Кербен шаардык кенешинин 2017-жылдын 30-майындагы № 4/1 токтому

Админ
Автору Админ August 9, 2017 09:00

Аксы  районунун  Кербен  шаардык  Кенешинин  
VII  чакырылышынын   кезектеги   төртүнчү   сессиясы

                                                                    Т О К Т О М

                   2017-2020-жылдарга   Кербен   шаарын    өнүктүрүүнүн  стратегиялык
                                                                   планы    жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин «2017-2020-жылдарга  Кербен  шаарынын 
өнүктүрүүнүн  стратегиялык  планы  жөнүндө»маалыматына  жана   шаардык  Кеӊештин
финансы, бюджет маселелери   боюнча   туруктуу   комиссиясынын  2017-жылдын
19-майындагы № 10 токтомуна   ылайык,«КР жергиликтүү  өз алдынча  башкаруу  жөнүндө» мыйзамынын  
31-беренесинин  экинчи  жана  44-беренесинин биринчи  пунктуна  негиз  
маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык Кеӊешинин VII чакырылышынын
кезектеги   төртүнчү   сессиясы

                                                                               ТОК ТОМ   КЫЛАТ :

1.2017-2020-жылдарга  Кербен  шаарын   өнүктүрүүнүн  стратегиялык  планы   бекитилсин.
2017-2020-жылдарга  жактырылган Кербен  шаарын  өнүктүрүүнүн  стратегиялык  планы  
алар  кабыл алынуучу  ар бир  конкреттүү  мезгилде  тактоого  жатат  (тиркелет).
2.Кербен   шаарынын   мэриясы, стратегиялык  планды  аткаруу  боюнча  тиешелүү  иш  чараларды   уюштурсун.
3.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана  каттоо  үчүн   Жалал-Абад  областтык  юстиция   
башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында    жарыялангандан   кийин    күчүнө   кирет.
5.Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө   жагы  финансы   жана  бюджет  маселелери   боюнча   туруктуу комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   тапшырылсын.

Кербен  шаары, 30.05.2017-ж.  № 4/1

 

 

Админ
Автору Админ August 9, 2017 09:00