Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 7/2 токтому

Админ
Автору Админ November 28, 2017 15:05

Аксы   районунун  Кербен   шаардык   Кенешинин  
VII  чакырылышынынкезектеги   жетинчи  сессиясы

                                        Т О К Т О М

2018-2020-жылдарга  Кербен  шаарынын  аймагында  айыл  чарба
багытында  эмес  жерлер  үчүн К1-зоналык  коеффициенттин
                                        өлчөмдөрү  жөнүндө

КР  салык  кодексинин  339-беренесинин  4-пунктуна  негиз  жана   Кербен
шаардык  Кеңешинин  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясынын
2017-жылдын  28-сентябрындагы  « 2018-2020-жылдарга  Кербен  шаарынын
аймагында  айыл  чарба   багытында  эмес  жерлер  үчүн  К1-зоналык  клеффициенттин
өлчөмдөрү   жөнүндө»  № 22  токтомун   карап   жана  талкуулап  чыгып  Кербен   шаардык
Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги   жетинчи   сессиясы

                                                    Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2018-2020-жылдарга Кербен шаарынын  аймагында   айыл  чарба  багытында  эмес  жерлер
үчүн  К1-зоналык  коеффициенти – 1,0  эсебинде  кабыл  алынсын.

2.Кербен  шаарынын  мэриясы,айыл  чарба  багытында  эмес  жерлерди  жана  жерлердин  өзгөргөн
багыттары  боюнча  2017-жылдын  15-декабрына  чейин  инвентаризация  иштерин  жүргүзсүн  жана
жыйынтыгынАксы  райондук  салык  башкармалыгына, шаардык  Кеӊешке   берсин.

3.Бул токтом  тиешелүү  өзгөртүү  киргизүү  үчүн  КР  мамлекеттик  салык  кызматынын
Аксы  райондук  башкармалыгына   жиберилсин.

4.Токтомду  аткаруу  жагы  Кербен  шаарынын  мэриясына  тапшырылсын.

5.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад  областтык
юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.

6.Токтом расмий жарыялангандан  кийин  2018-жылдын  1-январынан  күчүнө   кирет.

7.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу   комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго  жүктөлсүн.

 

                            Кербен   шаардык  
                            Кенешинин   төрагасы :                    Н.Шадыбеков

 

Кербен  шаары,21.11.2017-ж. № 7/2

Админ
Автору Админ November 28, 2017 15:05