Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы №3/1 токтому

Админ
Автору Админ April 24, 2017 09:08

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин 
VII чакырылышынын  кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                                    Т О К Т О М

2016-жылга   Кербен   шаарынын   бюджетинин  аткарылышы    жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэриясы  2016-жылы Кербен  шаарынын бюджетинин  кирешелерин  көбөйтүү  боюнча  бир топ  иш  аракеттерди  жасаган.
Жалпысынан  2016- жылга  такталган  план  34251.1 мин болсо, 36916.9 мин сом го аткарылган же 2665.8 мин сомго  пландагыдан  ашыкча  жыйналган.
Ал эми  атайын  каражат  5800.0 мин сомго  пландалып, түшкөнү  5714.0 мин сомду  түзүп  98.5% аткарылып,86 мин  сомго  аз  жыйналган.
Жеке адамдардын  танууланган кирешесинен салык (ыктыярдуу  патент) 3350.0 мин  сомдук такталган  план  жеткирилсе 3171.7 мин  сомго  же 94.7 % ,
Сатуудан  жана  акылуу  кызмат  көрсөтүү  үчүн  юридикалык  жактар  төлөөчү  салык  7335.0 мин  сомдун  ордуна  6669.9  мин  сом  же  90.9 % ,
юстиция  органдары  тарабынан  алынуучу   салыктык  салым  34.6 %  аткарылган.
Ал эми 2016-жылга карата  Кербен  шаарынын бюджетинин  чыгаша  бөлүгүнүн  аткарылышында  да  бир  топ  кемчилдиктерге  жол  берилген :
ФХ «Ак- Жол 2000» мекмеси  менен  570 тн  көмүр  менен камсыз  кылуу  Келишими  түзүлүп,15-сентябрь 2016-жылы  кол  коюлган.
Алынып  келинген  көмүр  билим  берүү  уюмдарына  таркатылган  көмүрдүн  көлөмү  боюнча  мэрия менен мектептер  ортосунда   айырмалар  бар. 
К.Омуралиев  мектебине 25 тн  бөлүнгөн, мектептин  алганы  23236 кг,Таштөбө  орто мектебине  125 тн  бөлүнгөн  120  тн  алган. 
Мектеп  директорлору  жана  завхоздор  келген  көмүрлөрдү  таразага  тартып  алышкан  эмес  жана  сапатсыз  майда  көмүрлөр  келип  түшкөн.
Мэрия  тендердин  Келишимин  мектеп  директорлоруна  берген  эмес жана  тендер  өткөргөн Ж. Жаназаров, З. Мырзамамытов  жана 
А. Райымбековдор  келген  көмүрдүн   сапатын  жана  санын  да  көрүп  койгон  эмес. Мэриянын имаратын  жылытуу  үчүн  140 мин  сомго  42.4  тн 
келип  түшкөн  көмүр  да  күмөндүү. Өткөн  2015-жылдан  артып  калган  көмүрлөрдүн   кийинки  жылга  өткөн  актылары  жок. Андан  сырткары 249.4 мин  сом 
электро энергия  учун  дагы акча   каражаты  которулган.«Арча – Бешик » бала  бакчасын  оӊдоо-түзөө  боюнча  өткөрүлгөн  тендер  боюнча  аткарылган  иштер кымбатка  бааланган. Бир  эле  айнектин  баасы  базар  баадан  1500  сомго  кымбатка  түшкөн.  Ал эми  Барпы  каналын оӊдоо  боюнча  өткөрүлгөн  тендердин  сметасы, бюджети  жана  схема-пландары  тиркелбеген. Тендер  менен  аткарылган  иштердин   сапаты  начар. М: Качыкеев  атындагы Таш-Дөбө  орто  мектептин  спорт  залынын  полдору  кыймылдап, бир  жыл  болбой  сына  баштаган. Кичи  футбол  аянтчасынын  полдору  көтөрүлүп  жатат. Ушундай  кемчилдиктерди  билип  туруп  мэр аткарылган  иштердин  актысына  кол  коюп  ала берген. 
Мындан  кийинки  өткөрүлгөн  тендердик  комиссиянын  курамына   кесипкөй  адистерди, депутаттарды  кошуу  зарыл. Ушундай  кемчилдиктерди  жоюу  максатында Кербен  шаарынын  мэрясына  курулушчу  эксперт  керек  экендиги  белгиленүүдө.Кербен  «Таза- Суу»   ишканасына   2016-жылдын  1-июнуна  чейин  билим  беүү  мекемелерине
20 даана  суу  эсептегичтерин  орнотуу жагы  милдеттендирилген. Бирок  ушул  күнгө  чейин   жумуштун  көлөмүн  аткарбаган.
Бала  бакчалардын жетекчилерине, нормадан  ашыкча  алынган  тарбиялануучулар  боюнча  бюджеттен  каржылоо  жагы  жүргүзүлбөстүгү эскертилгендигине  карабастан  балдардын  саны  өсүп  кеткендиктен мыйзамдуу  чараларды  кабыл  алуу  зарыл.Жаны- Жыл балатысын кооздоого  бюджеттен  60.0  мин  сом  каралган  болсо, факт- 120.0 мин  сом  сарпталган. Андан  сырткары 2000 сом  акча  каражаты  резервдик  фонддон   мыйзамсыз  бөлүнгөн.Ушундай  эле  корунуш сапар  чыгымында  да  орун  алган. Сапар  чыгымына  болгон  сарптоолор  ыксыз  көбөйгөн. Бирок  сапарга  баргандардан  мэрия эч  кандай  пайда  көргөн  эмес. Резервдик  фонддон  каржылоодо  бир топ  мыйзам  бузуучулукка  жол  берилген.
16- март 2016-жылдагы  сессиянын №20/3 токтомдорун башкы адис  С.Кенжебаев  жетекчиликке  алган  эмес. Кирешенин   каражат  булактарын  толтурууда  ФПС, айыл  чарба  багытындагы  эмес жерлердин жана  базардан  алынуучу  жыйымдар боюнча  ички  резервдер  толук  бюджетке  тартылбай  келүүдө.
Аткарылган иштер  менен катар  анын  кемчилдиктерин  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII-чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

                                                                                                                         ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Төмөнкүлөр   белгиленсин :
    – 2016-жылга  Кербен  шаарынын бюджетинин  аткарылышы кемчилдиктерди  эске  алуу  менен
    Киреше  болугу боюнча – 36916.9 мин сом суммасында ( № 1 тиркеме);
    Чыгаша   болугу боюнча – 35978.7  мин сом суммасында ( № 2 тиркеме);
    -Резервдик  фонддун чыгымы – 342,0 мин сом ( № 3 тиркеме);
    – 2016-жылдын 1-январына  калган  бюджеттик  калдыктын  чыгымы-1780.6 мин сом суммасында  аткарылгандыгы  белгиленсин.
  2. Атайын  каражат :
    Киреше  бөлүгү боюнча – 5714.0 мин сом суммасында ( №  3 тиркеме);
    Чыгаша   бөлүгү  боюнча – 5934.0 мин сом суммасында ( № 4 тиркеме);
    – 2016-жылдын  1-январына  калган  калдык  боюнча-1555.2 миӊ сом суммасында  аткарылгандыгы  белгиленсин
  3. Кербен  шаарынын  мэриясы:
    – Бюджеттин  киреше  булактарын  көбөйтүү  максатында  кичи  футбол, ФПС, айыл  чарба  багытындагы  эмес  жерлердин, базардын  келишимдерин  тактап  чыксын;
    – Тендердик  комиссиянын  курамына  кесипкөй  адистер  жана  депутаттар  тартылсын;
    – 2016-жылда  Кербен  шаарынын  бюджетинин  аткарылышы  боюнча  кетирилген  кемчилдиктери  үчүн  тиешелүү  адистердин  (М.Кенжебаев, А.Раимбеков  ж.б.) жоопкерчилигин  карасын  жана  жыйынтыгы  келерки  сессияда  угулсун.
  4. Бюжеттик чыгымдарды оптималдаштыруу, нормадан ашыкча алынган тарбиялануучуларга   бюджеттен  каржылоо  жүргүзбөө  жөнүндө   талаптар  аткарылбагандыгы 
    үчүн  бардык  бала бакча  башчыларына   эскертүү  берилсин.
  5. Балдарды  бала-бакчага  жайгаштырууну  оптималдаштыруу  максатында  жана  бала  бакчага  кабыл  алынган  балдардын  саны нормадагыдан  өсүп  жаткандыктан 
    2017-жылдын  февраль  айынан  баштап  балдарды  кезекке  коюу  жана  бала  бакчаларга  жайгаштыруу «Мектепке   чейинки  билим  берүү  жөнүндө» КР  Мыйзамынын  8-беренесине  негиз, Кербен  шаарынын  мэринин   жана бала  бакча  башчыларынын  макулдашуусу   менен  жүргүзүлсүн.
  6. Кербен шаарынын  мэриясына :
    –  2016-жылдын бюджетин аткарууда  кетирилген  кемчилдиктерди  жоюу боюнча талкууларды  өткөрүп чараларды  көрсүн  жана 2017-жылдын  жарым  жылдыгында 
    анын  жыйынтыгы   боюнча  отчету  угулсун.
  7. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  8. Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»   веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  9. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                            Кербен   шаардык  Кеӊешинин   төрагасы:                     Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 27.02.2017-ж. №3/1

 

Сканировать3 Сканировать30001 Сканировать30002 Сканировать30003 Сканировать30004 Сканировать30005 Сканировать30006 Сканировать30007 Сканировать30008 Сканировать30009

 

Админ
Автору Админ April 24, 2017 09:08