Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 25-январындагы № 2/3 токтому

Админ
Автору Админ January 27, 2017 11:55

Аксы  районунун  Кербен  шаардык  Кеӊешинин
         VII чакырылышынын  кезектеги  экинчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М

«2016-жылга  Кербен  шаарындагы  иштердин  жалпы  абалы  жана
социалдык-экономикалык  өнүктүрүү, калкты  социалдык  жактан
коргоо  иш-чараларынын аткарылышы туралуу» Кербен  шаарынын
                        мэри  А.Апсаматовдун  отчёту  жөнүндө

“2016-жылда  Кербен  шаарындагы   иштердин  жалпы  абалы  жана
социалдык-экономикалык  өнүктүрүү,калкты  социалдык  жактан  коргоо
программасынын  аткарылышы  жөнүндө” Кербен  шаарынын  мэринин 
отчётун  угуп, Кыргыз   Республикасынын  “Жергиликтүү өз  алдынча
башкаруу  жөнүндө”Мыйзамынын 44-беренесинин 1-пунктунун  8-пункчасына 
ылайык, күн  тартибиндеги  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып,
Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги
                                  экинчи  сессиясы 

                                     ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.“2016-жылда  Кербен  шаарындагы   иштердин  жалпы  абалы  жана  социалдык-экономикалык 
өнүктүрүү, калкты   социалдык   жактан   коргоо  программасынын  аткарылышы  жөнүндө”
Кербен  шаарынын  мэри  А.Апсаматовдун  отчёту  эске  алынсын.
2. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык    юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
3. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
4. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  төраганын  орун  басары 
Ж.Шакиевге   жүктөлсүн.

 


                 Кербен   шаардык  
                 Кеӊешинин   төрагасы:                  Н.Шадыбеков                                                 

 

Админ
Автору Админ January 27, 2017 11:55