Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы №3/6 токтому

Админ
Автору Админ March 17, 2017 09:24

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин 
VII  чакырылышынын   кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                           Т О К Т О М

 2017-жылга  Кербен  шаарынын  калкынын  үй  жандыктарын  идентификациялоо
боюнча    ветеринардык  тейлөө   сервисдери  көрсөткөн   кызматтардын
убактылуу   тарифтери   жөнүндө

Аксы   райондук   ветеринардык, фитосанитардык   коопсуздук   боюнча   башкармалыгынын 
08.02.2017-ж. № 05/20  жана  Кербен  шаарынын   мэриясынын  20.02.2017-ж.  № 3-34/89  кайрылууларында 
2017-жылы  Кербен  шаарында   ири   мүйүздүү   малдарды  идентификациялоо иштери   башталып   жаткандыгына 
байланыштуу   кызмат  акынын  тарифтерин  бекитип  берүүнү   билдиришкен. Башкача  айтканда,ири  мүйүздүү 
малдарды  идентификациялоо  үчүн  эки  бирканын  баасы -37,76 сом. Бир  кара  малга  эки  бирка   тагылат.
Кызмат  акы  үчүн – 40 сом  сунушталды.Жалпы  чыгаша, бир  мал  үчүн -80,0 сом  болору  кайрылууда  белгиленген.
Жогорудагы   кайрылууларды  жана  фиансы,бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиянын  21.02.2017-ж. № 5 токтомун 
карап  жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги   үчүнчү  сессиясы

                                                                        ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 1.2017-жылга   Кербен   шаарынын   калкынын   үй   жандыктарын   идентификациялоо   боюнча  ветеринардык  тейлөө  
сервисдери   көрсөткөн   кызмат  акы  үчүн  – бир  кара  малды   биркалоого   (идентификациялоо) -80,0 сом  өлчөмүндө   убактылуу  
тариф   белгиленсин.
2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
4.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  финансы,бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
төрагасы  Р.Момуновго  жүктөлсүн.

 

                       Кербен   шаардык  
                       Кенешинин   төрагасы :                 Н.Шадыбеков

 

 

 

Админ
Автору Админ March 17, 2017 09:24