Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 3/3 токтому

Админ
Автору Админ June 19, 2017 09:00

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII  чакырылышынын  
кезектеги  үчүнчү  сессиясы
                                                 Т О К Т О М

 2016-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан 
өнүктүрүү  боюнча  иш-чарасынын  аткарылышы  жөнүндө

2016-жылы   Кербен   шаарында   элдин   социалдык-экономикалык, маданий   абалын  жакшыртуу  боюнча  бир  топ  иштер  аткарылган.
Жыл  башында  Кербен  шаарында  эки  бала  бакча  ишке   берилди. Шаардын   борбордук   бөлүгүндө  2500,0 миӊ  сомдук  арыктар  оӊдолуп  
латоктор  коюлду. Парктын  50 метр  жерин  тосуп, тратуарды  шагалдоо  үчүн  400 миӊ  сом  акча  каражаты  бөлүнүп  берилген.
Негизинен  бөлүнгөн  каражаттар  максаттуу  эле  пайдаланылган. Бирок   аткарылган   иштерге  карабастан  кемчилдиктер  да  бар.
Донорлордун  жоктугунун  натыйжасында  кабыл  алынган  иш-чаранын   30%  аткарууга  алынбаган  же  болбосо  пландалынбаган 
иштерге  да  каражаттар  бөлүнүп  кеткен  учурлар  орун  алган.                               
Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин  отчётун  жана  финансы,бюджет жана  социалдык  маселелер боюнча   туруктуу   комиссиялардын 
2017-жылдын  22-февралындагы  биргелешкен  отурумунун   № 1 токтомун  карап жана  талкуулап  чыгып, Кербен   шаардык  Кенешинин 
VII-чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

                                                                     Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 1.2016-жылга  Кербен  шаарынын  социалдык-экономикалык  жактан  өнүктүрүү  программасынын  аткарылышы  боюнча 
Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин  отчёту  канаттандыраарлык  деп  эсептелинсин. 
2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
3.Токтом  «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.             
4.Бул  токтомдун  аткарылышын   көзөмөлдөө  социалдык, маданий, билим  берүү  жана саламаттыкты  сактоо  боюнча  туруктуу 
комиссиясынын  төрайымы  Г.Койчубековага   жүктөлсүн.

 

                           Кербен   шаардык  
                          Кеӊешинин   төрагасы:                       Н.Шадыбеков 

 Кербен  шаары, 27.02.2017-ж.  № 3/3

 

 

 

Админ
Автору Админ June 19, 2017 09:00