинин отчеттунда көрсөтүлгөн сунуштары боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана бюджеттик мыйзамдарга ылайык   иш алып барсын.
– Кербен шаардык Кеңештин кийинки жылдардагы бюджеттин түзүлүшү жана аткарылышы боюнча токтомдорунун чегинде иш алып барууну   жетекчиликке алынсын.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад     областтык   юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялансын.              
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык Кеңештин финансы, бюджет жана арыз даттануулар боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Зыябековго жүктөлсүн.


                                               Кербен шаардык 
Кеңешинин төрагасы:                                                              К.Бостонов

Админ
Автору Админ August 29, 2016 10:06