Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 10-январындагы № 1/1 токтому

Админ
Автору Админ January 13, 2017 14:10

Депутаттык  фракцияларды  каттоо  жөнүндө

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  саясий  партиялардын тизмеси  аркылуу  шайланып, депутаттык
топторго  бириккен  депутаттык   фракцияларды каттоо   максатында,
«КР  Жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө» Мыйзамынын  21-беренесинин  5-пунктуна  негиз,
Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын  биринчи  сессиясы

                                                          Т О К Т О М    К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаардык  Кеӊешинде  «СДПК», «Республика-Ата-Журт», «Мекеним  Кыргызстан», «Кыргызстан»,
«Өнүгүү», «Бир  Бол»  депутаттык  фракциялары  катталсын.
2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
3.Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
4.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  шаардык  Кеӊештин  депутаты,
сессияны  алып  баруучу   М.Рысбековага   жүктөлсүн.

 

Кербен   шаардык  Кеӊешинин  
сессиясын  алып  баруучу:                                        М.Рысбекова

Админ
Автору Админ January 13, 2017 14:10