Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 30-майындагы № 4/3 токтому

Админ
Автору Админ June 22, 2017 12:00

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин VII  чакырылышынын  
кезектеги   төртүнчү   сессиясы

                                                                 Т О К Т О М

 Кербен  шаарынын  Жардуу-Колот  конушунун  А.Байсеитов  жашаган
аты  жок  көчөсүн “Бишкек көчөсү” деп  атоо   жөнүндө

«КР географиялык  аталыштар  жөнүндө» Мыйзамынын  7-беренесине   ылайык,
Кербен шаардык Кеӊешинин  мыйзамдуулук  жана  этика  маселелери  боюнча туруктуу комиссиясынын
2017-жылдын 4-майындагыКербен шаарынын Жардуу-Колот конушунун А.Байсеитов
жашаган аты жок көчөсүнө ысым берүү жөнүндө” № 4 токтомун карап жана талкуулап чыгып,
Кербен шаардык   Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги   төртүнчү   сессиясы

ТОКТОМ   КЫЛАТ :

  1. “Кербен  шаарынын  Жардуу-Колот  конушунун А.Байсеитов   жашаган аты жок көчөсү “Бишкек көчөсү” – деп   аталсын.
  2. Кербен шаарынын мэриясы, көрнөктөрдүн формасын, өлчөмүн аныктап жана анын туура жайгашуусун жана жазылуусун көзөмөлгө алсын.
  3. Кербен шаарынын  мэриясынын турак жай жана коммуналдык чарба бөлүмү, белгиленген формадагы,өлчөмдөгү көрнөктөрдү жасап
    илдирүүнү  уюштурсун.
  4. Кербен   шаарынын   мэриясы, токтомду   аткарууга   алсын жана өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат базасын токтомго ылайык келтирсин.
  5. КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 22-октябрындагы № 610 токтому менен бекитилген «КР даректерди ыйгаруу жана даректүү каттоону
    жүргүзүү тартиби   жөнүндө”жобонун   25-пунктуна негиз, тиешелүү өзгөртүүлөр боюнча даректүү каттоого алуу жагы
     Аксы   райондук жерге жайгаштыруу жана   мүлктөргө укуктарды каттоо башкармалыгына сунушталсын .
    6. Бул токтом мамлекеттик реестрге   киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад   областтык   юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
  6. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында жарыялангандан кийин  күчүнө   кирет.
  7. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук боюнча   туруктуу   комиссиянын   төрайымы М.Камбаровага тапшырылсын.

 

                   Кербен   шаардык
                   Кенешинин төрагасы :                        Н.Шадыбеков 

Кербен  шаары 30.05.2017-ж. № 4/3

 

 

 

Админ
Автору Админ June 22, 2017 12:00