Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 23-мартындагы № 10/2 токтому

Админ
Автору Админ March 26, 2018 12:21

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы

                                            Т О К Т О М

«Кербен» борбордук  базарынын  аймагындагы  А.Орозов  атындагы
көчөнүн  боюнда  туруп  соода  жүргүзгөн  ишкерлерден  алынуучу
                               жыйымдар  жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин  06.03.2018-жылдагы
№ 3-34/179 сандуу  билдирүүсүн  жана  шаардык  Кеңештин  финансы  боюнча  туруктуу
комиссиясынын  12.03.2018-ж.  № 34  токтомун  карап  жана  талкуулап  чыгып,
Кербен  шаардык  Кенешинин  VII-чакырылышынын  кезектеги  онунчу  сессиясы

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен шаарынын А.Орозов  атындагы  көчөсүнүн  эки  жагында  жана  ага  жандаш
башка  муниципалдык  жерлерде  соода  жүргүзгөндөрдөн  жер  акысы  үчүн  алынуучу
жыйым  ушул  убакка  чейин  төлөнүп  келген  сумманын  чегинде  комиссиянын
актысына  ылайык, бир  квадрат  метрге-70 (жетимиш)  сом  алууга  уруксат  берилсин.
2.Кербен  шаарынын  мэриясына:
-Ар  бир  соода-сатык  жүргүзгөн  ишкерлер  менен  КР  мыйзамдарына  ылайык,
келишимдер  түзүлсүн;
-Ар  бир  ишкердин  турган  жайы  боюнча  схемалардын  чиймелерин, ээлеген
жер  аянттарын  тактап  чыксын;
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө   кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                  Кербен   шаардык
                  Кеӊешинин   төрагасы:                       Н.Шадыбеков

Кербен  шаары,23.03.2018-ж. № 10/2

 

Админ
Автору Админ March 26, 2018 12:21