Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/3 токтому

Админ
Автору Админ September 13, 2017 08:56

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                                    
VII  чакырылышынын   кезектеги   алтынчы  сессиясы

                                Т О К Т ОМ

2017-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетине  айрым  өзгөртүүлөрдү
жана  толуктоолорду  киргизүү  жөнүндө

2017-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетинин  киреше  бөлүгүндөгү  киреше  салыгы  жана  сатуудан,
акылуу  кызмат  көрсөтүүлөрдөн  алынуучу  салыктардын  планы  негизсиз  жогорку  деӊгээлде  коюлуп  калган.
Аны  аткаруу  мүмкүн  эместигинен. Кербен  шаарынын  мэриясы   КР  финансы  министрлигине   бир  нече  жолу 
кайрылгандан  кийин  бул  салыктын  көлөмдөрү  2000,0 миӊ  сомго кыскартылып жана патенттик негиздеги
салык эсебине кошумча 546,3 миӊ сом, кыймылсыз мулк салык эсебине 30,0 миӊ сом кошумча пландар  берилди.
Жыйынтыгында шаардын  бюджетинин  киреше-чыгаша  бөлүгү  кошумча  план  жана кыскартылган пландарга негиз
жалпысынан 1423,7 миӊ сомго кыскаргандыгына  байланыштуу   Кербен  шаарынын  мэриясы  тарабынан  бюджеттеги 
кыркартуулар  боюнча   сунуш  берилген.
Жогорудагы  маселени   карап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги  
алтынчы   сессиясы

                                        ТОКТОМ   КЫЛАТ :

  1. 2017-жылга Кербен шаарынын  бюджетиин  киреше  жана  чыгаша  бөлүктөрүнө  төмөнкүдөй  өзгөртүүлөр  киргизилсин:

Киреше  бөлүгү  боюнча  жалпы 1423,7 миӊ  сом  кыскартылсын. Анын   ичинен,

– Киреше  салыгы – 1200,0 миӊ сомго;

– Сатып  алуулар  жана  кызмат  көрсөтүүлөр  боюнча  салык – 800,0 миӊ  сомго  кыскартылсын

– Патенттик негиздеги салык эсебине 546,3 миӊ сом;

– Кыймылсыз мүлк салык эсебине 30,0 миӊ сом  кошумча  план  берилсин.

  1. Чыгаша бөлүгү боюнча  жалпы 1423,7 миӊ  сом кыскартылсын.  Анын   ичинен,

70111-Аппарат бөлүмүнүн  3111-машиналар жана жабдуулар  статьясынан – 1000,0 миӊ сом,
70921-Орто мектеп бөлүмүнүн 3111-машиналар жана жабдуулар статьясынан – 190,0 миӊ сомго кыскартылсын. 
70911-бөлүмүнүн 3111-машиналар жана жабдуулар статьясынан – 233,7 миӊ сом 2-кварталдан 3-кварталга  жылдырылсын.

  1. Кербен шаарынын мэриясынын  ФЭБ  башчысы  жогорудагы  өзгөртүүлөр  боюнча 2017-жылдын  бюджетине  тактоолорду,
    өзгөртүүлөрдү   киргизсин.
    5.Бул  токтом   мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн   Жалал-Абад   областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
    6.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө  кирет.            
    7.Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  Кербен  шаардык  Кеӊешинин  финансы,
    бюджет  жана  экономика боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Р.Момуновго  жүктөлсүн.

 

                      Кербен   шаардык 
                      Кенешинин   төрагасы :                               Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары,08.09.2017-ж.  № 6/3

Админ
Автору Админ September 13, 2017 08:56