Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 8-сентябрындагы № 6/4 токтому

Админ
Автору Админ September 13, 2017 09:01

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин                                                                
 VII  чакырылышынын   кезектеги   алтынчы  сессиясы

                                     Т О К Т О М

                  Күлүк-Дөбө  айылындагы Турпак-Бел-Таш-Дөбө 
                                      каналына  ат  коюу  жөнүндө

Кербен  шаардык  Кеӊешинин  мыйзамдуулук  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын 
2017-жылдын  9-августундагы  “Кербен  шаарынын Күлүк-Дөбө  айылындагы  Турпак-Бел-Таш-Дөбө 
каналына  ат  коюу  жөнүндө” № 9 токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып,  Кербен  шаардык   Кеӊешинин 
VII  чакырылышынын  кезектеги   алтынчы   сессиясы

                                      ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  Күлүк-Дөбө  айылындагы  Турпак-Бел-Таш-Дөбө  каналына  Ташыбеков  Ашырбектин  ысмы 
ыйгарылсын.Ал  канал “Ташыбеков Ашырбек атындагы канал”- деп  аталсын  
2.Аксы райондук суу  чарба  башкармалыгына, тиешелүү  иш  кагаздарын токтомго  ылайык  келтирсин.
3.КР  Өкмөтүнүн  2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610 токтому  менен бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу 
жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө”жобонун   25-пунктуна  негиз, тиешелүү  өзгөртүүлөр 
боюнча  даректүү  каттоого  алуу  жагы  Аксы   райондук  жерге  жайгаштыруу  жана   мүлктөргө  укуктарды  
каттоо  башкармалыгына  сунушталсын .
4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык   юстиция  
башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында  жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
6.Бул  токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук  боюнча    туруктуу   комиссиянын  
төрайымы  М.Камбаровага  тапшырылсын.

 

                    Кербен   шаардык 
                    Кенешинин  төрагасы :                         Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары, 08.09.2017-ж. № 6/4

Админ
Автору Админ September 13, 2017 09:01