Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 27-февралындагы № 3/9 токтому

Админ
Автору Админ March 17, 2017 09:54

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII  чакырылышынын   кезектеги  үчүнчү  сессиясы

                                                 Т О К Т О М

 Айыл  чарба  багытында  эмес  муниципалдык  жерлерди  сатуу 
жана  ижарага  берүү  боюнча  комиссия  түзүү  жөнүндө

Кербен  шаарынын  муниципалдык  жерлерин  сатуу  жана  ижарага  берүү  боюнча
иш-чараларын  тартипке  салуу  мыйзамдуу  аракеттерди   жүргүзүү  жана  башкаруу 
максатында,КР  Өкмөтүнүн “Муниципалдык  жерлерди  сатуу  жана  ижарага  берүүнүн 
тартиби  жөнүндө  Жобону  бекитүү” тууралуу  №571-токтомуна   жана  Кербен  шаарынын 
мэриясынын  2017-жылдын  20-февралындагы  № 3-34/89  кайрылуусуна  негиз,маселени 
карап  жана талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын 
кезектеги   үчүнчү  сессиясы

                                           Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

  1. Кербен  шаарындагы  муниципалдык  жерлерди  сатуу  жана  ижарага  берүү  боюнча 
    төмөнкү  курамда  комиссия  түзүлсүн:
    – К.Мырзамамытов – Кербен  шаарынын  вице-мэри;
    – С.Апсаматов          – Кербен  шаарынын  мэриясынын  жана  мүлк  боюнча жетектөөчү  адиси;
    – А.Чыныстанов     – Аксы райондук  мамлекеттик  каттоо  башкармалыгынын  адиси 
                                          (макулдашуу   менен);
    – У.Нарбаев            – Аксы  райондук  архитектура  жана  курулуш  башкармалыгынын  
                                         архитектору (макулдашуу  менен);
    – Ч.Мамытов          – Кербен шаардык Кеӊешинин  төрагасынын  орун басары;
    – Ы.Сарыев             – Кербен  шаардык  Кеӊешинин  депутаты;
    – Ж.Жуманазаров   – Кербен  шаардык  Кеӊешинин  депутаты;
    – Н.Айтмырзаев     –  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  депутаты;
    – М.Бактыяров        – Кербен  шаардык  Кеӊешинин  депутаты;
  2. Жер  боюнча   комиссияга,өзүнүн  биринчи  отурумунда  уюштуруу  маселесин  карап  төрага, катчысын  шайлоо   жагы  тапшырылсын.
  3. Жер  боюнча  комиссия  КР  Өкмөтүнүн  571-токтому  менен  белгиленген  укук-милдеттердин  негизинде  аракеттенери  белгиленсин.
  4.   Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
  6. Токтомдун   аткарылышын  көзөмөлдөө  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  төрагасынын  орун  басары   Ж.Шакиевге   жүктөлсүн.

 

                              Кербен   шаардык 
                              Кенешинин   төрагасы :                         Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,27.02.2017-ж. №3/9

 

 

Админ
Автору Админ March 17, 2017 09:54