Кербен шаардык Кенеши 2017-жылдын 30-майындагы № 4/4 токтому

Админ
Автору Админ June 22, 2017 14:05

Аксы   районунун  Кербен   шаардык    Кенешинин           
VII   чакырылышынын   кезектеги   төртүнчү    сессиясы

Т О К Т О М

Кербен   шаарынын  Ак-Дөбө  айылындагы   кырмандын
жанынан   МТФга  кеткен   көчөгө   Зыябеков   Медетбектин
ысмын   берүү   жөнүндө

«КР   географиялык   аталыштар   жөнүндө» Мыйзамынын  7-беренесине   ылайык,
Кербен   шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
2017-жылдын  29-майындагы«Кербен   шаарынын  Ак-Дөбө   айылындагы  кырмандын  жанынан  МТФга  кеткен
көчөгө  Зыябеков   Медетбектин    ысмын   берүү   жөнүндө» № 5 токтомун  карап  жана   талкуулап   чыгып, 
Кербен  шаардык   Кеӊешинин   VII  чакырылышынын  кезектеги   төртүнчү   сессиясы

ТОКТОМ    КЫЛАТ :

  1. Кербен    шаарынын Ак-Дөбө  айылындагы  кырмандын  жанынан  МТФга  кеткен    аталышы   жок   көчө   “Зыябеков  Медетбек   атындагыкөчө”- деп   аталсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы,  көрнөктөрдүн   формасын,  өлчөмүн  аныктап жана  анын  туура  жайгашуусун  жана  жазылуусун  көзөмөлгө  алсын.

  1. Ат коюу салтанатын  уюштуруу  жана   Кербен   шаарынын  мэриясы  менен  макулдашылган   формадагы, өлчөмдөгү   көрнөктөрдү  жасап  илдирүү 
    жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын  үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.
  1. Кербен   шаарынын   мэриясы, токтомду   аткарууга   алсын  жана  өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат  базасын  токтомго  ылайык  келтирсин.
  2. КР   Өкмөтүнүн   2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610 токтому  менен  бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу  жана  даректүү  каттоону 
    жүргүзүү  тартиби   жөнүндө” жобонун   25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча   даректүү  каттоого  алуу   жагы   Аксы                       
    райондук  жерге  жайгаштыруу  жана   мүлктөргө  укуктарды    каттоо    башкармалыгына  сунушталсын.
    6. Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык   юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
    7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында  жарыялангандан  кийин   күчүнө   кирет.
    8. Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук  боюнча   туруктуу   комиссиянын    төрайымы   М.Камбаровага  тапшырылсын.

 

                         Кербен   шаардык 
                         Кенешинин  төрагасы :                 Н.Шадыбеков  

     

Кербен шаары, 30.05.2017-ж. № 4/4  

 

Админ
Автору Админ June 22, 2017 14:05