Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 9-февралындагы № 9/3 токтому

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:13

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII  чакырылышынын   кезектеги  тогузунчу  сессиясы

                                     Т О К Т О М

2017-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар 
бирикмесинин 
аткарган  иштери  жана  2018-жылга  иш 
пландары   жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын  «жайыттар  жөнүндө» мыйзамынын  4-беренесине 
негиз, Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар бирикмесинин  маалыматын 
жана  шаардык Кеңештин  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
29.01.2018-жылдагы № 3  токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып,  Кербен  шаардык
Кеңешинин   VII чакырылышынын   кезектеги  тогузунчу   сессиясы

                                              Т О К Т О М       К Ы Л А Т :

1.2017-жылга Кербен  шаарынын  жайыт  бирикмесинин  аткарган  иштери
канааттандырарлык  деп  эсептелсин.

2.Төмөнкүлөр  бекитилсин:
– 2018-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар  бирикмесинин
иш  планы, штат  бирдиги ( № 1, 2  тиркеме);
– Жайыттарды  пайдалангандыгы  үчүн  төлөнүүчү  акыларынын  өлчөмү  (№ 3 тиркеме);
3.Жайыт пайдалануучулардын жайлоого көчүү, көчүп келүү  графиги  төмөнкүдөй
белгиленсин:

Көчүп   кетүү:
–  Жылкы  –  15-апрелге  чейин ;
–  Кара  мал, майда  жандыктар – 15-майга  чейин;

Көчүп   келүү:   15-октябрдан  эрте  эмес.
4.Кербен шаарынын мэриясына,Кербен  ЖПБга  иштөөгө  шарт  түзүү  жана  иш-жай
менен  камсыздоо  жагын  уюштурсун.
5.АРИСтин «Мал  чарбасын  жана  рынокту  өнүктүрүү-2» долбоору  аркылуу  Кербен 
жайыт  пайдалануучулар  бирикмесине  сатып  алуучу  атайын  машинанын  жана 
долбоорлорду  каржылоонун  өздүк  салымы  үчүн  шаардык  бюджеттин  эсебинен
679641сом  бөлүнүп  берилсин.
6.Жайыт пайдалануучулар бирикмесине :
– Жайыттарды  жакшыртуу  жана  ыраттуу  пайдаланууну  жүзөгө  ашыруу  тапшырылсын.
– Малдардын  жайытка чыгуу жана  көчүп  келүү  боюнча графигинин  сакталышын көзөмөлдөсүн.
7.Айдоолорду жана эгин  эгилген  талааларды  майкандоо  жана  жайыт  бирикмесинин
жайлоого көчүү,  көчүп  келүү  боюнча  белгиленген  режимин  бузуунун  алдын  алуу  жана  аларга
«КР  администрациялык  жоопкерчилик  жөнүндө»  Кодексинин  талабына  ылайык
администрациялык айып  салуу  боюнча  чараларды  көрүү  жагы  Кербен  шаарынын  айыл
башчыларына  жана  жайыт  бирикмесине  тапшырылсын.
8.Бул токтом мамлекеттик   реестрге   киргизүү   жана   каттоо   үчүн   Жалал-Абад
областтык   юстиция   башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
9.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында жарыялангандан  кийин  күчүнө   кирет.
10.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  агрардык  маселелер  боюнча
туруктуу   комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сариевге  жүктөлсүн.

                             Кербен   шаардык 
                              Кенешинин   төрагасы :                                     Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,09.02.2018-ж. №9/3

Тиркеме  № 1
Кербен  шаардык  Кенешинин
2018-жылдын 9-февралындагы
№ 9/3  токтому  менен  бекитилди

       2018-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар 
бирикмесинин 
жайыттарды   пайдалануу   боюнча   жылдык   планы

Кирешелер Сом
1 Уй  3600 х 50 180000
2 Жылкы  880 х 50 44000
3 Кой-эчки  10260 х 10             102600
Бардыгы 326600

 

Чыгашалар Штат  бирдиги сом  
1 Төраганын эмгек акысы 9 айга       1 6000  54000
2 Эсепчинин эмгек акысы 9 айга      1 3500  31500
  3 Салык  кызматкери  9  айга      1        3000   27000  

 

 

4 Соцфонд  17,25%   19406
     131906
5 Администрациялык чыгым  –
Кагаздар  үчүн   3500  
телефонго           2000  
Иш  сапарга           3000  
Бардыгы:  8500
6 Автоунаа   чыгымдары      
Бензин          19000  
Бардыгы:      19000
7 Жайыттарды  калыбына келтирүүгө       28550  28550
8. Жергиликтүү  бюджетке  чегерүү       108000   108000
Жайыт  салыгы      22644   22644
9. Спец. одежда      6000   6000
10. Кыргыз  жайытынын  взносуна      2000   2000
Жалпы :      326600


Кербен  шаардык  Кеңешинин 
жооптуу  катчысы:                       Д.Алиев 
                                                          

 Тиркеме  № 2

Кербен  шаардык  Кенешинин 2018-жылдын 
9-февралындагы  № 9/3токтому  менен  бекитилди

           2018-жылга  Кербен  шаарынын  жайыт  пайдалануучулар 
бирикмесинин 
жайыттарды  оңдоо   боюнча  жылдык  иш-планы

К/

Аткарыла   турган   иштердин  мазмуну Участкасы Жалпы  сумма ПРЖР2 5% коомчу-луктун  накталай  салыгы   20%  
Жамааттын  эмгек  салымиы
1 Кербен  ЖПБне  спец  техника  алуу  үчүн Кербен 2220000,0 1600000,0 620000    –
2 Киндик  Таш  жайытындагы  мал  суу  ичүүчү  жайды  оңдоо Курулуш 621041,0 465781,00 31052,0 124208,0
3 Живпром  Яма  беккерди  оңдоо  жана  короолоп  үстүн  жабуу Мамай 346148,0 259611,0 17307,0 69230,0
4 Кербен  ЖПБне  жааматка  киреше  алып  келүүчү  иштерин  колдоого Кербен  шаары 225645,0 169234,0 11282,0 45129,0
Бардыгы: 3412834,0 2494626,0 679641,0 238567,0

Кербен  шаардык  Кеңешинин 
жооптуу  катчысы:                                      Д.Алиев

 

 № 3  тиркеме

Кербен  шаардык  Кенешинин
2018-жылдын 9февралындагы
№ 9/3токтому  менен  бекитилди

1.Кербен   шаарынын   жайыттарын  пайдалангандыгы 
үчүн  төлөнүүчү  жайыт  акынын  өлчөмү

Малдын аталышы Бир  баш  малга  жайыт  акы (сом) Эскертүү
1 Уйларга         50 Жаз, жай, күз  айлары  үчүн
2 Жылкыларга         50
3 Кой-эчкилерге         10
4 Эшектерге         50

  1. Башка райондор, айылдык  аймактар  үчүн  жана
    жайлоого  кетпеген, айылда  калган  малдар  үчүн
Малдын аталышы Бир  баш  малга  жайыт  акы     (сом) Эскертүү
1 Уйларга 200
2 Жылкыларга 200
3 Кой-эчкилерге 100
4 Эшектерге 200

Кербен  шаардык  Кеңешинин 
жооптуу  катчысы:                                           Д.Алиев

 

Админ
Автору Админ March 12, 2018 09:13