Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27 февралындагы № 3/7 токтому

Админ
Автору Админ April 24, 2017 08:53

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын   кезектеги үчүнчү сессиясы

                                   Т О К Т О М

 2016-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин
аткарган иштери жана 2017-жылга иш пландары   жөнүндө

 Кыргыз Республикасынын «жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 4-беренесине негиз,
Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин маалыматын жана шаардык
Кеңештин агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 22.02.2017-жылдагы
№ 1 токтомун карап жана талкуулап чыгып, Кербен шаардык Кеңешинин  
VII  чакырылышынын   кезектеги   үчүнчү сессиясы

                                      Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

1.2016-жылга Кербен шаарынын жайыт бирикмесинин аткарган иштери канааттандырарлык
деп эсептелсин.

2.Төмөнкүлөр бекитилсин:
– 2017-жылга Кербен шаарынын жайыт пайдалануучулар бирикмесинин иш планы, штат бирдиги ( № 1, 2 тиркеме);
– Жайыттарды пайдалангандыгы үчүн төлөнүүчү акыларынын өлчөмү (№ 3 тиркеме);
3.Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү, көчүп келүү графиги төмөнкүдөй белгиленсин:
Көчүп   кетүү:
– Жылкы – 15-апрелге чейин ;
– Кара мал, майда жандыктар – 15-майга чейин;
Көчүп   келүү:   15-октябрдан эрте эмес.
4.Кербен шаарынын мэриясына,Кербен ЖПБга иштөөгө шарт түзүү жана иш-жай менен камсыздоо жагын уюштурсун.
5.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине :
– Жайыттарды жакшыртуу жана ыраттуу пайдаланууну жүзөгө ашыруу тапшырылсын.
– Малдардын жайытка чыгуу жана көчүп келүү боюнча графигинин сакталышын көзөмөлдөсүн.
6.Айдоолорду жана эгин эгилген талааларды майкандоо жана жайыт бирикмесинин жайлоого
көчүү, көчүп келүү боюнча белгиленген режимин бузуунун алдын алуу  жана аларга
«КР администрациялык жоопкерчилик жөнүндө» Кодексинин талабына ылайык администрациялык айып салуу
боюнча чараларды көрүү жагы Кербен шаарынын айыл башчыларына жана жайыт бирикмесине тапшырылсын.
7.Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана  каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык
юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
8.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө   кирет.
9.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Ы.Сариевге жүктөлсүн.

 

                  Кербен   шаардык
                  Кенешинин   төрагасы :                    Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 27.02.2017-ж. №3/7

Админ
Автору Админ April 24, 2017 08:53