Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/2 токтому

Админ
Автору Админ September 13, 2017 08:50

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                                 
VII  чакырылышынын   кезектеги   алтынчы  сессиясы
 
                                 Т О К Т ОМ

Кербен  шаарынын А.Бегимкулова  атындагы  Жетиген  жана  Н.Мамбетов  
атындагы  орто  мектептердин  көмөкчү  чарбалары  боюнча  жүргүзүп  жаткан 
иштери  жана  2017-2018-окуу  жылына  карата  ремонт  иштеринин  абалдары   жөнүндө

Н.Мамбетов  атындагы  жалпы  билим  берүү  мектебинде  окуу-тажрыйба  аянттарынын  окуучуларды 
окутуп  тарбиялоодо  ото  чон  ролу  бар. Окуу-тажрыйба  аянтчалары  окуучулар  учун  айыл-чарба  эмгеги  жана 
биология  боюнча  окуу  базасы  теориялык   алган  билимдерин  практика  жүзүндө  эмгекке  үйрөнүү  менен  активдүү 
байланышын  камсыз  кылуучу  ачык  лаборатория  болуп  саналат.  Окуу  тажрыйба  аянтчасын  иштетүү  боюнча 
ата-энелер  комитети  менен  биргеликте   2015-2016-окуу  жылында  көмөкчү  чарба  уюштурула   баштады.
Мектеп  2014-2015-окуу  жылдан  баштап  “Бүткүл   дүйнөлүк  азык-түлүк  программасы”  боюнча  долбоорго  кирип                
1-4-класстын  окучуларына  ыссык  тамак  бериле  баштаган.   Ушул  башталгыч  класстын  окуучуларына  берилүүчү 
ыссык  тамакка  ата-энелердин  салымы  болсун  деп  көмөкчү  чарба  уюштурулду. Мэриядан  1га  жер  алынып, беде  себилди.
Азыркы  күндө  4 кой, 4 козу  бар. Мектептин  0,30 га  жеринде  кайналы  багы  бар. 2015-2016-окуу  жылында  кайналыдан 
25000 сом  киреше  түшкөн. Анын  23000 сомуна  бир  кабинеттин  терезеси  пластик  терезеге  алмаштырылды   жана 
калган  2000 сомуна  окуучуларга  спорттук  форма  жана  топтор  алынып  берилди. Мындан  сырткары  мектепке
0,04 га  жерге  күнөскана  салынды. Ата-энелердин  ыктыярдуу  фондунун  эсебинен 43500 сомго  көмөкчү  чарбаны 
өнүктүрүү  максатында   аткана  салынды.   Мектептин  короосунда  өскөн   чөп  орулуп  жыйылат, сатылбайт. 
Быйылкы  окуу  жылында  кайналыдан  түшкөн  акчага  мал  алабыз  деген  план  бар.
А.Бегимкулова  атындагы  Жетиген  орто  мектебинде  22  мугалим  эмгектенет, медкароодон  өтүшкөн. 
Мектеп  ашканасы  ылайыкташтырылып  курулган, окуучулардын  ичүүчү  шашке  чайына  стол  жасатылган.
Мектепте  окуучуларга  тереӊ  билим  татыктуу  тарбия  берүүдө  мугалимдер  талыкпастан  эмгектенип  келүүдө,
аны  менен  бирге  аларды  бир  кесипке  багыттоо,тарбиялоо  максатында,  мектепте  окуу  тажрыйба  участогунун 
иши  колго  алынып  2 сотых  жер  иштетишет. Башталгыч  окуу  тажрыйба  участогу  2  бөлүккө  бөлүнүп  иштетилет.
1 тажрыйба  аянтчасы,2 көзөмөлдүк аянтча. Тажрыйба  аянтчага  да,көзөмөлдүк  аянтчага  да  бирдей  өсүмдүк  эгилген. 
Өсүмдүк  мугалим  жана  окуучулар  тарабынан  каралат  жер  семирткичтер берилип,  ал  эми  көзөмөлдүк  аянтчада 
өсүмдүктөргө  жер  семирткичтер  берилбей  өстүрүлөт. 2015-2016-окуу  жылында  окуу  тажрыйба  участогунан 
түшкөн  каражат  2000 сомду  түздү.  Бул  каражатка  мектепте  уюшулган  жандуу  бурчка  аквариум  балыктарын 
алуу  пландаштырылган    Мектепти  жаӊы  2017-2018-окуу  жылынын  ремонтуна  15403 сом  бөлүнгөн,
азыркы  учурда  мектепте  ремонт  иштери  бүткөн. Мектепте  вентиляция  коюлбагандыктан  мектептин 
кабинеттеринин  полу  жана  спорт  залынын  полу  начар  абалда. Спорт  залына  2013-2014-окуу  жылынан 
баштап   ремонт  жасалып  келинет, анткени  полунун  лагалары  чирип  калган.2016-2017-окуу  жылында 
камкорчулар  тарабынан  39000 сом  акча  жыйналган. Мектепте чечинүүчү  жайдын  чатыры  сынып 
кеткендигине  байланыштуу  чогулган  акчага  чатыр  оӊдолду.
Жогорудагы  сунушту  карап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын 
кезектеги   алтынчы   сессиясы

                                                           ТОКТОМ   КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарынын А.Бегимкулова  атындагы  Жетиген  жана  Н.Мамбетов  атындагы  орто  мектептердин  көмөкчү 
    чарбалары  боюнча  жүргүзүп  жаткан  иштери  жана  2017-2018 -окуу  жылына  карата  ремонт  иштеринин  абалдары 
    канаттандыраарлык  деп  эсептелинсин.
  2. Бардык мектептин, бала-бакчалардын жетекчилерине,  көмөкчү  чарбадан  түшкөн  каражаттар  казына  аркылуу 
    эсепке  алгандан  кийин  чыгымдоо  жагы  катуу  эскертилсин.
  3. Мектептерге, бала бакчаларга демөөрчүлөр  жана  ата-энелер  тарабынан  алып  берилген  буюмдар  же  эмеректер 
    мэриянын  балансына  алынсын.
  4. Билим берүү мекемелеринин  жетекчилерине, бала-бакчалардагы  жана  мектептердеги  таштандыларды  таштоочу 
    жайларды  королоо  жана  2 күндө  бир  алып  туруу  жагын  уюштуруу  тапшырылсын.
  5. Белгиленген кемчилдиктерди жоюу  боюнча  иш-чара  иштеп  чыксын  жана  аткарууга  алсын.
    6.Бул  токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн   Жалал-Абад   областтык  юстиция 
    башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
    7. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.            
    8.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык  Кеӊешинин социалдык, маданий,
    билим  берүү   жана  саламаттыкты  сактоо  боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрайымы Г.Койчубековага   жүктөлсүн.

 

                             Кербен   шаардык 
                             Кенешинин   төрагасы :                             Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 08.09.2017-ж.  №6/2

 

 

Админ
Автору Админ September 13, 2017 08:50