Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 19-июлундагы № 5/1 токтому

Админ
Автору Админ August 9, 2017 09:15

Аксы  районунун  Кербен  шаардык  Кенешинин
VII  чакырылышынын  кезексиз  бешинчи  сессиясы
                                       Т О К Т О М

Кербен шаарынын “вице-мэри” кызматынын
талапкерине  
макулдук   берүү   жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэриясында  оперативдүү  башкарууну  өркүндөтүү  жана  вице-мэр
кызматына  талапкерди  дайындоого  макулдук  берүү  максатында,“КР жергиликтүү
өз  алдынча  башкаруу  жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесинин 3-пунктунун
4-пунктчасына  ылайык  маселени  карап чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII чакырылышынын  кезексиз   бешинчи   сессиясы                

                                                            ТОКТОМ   КЫЛАТ :

 

1.Кербен  шаарынын  вице-мэри  кызматына  Улан  Кудайбердиевди  дайындоого  макулдук   берилсин.

2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык   юстиция  
башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

3.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  мыйзамдуулук  боюнча  туруктуу
комиссиясынын  төрайымы  М.Камбаровага  тапшырылсын.

 

Кербен  шаардык  Кенешинин
төрагасынын  милдетин  аткаруучу:                         Ж.Шакиев   

 

Кербен  шаары,19.07.2017-ж. № 5/1

 

                                 

 

Админ
Автору Админ August 9, 2017 09:15