Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/4 токтом

Админ
Автору Админ November 28, 2017 09:51

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII  чакырылышынын   кезектеги  жетинчи  сессиясы

                                   Т О К Т О М 

 Кербен  шаарынын  борбордук стадионунун батыш жагындагы кɵчɵгɵ  
КРнын  эмгек  сиңирген  экономисти жана  Аксы  районунун  ардактуу
атуулу Сонунбек  Тургунбаевдин ысмын   ыйгаруу   жɵнүндɵ

«КР  географиялык  аталыштар  жөнүндө» Мыйзамынын  7-беренесине   ылайык, Кербен  шаардык 
Кеӊешинин  мыйзамдуулук  жана  этика  маселелери  боюнча  туруктуу   комиссиясынын  2017-жылдын 
27-октябрындагы«Кербен  шаарынын  борбордук стадионунун батыш жагындагы  З.Боронбеков,
С.Айманбетовдор   жашаган   кɵчɵгɵ  КРнын  эмгек  сиңирген  экономисти  жана  Аксы  районунун 
ардактуу атуулу  Сонунбек Тургунбаевдин  ысмын   ыйгаруу   жɵнүндɵ»  № 10  токтомун  карап 
жана  талкуулап  чыгып,  Кербен  шаардык   Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  
жетинчи   сессиясы

                                        ТОКТОМ    КЫЛАТ :

 1.Кербен  шаарынын  борбордук  стадионунун батыш  жагындагы   З.Боронбеков, С.Айманбетовдор 
жашаган  кɵчɵгɵ  КРнын  эмгек  сиңирген  экономисти  жана  Аксы  районунун   ардактуу   атуулу  
Сонунбек  Тургунбаевдинысмы  ыйгарылсын  жана  ал  көчө  “Сонунбек  Тургунбаев  атындагыкөчө”- деп   аталсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы,  көрнөктөрдүн  формасын, өлчөмүн  аныктап жана  анын  туура  жайгашуусун  жана 
жазылуусун  көзөмөлгө  алсын.

3.Ат коюу салтанатын  уюштуруу  жана   Кербен   шаарынын  мэриясы  менен  макулдашылган   формадагы,
өлчөмдөгү   көрнөктөрдү  жасап  илдирүү  жагы  аты   коюлуп   жаткан   инсандын  үй-бүлөсүнө   жүктөлсүн.

4.Кербен шаарынын мэриясы, токтомду  аткарууга  алсын  жана  өзүнүн  иш-кагаздарын, маалымат  базасын 
токтомго  ылайык  келтирсин.

5.КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын  22-октябрындагы  № 610 токтому  менен  бекитилген «КР даректерди  ыйгаруу 
жана  даректүү  каттоону  жүргүзүү  тартиби   жөнүндө”жобонун  25-пунктуна  негиз, тиешелүү   өзгөртүүлөр  боюнча  
даректүү  каттоого  алуу  жагы  Аксы  райондук  жерге  жайгаштыруу  жана   мүлктөргө  укуктарды  каттоо 
башкармалыгына  сунушталсын.

6.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад   областтык   юстиция  
башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

7.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб – сайтында  жарыялангандан  кийин   күчүнө   кирет.

8.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук  боюнча   туруктуу   комиссиянын  
төрайымы  М.Камбаровага  тапшырылсын.

 

                         Кербен   шаардык
                         Кенешинин  төрагасы :                                   Н.Шадыбеков      
  

Кербен  шаары, 21.11.2017-ж. № 7/4

Админ
Автору Админ November 28, 2017 09:51