Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы №3/4 токтому

Админ
Автору Админ June 19, 2017 08:56

Аксы районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын
кезектеги үчүнчү сессиясы

                                        Т О К Т О М

2017-жылга Кербен шаарынын социалдык – экономикалык
жактан   өнүктүрүү   иш чарасынын   түзүлүшү жөнүндө  

2016-жылга Кербен шаарынын социалдык – экономикалык  жактан өнүктүрүү   иш чарасынын түзүлүшү боюнча Кербен шаардык
Кенешинин социалдык жана финансы,бюджет маселелер боюнча туруктуу комиссиялары биргелешкен отурумунун
2017-жылдын 21-февралындагы №2 токтомун жана Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып,
КР «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамынын  31-беренесине негиз, Кербен   шаардык   Кенешинин   VII чакырылышынын  
кезектеги   үчүнчү   сессиясы

                                                                         Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

  1. 2017-жылга Кербен шаарынын социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүү боюнча   иш чарасы бекитилсин   (тиркелет).
  2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»веб – сайтында жарыялангандан кийин күчүнө   кирет.
  4. Бул токтомдун   аткарылышын   көзөмөлдөө социалдык маданий, билим берүү   жана   саламаттыкты   сактоо боюнча туруктуу  
    комиссиясынын төрайымы   Г.Койчубековага   жүктөлсүн.

 

                     Кербен   шаардык
                     Кеӊешинин   төрагасы:                      Н.Шадыбеков    

 

Кербен  шаары, 27.02.2017-ж. № 3/4

      

Админ
Автору Админ June 19, 2017 08:56