Кербен шаардык Кенешинин 2017-жылдын 21-декабрындагы № 8/2 токтому

Админ
Автору Админ December 26, 2017 13:36

Кербен   шаардык Кенешинин   VII чакырылышынын  
кезектеги сегизинчи сессиясы

                                                 Т О К Т О М

Кербен  шаарында «Кербен суу  каналы» муниципалдык 
                           ишканасын   түзүү   жөнүндө

КР «жарандык кодексине» жана «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө» мыйзамына негиз
Кербен шаарында «Кербен суу каналы» муниципалдык  ишканасын  түзүү  жана долбоорлор  боюнча
приоритеттүү   багыттарды  аныктоо  боюнча  Кербен   шаарынын мэрии Н.Эсеналиевдин жана
«Таза-Суу» СООППВнын директору М.Токтомушевдин маалыматтарын угуп   жана талкуулап  
чыгып, Кербен  шаардык  Кенешинин VII чакырылышынын   кезектеги сегизинчи  сессиясы

                                                            ТОКТОМ   КЫЛАТ :

  1. Кербен шаарында «Кербен   суу   каналы» муниципалдык ишканасын   түзүүгө уруксат   берилсин.  
  2. Кербен   шаарынын мэриясы «Кербенсууканалы» муниципалдык ишканасынын уюштуруучусу
    катары укукка   ээ   болсун.
  3. Кербен шаарынын   мэриясы «Таза-Суу» СООППВнын пайдалануудагы мүлкүнө инвентаризация
    жүргүзүп, бардык   мүлктү   жаӊы түзүлгөн «Кербен суу каналы» муниципалдык ишканасына чарбалык
    башкаруу укугу келишими менен   өткөрүп   берсин.  
  4. Кербен   шаарынын  мэриясы, жаӊы түзүлгөн «Кербен суу каналы» муниципалдык ишканасынын
    башкаруу органынын   кызматына дайындоону КР мыйзамдарына   ылайык   жүргүзсүн.
  5. Калкты таза суу менен камсыздоо жана   саркынды   сууларды (канализация) алып  чыгуу –
    Кербен  шаарынын бүгүнкү   күндөгү   курч, приоритеттүү  багыты  деп  эсептелсин.
  6. Кербен  шаарынын  мэриясы  токтомдун  аткарылышы боюнча тиешелүү  аракеттерди   көрсүн.

     7.   Бул   токтом   мамлекеттик реестрге киргизүү   жана каттоо үчүн Жалал-Абад  областтык  юстиция 
            башкармалыгына жөнөтүлсүн.
      8. Токтом   www «Kerben.Aksy».kp. веб-сайтында  жарыялангандан  кийин   күчүнө   кирет.

  1. Токтомду   көзөмөлдөө   жагы   мыйзамдуулук   боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрайымы
    М.Камбаровага   жүктөлсүн.

 

                           Кербен шаардык Кеңешинин  
                           төрагасынын орун басары:                       Ж.Шакиев

 

       Кербен  шаары, 21.12.2017-ж. № 8/2

 

Админ
Автору Админ December 26, 2017 13:36