Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 11/3 токтому

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:00

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII  чакырылышынын   кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                         Т О К Т О М

Кербен  шаарынын  Жетиген  айылындагы 0,98 га  жерди  калктуу
              конуш  жер  категориясына  которуу  жөнүндө

      Кербен  шаарынын  Жетиген  айылындагы  0,98 га  жерди  калктуу  конуш 
категориясына  которуу  жөнүндө Кербен  шаарынын мэриясынын 17.03.2018-ж.
№ 3-34/216  кайрылуусун  жана  жер, агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу 
комиссиясынын  12.04.2018-ж. № 4 токтомун  карап  чыгып, Кербен  шаардык 
Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

  1. Кербен шаарынын  Жетиген  айылындагы 0,98 га  жер  аянтын  калктуу 
    конуштар  категориясына  которууга  макулдук  берилсин.
  2. Кербен шаарынын  мэриясына, КР  мыйзамдарына  ылайык  тиешелүү 
    иш  кагаздарын  даярдоо  тапшырылсын.
  3. Бөлүнгөн жерди  мыйзамга  ылайык  калктуу  конуш  категориясына 
    которуу  жагы  Аксы  райондук  мамлекеттик  администрациядан  суралсы.
  4. Бул токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
    областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  5. Токтом «www.  Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.
  6. Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  жер  жана  агрардык  маселелер 
    боюнча  туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

 

                            Кербен  шаардык 
                            Кеңешинин  төрагасы:                        Н.Шадыбеков

 

 Кербен  шаары,18.04.2018-ж. № 11/3

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:00