Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 3/2 токтому

Админ
Автору Админ June 19, 2017 09:03

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII чакырылышынын  
кезектеги үчүнчү сессиясы

                                                             Т О К Т О М         

                 2017-жылга Кербен шаарынын бюджети жөнүндө

 «КР   Бюджеттик Кодексинин» 102-беренесине негиз, Кербен шаарынын мэриясынын
ФЭБ башчысы Ыманбай уулу Бакыттын жана Кербен шаардык Кенешинин бюджет, финансы,
пландоо боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Р.Момуновдун  маалыматтарын карап жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын кезектеги   үчүнчү сессиясы

                                                        Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

  1. 2017- жылга Кербен шаарынын бюджети
    – киреше боюнча – 32124,5мин сом ;
    – чыгаша боюнча – 32124,5 мин сом ;
    – атайын каражат – 5400 мин сом суммасында бекитилсин.
  2. 2018-2019-жылдарга Кербен шаарынын бюджетинин негизги параметрлеринин болжолу  жактырылсын:
    Кирешелер боюнча: 2018- жылга – 35030,5 мин сом суммасында
                                           2019-жылга – 35030,5 миӊ сом
    Чыгашасы 2018- жылга – 35030,5 мин сом суммада
    2019-жылга – 35030,5 миӊ сом
    2018-2019-жылга жактырылган Кербен шаарынын бюджетинин болжолдуу параметрлери алар
    кабыл алынуучу ар бир конкреттүү мезгилде тактоого жатат.
  3. 2017- жылга Кербен шаарынын бюджетинин киреше бөлүгү № 1, атайын каражат № 3 жана 2018- 2019- жылдарга болжолу
    № 4,№ 5 тиркемелерге ылайык жергиликтүү салыктардын  булактары,мамлекеттик чегерүүлөр жана башка жыйымдар боюнча
    түшүүлөрдүн эсебинентүзүүлөрү белгиленсин.
  4. 2017- жылга Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларын каржылоого каражат  № 2 тиркемелерге ылайык бекитилсин.
  5. 5. 2017- жылдын 1-январына бюджеттен   калган калдык 2718.8 миӊ сом   суммасында эсептелип: 
    анын ичинен, Уметалиев жана Ленин көчөлөрүнө коюлган лотоктордун жана куюлган арыктардын
    жээктерин асфальттоого –2500,0 миӊ сом жана арыз кайрылууларга – 147,0 миӊ сом (№6 тиркеме),  
    2016-жылдан калган соода туйунундогу карызды жоюууга -71,8 мин сом акча каражаты бөлүнсүн.
  6. 2017-жылдын 1-январына атайын каражаттан калган 1335.2 мин сом суммадагы калдыктын эсебинен  
    бала бакчалардын муктаждыктарын чечүү үчүн – 1214,4 миӊ сом, даталуу   күндөрдү өткөрүү   үчүн – 120,8 миӊ сом   жумшалсын.
  7. Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу ,кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш чараларга – 200.0 мин сом бөлүнсүн жана
    Кербен шаарынын башкаруу аппараты бөлүмүнүн 2215 «башка кызматтарды сатып алуу» беренесинен каржылансын.
  8. Чыгашаларды каржылоо биринчи кезекте коргоого алынган беренелер боюнча ( эмгек акы , соц.фонд, тамак аш, медикамент) жүргүзүлсүн.
  9. 2017-жылдын 1-январына карата шаардын бюджети боюнча жүгүртүлүүчү накталай акча- 50,0 миӊ сом суммасында бекитилсин.
  10. «КР Бюджеттик Кодексинин» 24-беренесине ылайык,жалпы Кербен шаарынын бюджетинин чыгашаларынын 1 (бир) пайызына чейинки өлчөмдө   319.0   мин сом эсебинде резервдик фонд  түзүлсүн, анын ичинен 70 пайызы – 224,0 миӊ сом – мэр тарабынан , 30 пайызы – 95,0 миӊ сом шаардык Кенештин чечими менен аткарууга алынсын жана резервдик   фонд Кербен шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруусунун учурдагы бюджеттик жылда кечиктирилгис каржылоону талап кылган, күтүлбөгөн чыгашаларды, ошондой эле социалдык маданий жана экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча приоритеттүү долбоорлорун багыттуу каржылоо белгиленсин.
  11. Резервдик фонддун эсебинен адистик майрам күндөрдү, жеке уюмдардын юблейлерин  каржылоого тыюу   салынсын.
  12. Кербен шаарынын мэри жана ФЭБ башчысына, смета боюнча шаардык Кенешке бөлүнгөн каражатты башкаруу, тескөө Кенештин төрагасы тарабынан аткарылары жана ички бухгалтериялык документтер төраганын колу менен бекитилери эскертилсин.
  13. «Кербен таза-суу» СООППВ жетекчисине, сууга болгон чыгымдарды оптималдаштыруу максатында, социалдык мекемелерге пилоттук негизде суу эсептегичтерди орнотууну
    2017-жылдын 1-апрелине чейин аткарсын.
  14. Кербен шаарынын мэриясы :
    – Кербен шаарынын Ж.Бөкөнбаев жана Н.Мамбетов атындагы жалпы билим берүү мектептеринин жылытуу системасын кезектеги оӊдоодон өткөрүү боюнча кошумча каражат издеп тапсын жана өзүнүн сунушун шаардык Кеӊештин кароосуна киргизсин;
    – «КР Бюджеттик Кодексинин» 115- беренесине ылайык, шаардык Кенештин макулдугусуз бюджетти өзгөртүүгө укуксуз  экендиги эскертилсин;
    – Жеке салык төлөөчү агенттердин киреше салыгы (подоход) – 13000,0 миң сом, жана сатуудан алынуучу салык – 5500,0 миң сом гана түшүүсү анык экендигин эске алып КР финансы министрлиги менен мамлекеттик салыктардан (подоход, сатуудан салык) чегерүүлөрдүн планы боюнча эсептешүү – тактоо иштерин жүргүзсүн;
    -бюджеттик каражаттарды максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын жана бюджеттик чыгымдарын оптималдаштыруу боюнча чаралар көрүлсүн;
    -бардык ички финансылык ресурстарды бюджеттин кирешесине мобилизациялоо жана кошумча каражаттарды табуу боюнча иш чараларды иштеп чыксын жана аны аткарууну туруктуу комиссия төрагалары  менен бирдикте   жүргүзүшсүн;
    – бюджеттин киреше булактарын кенейтүү максатында, «Мини футбол» аянтчасын, ФПС,
    айыл чарба багытындагы эмес жерлердин , базардын келишимдерин тактап чыксын,жер аянттарды аукцион аркылуу гана берүү жагы   милдеттендирилсин;
    -Финансылык тартипти чындоо боюнча КР бюджеттик мыйзамдарын аткарууну камсыз кылсын;
    – Кербен шаарынын   мэриясына 2017- жылдын 1-мартынан баштап, калкты тейлөөдө ыӊгайлуу шарттарды түзүү максатында бирдиктүү терезени камсыз кылуу жагы милдеттендирилсин;
    – 2017- жылдын бюджетин аткарууда кетирилген кемчилдиктерди жоюуу боюнча   алты  айдын жыйынтыгы менен Кербен шаарынын мэри
    Н.Эсеналиевдин отчету сессияда угулсун.
  15. Кербен шаарынын мэриясына «КР Бюджеттик Кодексинин» талаптарын   аткарууну камсыз кылсын.
    16.Кербен шаарынын мэри, Ж.Бөкөнбаев атындагы орто мектебине Аксы РЭСи тарабынан  салынган 150,0 миӊ сомдук айып пул боюнча  
    сот органдарына кайрылып, күнөөлүүлөр  аныкталсын жана жыйынтыгы шаардык Кеӊешке билдирилсин.
  16. Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык  юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
    Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө   кирет.
  17. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык Кеӊешинин төрагасынын орун басары Ж.Шакиевге жүктөлсүн.

 

                                Кербен   шаардык 
                                 Кенешинин   төрагасы :                       Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 27.02.2017-ж. №3/2

 

Админ
Автору Админ June 19, 2017 09:03