Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 23-мартындагы № 10/3 токтому

Админ
Автору Админ March 26, 2018 12:14

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы

                                Т О К Т О М

Кербен  шаарынын  айрым  атуулдарына “Кербен  шаарынын 
                     ардактуу  атуулу” наамын  берүү  жөнүндө

Кербен  шаарынын  тургундары  У.Мырзакматовго, М.Батыровго  жана 
Т.Теңирбердиевге  “Кербен  шаарынын  ардактуу  атуулу” наамын  берүү  жөнүндө 
элдик  чогулуштардын  токтомдорун  жана  шаардык  Кеңештин  мыйзамдуулук 
боюнча  туруктуу  комиссиясынын  20.02.2018-ж. №19, № 20  жана  16.03.2018-ж.
№ 22  токтомдорун  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кенешинин 
VII-чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы

                                        Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын  эмгек  ардагерлери  Мырза  Батыровго, Усупжан  Мырзакматовго,
Токтогул  Теңирбердиевге  «Кербен  шаарынын  ардактуу  атуулу”  наамы  берилсин.

2.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

3.Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.

4.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча
туруктуу  комиссиянын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

         Кербен  шаардык
         Кеңешинин  төрагасы:                                Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,23.03.2018-ж. № 10/3

 

 

Админ
Автору Админ March 26, 2018 12:14