Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 18-апрелиндеги № 11/2 токтому

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:01

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М

     Кербен  шаарынын  Сатар  участкасындагы 0,50 га  жер  аянтын
бөлүп  берүү  жана  өнөр  жай  жер  категориясына  которуу  жөнүндө

        Кербен  шаарынын  Сатар  участкасындагы  0,50 га  жер  аянтын  өнөр  жай 
категориясына  которуу  жөнүндө Кербен  шаарынын  мэриясынын
2018-жылдын  12-апрелиндеги  № 3-34/282  сунушун  жана  жер  жана  агрардык 
маселелер  боюнча  туруктуу  комиссиянын 17.04.2018-ж. № 5 токтомун  карап 
жана  талкуулап чыгып, КР  жер  кодексинин  32 ст. 4 пунктуна  негиз,
Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  он  биринчи  сессиясы

                                       Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын  Сатар  участкасындагы  0,50 га  жер  аянтын  өнөр  жай 
категориясына  которууга  жана  узак  мөөнөткө  акысыз  пайдаланууга  макулдук  берилсин.

2.Кербен  шаарынын  мэриясына, КР  мыйзамдарына  ылайык  тиешелүү  иш  кагаздарын 
даярдоо  тапшырылсын.

3.Бөлүнгөн  жерди  мыйзамга  ылайык  өнөр  жай  категориясына  которуу  жагы 
Аксы  райондук  мамлекеттик  администрациядан  суралсын.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5.Токтом  «www.  Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.

6.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  жер  жана  агрардык  маселелер  боюнча 
туруктуу  комиссиясынын  төрагасы  Ы.Сарыевге  жүктөлсүн.

                           Кербен  шаардык 
                           Кеңешинин  төрагасы:                            Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 18.04.2018-ж. № 11/2

 

Админ
Автору Админ April 23, 2018 11:01