Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 12/2 токтому

Админ
Автору Админ June 6, 2018 11:00

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  экинчи  сессиясы

                                    Т О К Т О М

           2018-2022-жылдарга Кербен  шаарын  туруктуу
                 өнүктүрүүнүн  стратегиясы  жөнүндө 

Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевдин  билдирүүсүн  жана
шаардык  Кеңештин  финансы, бюджет  боюнча  туруктуу  комиссиясынын
2018-жылдын 10-майындагы  № 39  “2018-2022-жылдарга  Кербен  шаарын 
туруктуу  өнүктүрүүнүн   стратегиясы  жөнүндө”  токтомун   карап   жана
талкуулап   чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын
кезектеги   он  экинчи  сессиясы

                                            Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

 12018-2022-жылдарга Кербен шаарын туруктуу  өнүктүрүүнүн  стратегиялык  
программасы  бекитилсин (тиркелет).

2.Кербен  шаарынын  мэриясына, 2018-2022-жылдарга Кербен  шаарын  
туруктуу  өнүктүрүүнүн  стратегиялык  программасынын  алкагында  
иш-чараларды  жүргүзүү  тапшырылсын.

3.Кербен  шаарынын  мэриясы,депутаттар  тарабынан  айтылган  
сын-сунуштарды  стратегиялык   программага  киргизсин.
4.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
5.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  
күчүнө   кирет.
6.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

                          Кербен   шаардык  
                          Кеӊешинин   төрагасы:                      Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары, 30.05.2018-ж. №12/2

Тиркеме
Кербен  шаардык  Кеңешинин 2018-жылдын   
30-майындагы № 12/2  токтому  менен  бекитилген

2018-2022-жылдарга  Кербен  шаарын  туруктуу  
өнүктүрүүнүн  стратегиялык  
               

                         ПРОГРАММАСЫ

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Кербен шаары  2018-жыл

 

                                                   Мазмуну

1 Киришүү ……………………………………………………………………………………………… 4
2 Шаардын өнүгүү факторлору ………………………………………………………………. 5
3 Географиялык жана жаратылыштык-климаттык фактор ……………………….. 5
4 Ресурстук фактор: адам ресурстары …………………………………………………….. 6
5 Экономикалык фактор …………………………………………………………………………. 6
6 Билим берүү жана маданият………………………………………………………………. 7
7 Спорттук фактор………………………………………………………………… 9
8 Финансылык ресурстар ……………………………………………………………………….. 10
9 Шаардын өнөктөштөрү ………………………………………………………………………… 11
10 Шаардын өнүгүүсүнүн келечектеги элеси …………………………………………….. 11
11 Шаардын өнүгүүсүндөгү артыкчылыктуу  багыттар: ……………………………. 12
1.Айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү тармагын түзүү жана өнүктүрүү …………………………………………………………………………………………… 12
2.Жергиликтүү  ишкерлерди колдоо жана алардын бизнес жүргүзүү потенциалын жогорулатуу…………………………………………………………………….

 

14
3.Шаардын инфраструктурасын түзүү  жана  шаардын тургундарына жашоо үчүн ынгайлуу шарттарды жаратуу ……………………………………………

 

15
4.Спортту өнүктүрүү  …………………………………………………………………………. 16
5.Маданият жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү 16
12 Бюджеттиксаясат ………………………………………………………………………………… 17
13 Мониторинг жана баалоо 18
13 Шаарды өнүктүрүү программасынын форматы ……………………………………. 19
14 Өнүктүрүү программасынын ресурстары……………………………………………… 27

                                                     Киришүү

Кербен  шаарынын социалдык-экономикалык өнүгүү  программасы шаардын жамаатынын  жана жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдарынын алдыдагы  5 жылда жарандардын жашоо денгээлинин жогорулашына жетүүдөгү 
приоритеттүү максаттарын аныктайт.       Өнүгүү программасыКыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2017- жылдын 
31- мартындагы № 194 токтому менен бекитилген  регионалдык өнүгүү Концепциянын жоболоруна ылайык иштелип чыкты.

Программаны иштеп чыгууда Кыргыз Респуликасынын Конституциясы, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү 
өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамы, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодекси, Кыргыз Республикасынын 
Өкмөтүнүн токтомдору жана өнүктүрүү программаларын иштеп чыгууну жөнгө салуучу методикалык мүнөздөгү 
колдонмолор укуктук негизин түздү.
Программаны иштеп чыгуу үчүн Кербен шаарынын мэринин буйругу менен курамы ар түрдүү катмардын өкүлдөрүнөн  
турган жумушчу топ түзүлгөн. Бул жумушчу топко мэриянын кызматкерлери, шаардык кенештин депутаттары,
коомдук уюмдардын өкүлдөрү, жергиликтүү ишкерлер киришти.

Программаны иштеп чыгуу процессинде жергиликтүү  ишкерлер, маданият тармагынын өкүлдөрү, билим берүү жана  
саламаттыкты  сактоо мекемелери, шаар курулуш жана муниципалдык менчик  ишканалары, спорт жана жаштар 
өкүлдөрү, шаардын кызыкчылыгын колдогон максаттуу топтор менен талкуулар жүргүзүлдү.

Муниципалдык менчикти башкаруунун абалына  жана  шаардык бюджеттин абалына, шаардын 
социалдык-экономикалык, маданий абалынаанализ жүргүзүлдү.

Өнүгүү программасы төмөндөгү принциптерди жетекчиликке алуу менен даярдалды:

  • Адамдардын өнүгүүсүнө басым жасоо
  • Бизнести пландаштыруу принцибин колдонуу
  • Шаар аймактагы “өнүгүү чекити” катары
  • Шаар тургундарынын активдүү катышуусу
  • Шаар коомчулугунун керектөөлөрүнө басым жасоо

Шаардын өнүгүү  факторлору.

Географиялык жана жаратылыш-климаттык фактор

Кербен шаары боюнча жалпы маалымат.

Учурдагы  абалды  талдоо:

 2.1. Географиялык  абалы .

Аксы районунун Кербен айылы Кыргыз Республикасынын Президентинин 
2004-жылдын 4-октябрындагы № 174 мыйзамына ылайык  шаар статусун 
алган. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 5-августундагы 
№ 451 токтомунун негизинде Кербен шаар башкармасы шаар мэриясы 
болуп өзгөргөн.

Калкынын  саны  25502  адамды  түзөт.
Кербен  шаары  6  айылдан  турат.

  1. Күлүк-Дөбө айылы
  2. Ак-Дөбө айылы
  3. Жетиген айылы 
  4. Курулуш айылы
  5. Устукан айылы

Райондун административдик борбору Кербен шаары  Жалал-Абад областынын борборунун түндүк-батыш
тарабында болуп, Республиканын борбору Бишкек шаарынан 600 км., Жалал-Абад шаарынан 220 км аралыкта 
жайгашкан, дениз денгээлинен 1200 метр бийиктикте, жакынкы темир жол станциясынан 75 км. алыстыкта, 
жакынкы аэропорт  2 км. алыстыкта турат. Кербен шаары чыгыш тарабынан  Кош-Дөбө,  батыш  тарабынан  
Кашка-Суу,  түндүк  тарабынан       Жерге-Тал  айыл  аймактары,  түштүк-батыш  тарабынан  Өзбекстан 
Республикасы  менен  50  км  аралыкта  чектешет.  Территориясы 16746 га түзөт. 

 Географиялык өзгөчөлүгү:  Кербен  шаары  аркылуу  Кербен-Ала-Бука – Чаткал, Кербен-Уч-Коргон авто 
жолдору өтөт. Шаар бир нече райондор менен экономикалык, социалдык жана маданий мамилелерди 
түзүүүчүн абдан ынгайлуу жерде жайгашкан.

Шаардын климаттык шарты: орточо абанын температурасы январь айында -3,9оС, тоолуу 
бөлүгүндө -28оС. Июль айында орточо абанын температурасы +30оСдан  +35 оСчейин өзгөрүлүп турат. 
Жылдык орточо жаан – чачындар 300-500 мм  болушу мүмкүн.
Кардын орточо калыңдыгы 10см ден  25 см  чейин  жетет.

Ресурстук фактор

Адам ресурстары

 Кербен шаарынын негизги ресурстары  болуп шаардын өнүгүүсүнө салымдарын кошкон шаардын тургундары, 
ишкерлер, спорт, маданият, билим берүү чөйрөсүнүн өкүлдөрү жана жаштар эсептелет.

2017-жылдын  1-январына  карата кожолуктун саны 6381 болуп, калыктын саны 25502 адамды түзөт. 
Анын ичинен эркектер 12916  болуп  50,4 %  , аялдар 12586  болуп  49,6 %  түзөт.

Аталышы Жынысы боюнча
Эркектер Аялдар
0-15 жаш 3488 3380
16-17 жаш 422 399
16-62 жаш 8660
16-58 жаш 7732
63 жаштан жогору 768
58 жаштан жогору 1474
Бардыгы: 12916 12586


Улуттук  курамы  боюнча  кыргыздар – 22517,  өзбектер – 2561,  украиндер – 38,  татарлар – 50,  орустар – 176, 
тажиктер – 80,  башка улуттар – 55.
Мэрия  боюнча  жакыр үй-бүлөлөрдүн саны 2599 болуп жакырчылыктын денгээли 40,7 % түзөт. 
Пенсионерлердин саны 1438.
Кербен  шаарынын  мэриясы  боюнча  2016-жылга  орточо  айлык  акы 8778  сомду  түзөт.   

Экономикалык  фактор

Шаар бийлиги  2018-2022 жылдар ичинде айыл чарба продукцияларын кайра
иштетүү тармагын түзүүгө жана өнүктүрүүгө өзгөчө басым жасайт жана бул 
жергиликтүү экономиканы өнүктүрүүнүн  негизги фактору болуп эсептелет.

Кербен шаары өзүнүн органикалык кайналысы менен даназаланган  Аксы айыл аймактарынын борборунда,  
ири көлөмдөгү мал чарба продукцияларын өндүргөн Алабука, Чаткал, Аксы райондорунун курчоосунда 
жайгашкан жалгыз шаар болуп эсептелет.   Шаарга жакын айыл аймактары  ири көлөмдө  кайналы, алма,
жангак, бал жана мал чарба продукцияларын  сырье катары даярдап сатышат.  Географиялык ынгайлуу абалда 
жайгашканы, жетиштүү көлөмдөгү айыл чарба продукцияларынын өндүрүлүшү   Кербен шаарында кайра 
иштетүү  ишканаларын ачууга жана өнүктүрүүгө  жакшы өбөлгө  түзөт.

Келечекте Кербен шаары айыл чарба, мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн  регионалдык 
борборуна айланат.
Шаарда жүндү, терини, тыбытты, этти, сүттү, кайналыны, алманы кайра иштетүү  ишканалары ачылып, 
сыртка сатууну уюштуруу боюнча жетектөөчү  ролду аткара алат.
Шаардын экономикалык өнүгүүсүнө таасир этүүчү жагымдуу сырткы факторлор:

  • 2018-2040 жж Өлкөнүн туруктуу өнүгүү стратегиясындагы артыкчылыктуу багыттар: Азык түлүк 
    коопсуздугунун эл аралык стандарттарына ылайык айыл чарба продукцияларды өндүрүү
    артыкчылыктуу багыты;
  • Ошол эле туруктуу өнүгүү стратегиясындагы “Жашыл технологиялар”мамлекеттик саясаты,
  • Кыргыз Республикасынын Евразия Бажы биримдигине кирүүсү жана органикалык продукцияларга
    болгон жогорку суроо- талапты негизги мүмкүнчүлүктөр катары пайдаланууга болот.

Кербен шаары өзүнүн экономикалык өнүгүүсүндөжергиликтүү ишкерлергеөзгөчө басым жасайт.

Акыркы эки жылдын ичинде Кербен шаарынын экономикасынын негизги көрсөткүчтөрү  туруктуу өсүүнү  
көрсөтүүдө. 2015-жылдын жыйынтыгы боюнча  Кербен шаарынын ВРПсы мурдагы жылга салыштырмалуу 
10.07% га өстү жана 4296,6 мин. сомду түздү.  Шаардын экономикалык өнүгүүсүн орто жана чакан ишканалар 
камсыз кылат.  Бүгүнкү күнү  шаардын  аймагында ,  “Чил и КО” сок  чыгаруучу  ишканасы,  8 кондитердик 
цех,   2 пахта  тазалоочу  цех,  11 жыгач  иштетүүчү  цехтер,  35 мөмө  жемиштерди  кургатуучу  цехтер,  
4 тигүү  цехтери,  4 курулуш материалдарын чыгаруучу  цехтери  иштейт.
2016-жылы жалпысы 15 чакан цехтер ачылып пайдаланууга берилди жана 62 жаны жумушчу орундар түзүлдү.

Атап айтканда:

  • Кербен тигүү цехи,
  • Мөмө-жемиштерди кургатуучу 14 цех ачылды, анын ичинде Жетиген айылында – 2, Ак-Дөбө  айылында – 4, 
    Кербен  шаарында – 4,  Күлүкдөбө  айылында –4.

Айыл чарбасы азык-түлүк коопсуздугун жана калкты жумуш менен камсыз кылууда экономиканын негизги
сектору катары эсептелинет.
Кербен шаарынын жалпы айыл чарба айдоо жер аянты  2017-жылдын 1-январына  карата 3389 ганы түзөт, 
анын ичинен:   1946  га суулуу, 1443 га кайракы, 114 га тамарка, 316 га көп жылдык бак,  214 га кысыраныз, 
50 га чөпчабынды. Ал эми жайыттардын жалпы аянты  6793 ганы түзөт.

2016-жылы 3289 га жер аянтына айыл чарба өсүмдүктөрү себилип, 2015-жылга салыштырмалуу бош калган 
жер аянты 100 га кыскарган.

Билим берүүнү жана маданияттыөнүктүрүү фактору

Кербен шаарынын  аймагында А.Алымов  атындагы 1 маданият үйү, 1 райондук китепкана, 1 райондук кино театр,  
3 айылдык китепкана, 1 райондук тейлөөүйү,  1айылдык маданият үйү,  сквер жана 1сейил багы элге кымат көрсөтөт.

Шаардын борборундагы сейил багы шаардыктар үчүн эле эмес, райондун бардык тургундары үчүн эс алуучу 
жайга айланып баратат. Шаардын жана райондун жалпы калкында жана жаштар арасында үй-бүлөсү жана достору 
менен сейил багында эс алуу маданияты калыптанып жатканын белгилөөгө болот.

Бул сейил  багында эс алуу үчүн жакшы шарттарды түзүүгө жана маданият тармагында кызмат көрсөтүүнү 
жакшыртууга  түрткү болот.

Кербен шаарынын тургундарында шаардык маданиятты өнүктүрүү менен  шаарды райондогу маданият борборуна 
айландыруу мүмкүнчүлүгү  чон.

Шаардын билим берүү тармагында 8 бала бакча, 16 орто мектеп жана 1 музыкалык мектеп кызмат көрсөтөт. 
Мектептерде ЮСАИД уюмунун колдоосу менен «Келгиле  окуйбуз» долбоору ишке ашырылып, анын  алкагында 
мектептерде  инновациялык  окутуу методикаларын пайдалануу жана жайылтуу колго алынган.  
Долбоор бардык орто мектептерди 100% камтыйт.

Бул методика балдардын окуу  жөндөмүн өнүктүрүүүгө багытталган. Башкача айтканда балдардын логикалык
ой жүгүртүү, анализ жасоо жөндөмдүүлүгүн жогорулатат.  Жаны методиканын өзгөчөлүгү ата-энелер менен 
мектептин байланышын күчөтүп, ата-энелер сабактарга балдары менен бирге активдүү катышышат. 
Жаны методикаларды пайдалануу менен мектептерде балдардын билиминин сапатын жогорулатууга өзгөчө
көнүл бөлүнүүдө. Башталгыч класстардын мугалимдери атайын даярдалган окутуулардан, тренингдерден 
өтүп, керектүү материалдар, модульдар менен камсыз болушууда.

Шаардын аймагында жайгашкан мектепке чейинки мекемелер.

Бала бакчалар Балдардын саны Тарбиячылар
1. №1 “Жеткинчек” 265 11
2. №2 “Келечек” 280 11
3. №3 “Бүчүр” 191 12
4. №4 им “Давлетова” 200 12
5. №5 “Наристе” 80 6
6. №6 “Ак-Куу” 103 7
7. №7 “Алтын  балалык” 62 6
8. № 18 “Арча-Бешик” 125 8
  Бардыгы 1306 72


Шаардын аймагында жайгашкан билим берүү мекемелери.

Билим беруучу мекемелердин аталышы Мугалимдердин  саны
1 Ж. Боконбаев атындагы орто мектеби 78
2  Н. Мамбетов атындагы орто мектеби 50
3  А. Жоробеков  атындагы орто мектеби 36
4  С. Качикеев  атындагы орто мектеби 34
5  К. Омуралиев  атындагы орто мектеби 17
6 Мамай негизги мектеби 11
7  Т. Уметалиев  атындагы орто мектеби 67
8  А. Бегимкулов атындагы орто мектеби 24
9  В. Линский атындагы орто мектеби 18
10 Лицей-интернат Ж.Мавлянова атындагы орто мектеби 60
11 СПТУ 17
12 АТФ 25
13 Билимкана 18
14 Цефей 1
15 Сейтек 12
16 Мээрим 12
17 Музыкалык  мектеп 6
  Баардыгы                                        


Спорттук фактор

Кербен шаары облуста жана республикада спортсмендердин шаары катары таанымал.  Шаарда спорттун 10го 
жакын түрү менен, анын ичинде эркин күрөш, алыш, футбол, баскетбол, волейбол, кол күрөш, бокс, тайбокс, 
кикбоксинг менен машыгуулар үзгүлтүксүз жүргүзүлүп турат жана  аталган спорттун түрлөрү  боюнча 10дон 
ашуун  машыктыруучу спорт чеберлери бар.  Шаардын аймагында спорттук курулмалардан 2 стадион, 
1 кичи футбол аянтчасы, 3 спорт зал бар.
Кербен шаарынын тургундарында, анын ичинде жаштардын арасында  дене тарбия жана спортко болгон 
кызыгуу жана муктаждык абдан чон.  Шаарда спорт менен машыгууга түзүлгөн шарттардын чектелгендигине 
карабастан, жаштардын активдүүлүгү абдан жогору.  Шаардан спорттун бир канча түрү боюнча атактуу 
чемпиондор чыккан.  Мисалы: кикбоксинг боюнча дүйнөлүк чемпион Касымбеков Улан, Азиянын чемпиону 
Акмырзаев Аскат  Кербен шаарынын тургундары экенин белгилөөгө болот. Жаштар өздөрүнүн күчү менен, 
активдүүлүгү менен спорт тармагында чон ийгиликтерге жетишип жатышат.Бул спорт тармагын андан 
ары өнүктүрүүгө  жана колдоого түрткү болот.   

Шаардын спортчулары негизги өнүгүү фактору катары каралып, программада профессионалдык спортту 
өнүктүрүү жана шаардын тургундарына  спорт жана дене тарбиясы менен машыгууга шарттарды
жаратуу иш-чаралары камтылган. 

Финансылык ресурстар.

2016-жылы  Кербен  шаарынын  мэриясынын  жергиликтүү  бюджетинин  киреше  бөлүгү   42630,9 мин  сомго  
2015-жылы  38334,3 мин  сомго  аткарылып,  2015-жылга  салыштырмалуу  13,6% га  жогорулап,  4296,6 мин  
сомго  ашыкча  киреше  аткарылган.  Кербен  шаарында  Республикалык  бюджет  тарабынан  бир  гана  үлүштүк  
гранттар  менен  каржылоо  каражаттары  мезгил-мезгили  менен  каржыланып  турат.  Кербен  шаары  өзүн-өзү  
каржылоосу  менен  дотациядан  чыгарылган.  Жергиликтүү  бюджеттин  66%ын  киреше  салыгы  менен  сатуудан  
алынуучу  салык  эсеби  түзүп,  калган  34% ын  жергиликтүү  салыктардын  эсеби  түзөт.  2015-жылга  жергиликтүү 
бюджеттин  салыктык  кирешеси  30173,3 мин  сомго,  2016-жылга  31561,1 мин  сомго  аткарылып, өткөн  жылга
  салыштырмалуу   4,6% га  өскөн.  Салыктык  эмес  киреше  салыгы  2015-жылга  6441,0 мин сомго  2016-жылга
  7962,6 мин  сомго  аткарылып,  өткөн  жылга  салыштырмалуу  23,6% га  өскөн.  2015-жылга жергиликтүү  бюджеттин 
активдер  жана  милдеттенмелер  кирешеси  220,0 мин  сомго,  2016-жылга  450,0 мин  сомго  аткарылып, өткөн  жылга 
салыштырмалуу   105,5% га  өскөн. 

2015-2016-жылдарга  жергиликтүү  бюджеттин  салыктардын  түрлөрү  боюнча  салыштырмалуу 
көрсөткүчтөрү

Берене

лер

Беренелердин  аталышы  2015-жылга факт 2016-жылга такталган  план 2016-жылга 12 айга аткарылганы Пландын аткарылышы Ɵсүү  темпи
( % ) ( +, – )
  анын ичинен           
11111100 Киреше булактарынан кармалган киреше салыгы 11741,3 12 396,0  13 333,1  107,6  937,1  113,6 
11111200 Бирдиктүү салык декларациясы боюнча киреше салыгы -3,5   0,0  0,0 
11121100 Пайда  үчүн  салык 33,0 48,0  37,2  77,5  -10,8  112,7 
11122 Патенттик негиздеги киреше салыгы 3 543,4  3 700,0  3 728,0  100,8  28,0  105,2 
11122100 Юридикалык жактардын танууланган кирешесине салык (милдеттүү  патент) 362,4 350,0  556,3  158,9  206,3  153,5 
11122200 Жеке адамдардын танууланган кирешесине салык (ыктыярдуу патент) 3181,0 3 350,0  3 171,7  94,7  -178,3  99,7 
11311100 Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык  3 группасы
11311200 Кыймылсыз  мүлк  үчүн  салык 313,1 315,0  316,4  100,4  1,4  101,1 
113121 Жеке адамдардан транспорт каражаттарынын ээлеринен алынуучу салык 2414,2 1 685,0  2 743,1  162,8  1 058,1  113,6 
11321100 Короо жанындагы жана дачалык жер участкаларын пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 2125,8 1 588,0  2 154,8  135,7  566,8  101,4 
11321200 Айыл чарбасына жарактуу жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 593,6 408,5  679,3  166,3  270,8  114,4 
11321300 Айыл чарбасына жараксыз жерлерди пайдалангандыгы үчүн жер салыгы 2127,5 1 200,0  1 864,7  155,4  664,7  87,6 
11412100 Сатуудан жана акылуу кызматтар көрсөтүү үчүн юридикалык жактар төлөөчу салык 7258,6 7 335,0  6 669,9  90,9  -665,1  91,9 
11442440 Ичүүчү жана техникалык суулар 26,3 34,6  34,6  131,6 
14151200 Жер казынасын пайдаланүү укугуна лицензияны кармоо үчүн акы -55,3 86,4  86,4  -156,2 
14152110 Калктуу конуштарда жер ижарасы үчүн акы 6,0 12,0  12,0  200,0 
14152600 Жерди кайра бөлүштүрүү фондунун жерлеринин ижарасы үчүн акы төлөө 271,3 300,0  410,1  136,7  110,1  151,2 
14224200 Таштандыларды чыгаруу үчүн жыйым 564,5 300,0  925,1  308,4  625,1  163,9 
14222200 Юстиция органдары тарабынан алынуучу мамлекеттик алым 643,4 1 338,4  463,4  34,6  -875,0  72,0 
14311100 Башка салык эмес кирешелер 287,7 530,0  351,6  66,3  -178,4  122,2 
31412110 Кыймылсыз мүлктү сатуудан түшкөн каражат 220,0 450,0  450,0  100,0  0,0  204,5 
  Каржы Министрлигинен средства перед-ые 1 500,0  2 657,3  2 657,2  100,0  -0,1  177,1 
  Атайын  каражат  эсеби 4 723,4  5 800,0  5 714,0  98,5  -86,0  121,0 
  Жергиликтүү  бюджеттик  киреше 38 334,3 40 051,2 42 630,9 106,4  2 579,7  111,2 


Өнүгүү программасын ишке ашырууда шаардын өнөктөштөрү:

  • Жергиликтүү ишкерлер.

Өнүгүү программасын ишке ашырууда, ишкерлердин кызыкчылыгын көрсөтүүдө жергиликтүү ишкерлердин ролу 
абдан чон. Алар шаардын экономикалык саясатын калыптандырууда,  бизнести, ишкердүүлүктү өнүктүрүүдө негизги
  өнөктөш катары катышышат. Шаар бийлиги жергиликтүүишкерлерди колдоого алат жана алардын өнөктөш катары
калыптануусуна  жардам көрсөтөт.

  • Билим берүү, маданият жана спорт мекемелери.

Шаардын социалдык саясатын жүргүзүүдө, маданиятты, спортту жана татыктуу билим алууну ишке ашырууда  
билим берүү, маданият жана спорт мекемелери шаардык бийликтин башкы өнөктөштөрү болуп саналат.  
Бул мекеме ишканалар шаардын социалдык саясатын аныктоодо жана ишке ашырууда катышышат.

Шаардын 5 жылдан кийинки элеси

  • Кербен шаары –айыл чарба жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн регионалдык борборуна
    айланган, экономикалык дарамети күчтүү  шаар,
  • Кербен шаары –инфраструктурасы өнүккөн, жашоого ынгайлуу бардык  шарты бар,   жагымдуу жана
    коопсуз  шаар;
  • Кербен маданият тармагында сапаттуу кызмат көрсөткөн маданий өнүгүүнүн регионалдык борбору;
  • Шаардын жаштары спорт жана дене тарбиясы менен массалуу түрдө машыгышкан, атактуу 
    спортчулардын шаары.

Шаардын элесинде белгиленген элементтер жана алардын мааниси

«Айыл чарба жана мал чарба продукцияларын кайра иштетүүнүн  регионалдык борборуна айланган, 
экономикалык дарамети күчтүү шаар”

Учурдагы иштеп жаткан ишкерлердин дараметин жогорулатуу жана ишкерликти колдоого алуу, инвестициялык 
аймак түзүү жана инвесторлорду тартуу  аркылуу  айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү тармагындагы 
жаңы ишканалардын саны  өсөт.Шаарда жүндү, терини, тыбытты, этти, сүттү, кайналыны, алманы кайра 
иштетүү  ишканалары ачылып,  сыртка сатууну уюштурууда шаар жетектөөчү  ролду аткарат.

«Инфраструктурасы өнүккөн, жашоого ыңгайлуу, жагымдуу шаар»

Кербеншаары – жашоого бардык шарты бар жагымдуу шаар.  Шаардын тургундары  үчүн жашоого жана иштөөгө
жагымдуу шарттар  түзүлөт.   Жолдору тегиз жана стандартка  ылайык жасалган, көчөлөрү жарыктандарылган,
шаардагы тургундардын коопсуздугу жана коомдук тартип  тийиштүү жолго коюлган, жашыл жана таза шаарга
айланат.  Шаардын калкы таза суу менен камсыз болуп, ирригация жана канализация системасы, таштандыларды
чыгаруу  жөнгө салынат.

«Шаардын жаштары спорт жана дене тарбиясы  менен массалуу түрдө машыгышкан, 
атактуу спортчулардын шаары.

Шаарда жаштарга, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга спорт жана дене тарбия менен машыгуу үчүн бардык 
шарттар түзүлөт. Спорттук курулмалардын материалдык-техникалык базасы шаардын тургундарынын
талаптарына жооп берет жана спорт жаатында акылуу кызматтарды көрсөтүү мамилелери  калыптанат.

«Маданият тармагында сапаттуу кызматтарды көрсөткөн маданий өнүгүүнүн регионалдык борбору»

Шаар тургундары үй-бүлөсү жана достору менен  маданий эс алууга  бардык шарттар жаратылат. 
Коомдук жайлар, борбордук сейил багы такай иштеп,  шаар маданияттын жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн
регионалдык  борборуна айланат.

Артыкчылыктуу өнүгүү  багыттар жана долбоорлор

  1. Айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү тармагын түзүү жана өнүктүрүү

                                                          Максаты:

  1. Кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу жана жаны жумушчу орундарды түзүү.
  2. Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүү.

Жергиликтүү мал чарба жана айыл чарба сырьелорун эске алуу менен Кербен шаарында стратегиялык маанилүү
багыттардын бири болуп айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү тармагын түзүү жана өнүктүрүү саналат.

Бүгүнкү күнү Кербен шаарынын айланасында жайгашкан Аксы, Алабука, Чаткал райондорунда өндүрүлгөн
мал чарба продукциялары, жогорку сапаттагы органикалык кайналы, алма, бал продуктылары жергиликтүү 
базарларда сырье катары эн төмөнкү баада сатылат. Көпчүлүк айыл чарба  продукцияларынкошуна тажик 
ишкерлери сырье катары сатып алып, өз мекенинде кайра иштетип, даяр товар катары жогорку баада экспортко 
чыгарышат. Жакынкы аймактарда жана шаарларда кайра иштетүү ишканаларынын жоктугуна байланыштуу 
жергиликтүү  базарларда, дүкөндөрдө Чүйдөн,  Казакстандан жана Россиядан ташып алып келинген эт жана
сүт продуктылары  сатылат.
Кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу жана кошумча нарк тизмегин өнүктүрүүири көлөмдөгү инвестицияларды 
талап кылат. Инвесторлорду тартуу үчүн шаарда жагымдуу инвестициялык имидж жаратууга, кайра иштетүү
ишканалары үчүн инфраструктура (жер аянты, жетиштүү көлөмдөгү суу,  электр энергиясы, канализация системасы)
түзүүгө шаар бийлиги өзгөчөбасым жасайт.Өнүктүрүү программасынын алкагында коюлган максатка жетүүүчүн 
төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылат:

  • «Шаарда инвестициялык аймакты түзүү» долбоору.  Долбоордун алкагында 42,0 га жер аянтына  
    инфраструктуралык түзүм жаратылат. Бул канализация жана суу системасы, таштандыларды ташууну 
    уюштуруу, электр энергиясынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылууну уюштуруу. Инвестициялык аянтка
    ажыратылган 42,0 га жердин 2,0 га жер муниципалдык менчикте, ал эми 40,0 га жерди трансформациялоо
    талап кылынат.

Инвестициялык аймакта инвесторлор үчүн жагымдуу шарттарды жаратуу менен инвестиция тартуу, кайра иштетүү 
ишканаларын ачуу жана өнүктүрүү  мүмкүнчүлүгү  жаралат.

Инвестициялык аймакта төмөндөгү айыл чарба продуктыларын кайра иштетүү ишканаларын уюштуруу
пландаштырылууда:

  • Кайналыны кайра иштетүү ишканалары,
  • Алманы кайра иштетүү, сок чыгаруучу ишканалар,
  • Заманбап мал союучу жайлар,
  • Этти жана сүттү кайра иштетүүчү ишканалар,
  • Жүндү жана терини кайра иштетүү ишканалары.
  • «Чакан логистикалык борборлорду» уюштуруу долбоору. Логистикалык борборлор аркылууайыл
    чарба продукцияларын сактоо, кайра иштетүү жана экспортко чыгаруу иш-чаралары жүргүзүлөт.
    Шаар бийлиги Кыргыз Өкмөтүнүн логистикалык борборлорду уюштуруу боюнча  жүргүзгөн саясатын 
    толук колдоого алат.  Шаарда жагымдуу инвестициялык имидж жаратуу үчүн инвестициялык аймактын 
    жагымдуу шарттары жөнүндө, жергиликтүү айыл чарба продукциялары жөнүндө кенири маалыматтар 
    таркатылып,  шаарда бизнес форумдар уюштурулат, инвесторлор менен жолугушуулар жана 
    сүйлөшүүлөр өткөрүлөт.
  1. Жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана алардын бизнес жүргүзүү потенциалын жогорулатуу.

                                                   Максаты:

  1. Жергиликтүү ишкерлер менен шаар бийлигинин ортосундагы байланышты күчөтүү
  2. Жергиликтүү ишкерлердин жергиликтүү экономикалык саясаттагы активдүү катышуусун камсыз кылуу.

Кербен шаарын экономикалык потенциалы күчтүү шаарга айландыруу шаар бийлигинин негизги максаты.

Коюлган максаттарга жетүү үчүн шаар бийлиги бир катар милдеттерди жана долбоорлорду жүзөгө ашырат. 
Жергиликтүү  экономиканын өнүгүүсүн камсыз кылуучу негизги факторлордун бири – бул  шаардын 
аймагындаишкердүүлүк жүргүзгөн жеке ишкерлер.Жергиликтүү  ишкерлер менен байланышты күчөтүү,
алардын потенциалын жогорулатуу жана экономикалык саясатка катышуусун  камсыз кылуу шаар бийлигинин 
негизги максатыболуп саналат.  Бул максатка  жетүүүчүн төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылат:

  • “Муниципалдык жана жеке сектордун ортосундагы кызматташууну күчөтүү” долбоору.

Долбоор ишкерлер менен шаар бийлигинин ортосунда байланышты, кызматташууну өнүктүрүүгө багытталат.
Долбоордун алкагында ишкерлердин же шаар бийлигинин демилгеси менен такай талкуулар өткөрүлүп,
  ишкердүүлүктү жана экономиканы өнүктүрүүнүн маанилүү маселелери  биргеликте талкууланып, чечилет.

Жеке жана муниципалдык кызматташуунун жол-жоболору  иштелип чыгат.

Шаар бийлиги ишкерлерди жергиликтүү экономикалык саясатты ишке ашырууда, бизнести өнүктүрүүдө башкы 
өнөктөшү катары карайт. Өнүгүү программасынын алкагында ишкерлерге колдоо көрсөтүү максатында жергиликтүү
ишкерлердин  бизнес идеяларды ишке ашыруу потенциалын көтөрүүгө,  алар үчүн окутуулар жана алдыңкы тажрыйба 
алмашууларды уюштуруу, жайылтууга көмөктөшөт.

  1. Шаардын инфраструктурасын түзүү жана  шаардын тургундарына жашоо үчүн ынгайлуу 
    шарттарды жаратуу

                                                Максаты:

  • Шаардын инфраструктурасын түзүү,
  • Жашоо үчүн ынгайлуу шарттарды жаратуу

Программанын алкагында шаар бийлиги биринчи иретте шаардын ички инсраструктурасын түзүүгө өзгөчө көнүл бурат.  
Бул ички жолдордун абалын жакшыртуу, таза суу, канализация системасын түзүү, сырткы жарыктандырууну уюштуруу.  
Тийиштүү инфраструктураны түзүү аркылуу шаар тургундарына ынгайлуу жашоого шарт түзүлөт жана Кербен шаары 
шаар катары калыптанат.

Бул багытта ишке ашырылуучу долбоорлор:

“Жарык шаар” долбоору.  Долбоордун алкагында шаардын бардык көчөлөрүндө,  коомдук жайларда 
энергоэффективдүү светильниктер орнотулуп, сырткы жарыктандыруу системасы жакшырат.  
Сырткы жарыктандырууну жакшыртуу менен   шаар бийлиги көрүүнү камсыздоо, коопсуздук, жарандардын
эстетикалык керектөөлөрүн камсыздандыруу маселелерине  өзгөчө басым жасайт. Ошондой эле экономикалык 
жактан жарыктандырууга кеткен чыгымдар оптималдаштырылат.

  • “Саркынды сууларды чыгаруучу түтүктөрдү орнотуу жана тазалоочу курулма куруу” долбоору.
  • “Коопсуз шаар” долбоору. Долбоор укук коргоо органдарын заманбап техникалык каражаттар жана
    маалымдоо системасы менен жабдууну ичине камтыйт. Шаардын борбордук көчөлөрүнө видеорегистраторлор 
    орнотулат. Бул жарандардын коопсуздугун камсыз кылып,  транспорт кыймылын мыйзамдуу иштөөгө түрткү 
    болот жанашаардын жолдорунда коопсуздукту максималдуу жогорулатат. Долбоор шаардагы жол кыймылын
    жакшы башкарууга шарт түзөт, жол кырсыктарынан улам пайда болгон талаш-тартыштарды оперативдүү
    жана негиздүү чечүүгө жардам берет.
  • “Таза шаар” долбоору. Таштандыларды тазалоону уюштуруу жана шаардын тазалыгын камсыз 
    кылуунушаар бийлиги негизги милдеттеринин бири катары карайт. Долбоордун алкагында  таштандыларды
    таштоочу жайды тосмолоо жана атайын техникалар (суу чачуучу, таштанды ташуучу, таштанды 
    сүрүүчү техникалар) менен камсыз кылуу, таштанды салынуучу контейнерлерди орнотуу
    иш-чаралары аткарылат.
  • «Ички жолдорду кенейтүү жана реконструкциялоо» долбоору. Шаардын бардык ички жолдору
    стандартка ылайык ремонттолот. Шаардыктар үчүн ынгайлуу коомдук мейкиндик жаратылат. 
    2018- жылы жалпысынан 6 км жолго асфальт төшөлөт.  Жалпы 4 жылда  30 км жолго асфальт төшөлөт.
  • «Шаардын тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу» долбоору.  
    Долбоор Бүткүл дүйнөлүк Банктын жардамы жана финансылык колдоосу  менен ишке ашырылат.
    Долбоордун алкагында шаардын аймагында суу түтүктөрү тартылып жана жаныланып, таза суу менен 
    үзгүлтүксүз камсыз кылуу мүмкүнчүлүгү жаралат. Долбоордун биринчи фазасы  – 278 млн. сомду түзөт 
    жана  60% шаардыктар суу менен камсыз болушат.
  1. Спортту өнүктүрүү

                                      Максаты:

  • Шаардыктарда бакубат жашоо образын калыптандыруу
  • Профессионалдуу спортту өнүктүрүү
  • Спорт багытында базар-экономикалык мамилелерди жана акылуу кызматтарды өнүктүрүү.

Бүгүнкү учурда спорт менен машыккан негизги калктын катмары – бул жаштар. Ошондуктан шаар бийлиги
жаштарды жана ар түрдүү спорттук иш-чараларды жана анын ичинде спорттук акы төлөнүүчү кызматтарды 
өнүктүрүүнү колдойт. Жаштар эле эмес, улуу муундагы шаардыктардын, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын 
дагы спорт жана дене-тарбия менен машыгууга шарттар түзүлөт. Спорт курулмаларынын материалдык-техникалык
базасын чыңдоого, ар түрдүү спорттук иш-чараларды, конкурстарды өткөрүүгө өзгөчө көңүл бөлүнөт.
Спортту өнүктүрүү  багытында коюлган максаттарга жетүү үчүн  төмөндөгү долбоорлор ишке ашырылат:

  • “Спорт комплексин куруу” долбоору. Долбоордун алкагында шаардын аймагында спорт комплексин 
    куруу ишке ашырылат. Спорт комплексте спортчулар  үчүн бардык шарттар жаратылып, тийиштүү эмеректер
    орнотулат. Бул иш-чаранын жыйынтыгында спорт менен профессионалдуу машыккандардын саны көбөйүп, 
    спорт багытындагы акы төлөнүүчү кызматтар өнүгөт. 
  • «Спорт курулмаларынын материалдык-техникалык базасын чондоо» долбоору. 
    Азыркы учурда иштеп жаткан спорт курулмаларында кошумча жабдуулар орнотулуп, дене-тарбиясы жана
    спорт менен машыгууга шарт жакшырат. Спортту колдоо менен төмөндөгү жыйынтыктарга жетишүүгө болот:
  • жаштардын жана жалпы эле шаардыктардын дене-тарбиясына жана спортко болгон кызыгуусун колдоо,
  • дене-тарбия жана спорт менен машыгуунун базар-экономикалык (рыноктук) мамилелерин калыптандыруу,
  • дене-тарбия жана спорт тармагына профессионалдуу кадрларды тартуу.
  • “Жаштык стадионуна бассейн жана кичи футбол аянтчасын куруу” долбоору.Кичи футбол 
    аянтчасын куруу менен жаштар үчүн футбол менен профессионалдуу машыгууга шарт жаратылат.
    Ошондой эле жаштардын бош убактысын пайдалуу жана натыйжалуу өткөрүүгө түрткү  болот.
  1. Маданият жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү

                                         Максаты:

  • Шаардын жарандарына  эс алууга  ыңгайлуу шарттарды жаратуу,
  • Маданий баалуулуктарды өнүктүрүү.

Келечекте Кербен шаарын маданият тармагында сапаттуу кызматтарды көрсөткөн,  борбордук сейил багы такай
иштеген  маданий өнүгүүнүн регионалдык борборуна айландыруу  Өнүгүү программанын негизги максаттарынын
бири. Жергиликтуу элдин тарыхый жана маданий мурастарын, баалуулууктарын онуктурууго, сактоого озгочо
конул бурулат. Шаар тургундары үй-бүлөсү жана достору менен   эс алууга  бардык шарттар жаратылат. 
Коомдук жайлар, борбордук сейил багы такай иштеп,  шаар маданияттын жана сапаттуу кызмат көрсөтүүнүн
регионалдык  борборуна айланат.

Бул багытта ишке ашырылуучу долбоорлор:

  • «Муниципалдык — жеке ишкерлер менен кызматташуу принцибинин негизинде
    борбордук сейил багын реконструкциялоо» долбоору
    .

Долбоордун алкагында райондун калкы жана шаардыктар үчүн эс алууга шарттар жаратылат:

  • бак ичиндеги аллеяларда жана эс алуу зонасында түнкү жарыктандыруу системасы уюштурулат,
  • балдар жана эс алуучулар үчүн аттракциондор орнотулуп,  алардын иштеши камсыз кылынат,
  • эс алуучууларга керектүү башка кызматтар уюштурулат,
  • бак ичиндеги калдыктарды тазалоо иштери уюштурулат,
  • тосмолоо жумуштары жүргүзүлөт

Долбоордун алкагында шаардыктар эс алуу үчүн шарттар жаратылат. Келечекте   сейил багы шаардыктардын
  массалык көнүл ачуучу иш-чараларга катышууга, үй-бүлөсү жана достору менен  эс алууга  болгон муктаждыгын
канааттандыруучу  коомдук жайга айланат. 

  • «Тарых музеин уюштуруу» долбоору.

Аксы району  тарыхы жана маданияты бай район. Райондун аймагынан атактуу ишмерлер жана инсандар көп чыккан.
Долбоор райондогу элдин тарыхын жана маданий баалуулуктарын чагылдырган музей уюштуруу максатын көздөйт. 
Музей Борбордук сейил багынын аймагында уюштурулат жана шаардын тарыхый баалуулуктарынын катарын толуктайт.

Бюджеттик саясат

Шаардын өнүктүрүү программасында көрсөтүлгөн иш-чараларды аткаруу кошумча финансы каражаттарын 
жана финансы булактарын табууну талап кылат. 

  1. Шаардын бюджеттик саясаты биринчи иретте шаардык бюджеттин киреше бөлүгүн көбөйтүүгө багытталат.  
    Бул багытта шаар жергиликтүү ишкерлерге колдоо көрсөтүү, муниципалдык менчик имараттарын ишкерлер
    үчүн ынгайлуу шартта берүү,  экономикалык жагымдуу шарттарды жаратуу менен жаны жумушчу орундарын, 
    жаны ишканаларды түзүү аркылуу бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмүн көтөрүүнү  колго алат.
  2. Шаар бийлиги Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын салык 
    сферасында өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун тартиби жөнүндөгү 
    №202 Токтомун аткарууну колго алат.  Бул Токтомдун ишке ашырылы менен шаардын салык кызматынын
    ишмердүүлүгү жана салыктарды жыйноодогу ролу күчөтүлүп, көмүскө экономиканын денгээли төмөндөйт, 
    бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмү жогорулайт.
  3. Шаар бийлиги программалык бюджетке өтүүнү толук колго алат. Программалык бюджетке өтүү этап менен
    ишке ашырылат жана бул багытта атайын тажрыйбалуу эксперттер кошумча ишке тартылып, керектүү 
    документтер иштелип чыгат жана окутуулар өткөрүлөт. Программалык бюджетке же жыйынтыкка 
    негизделген бюджетке өтүү  бюджет каражаттарын  натыйжалуу пайдаланууга, керексиз чыгымдарды
    азайтууга жана сарпталган чыгымдардын жыйынтыгын ачык  көрүүгө алып келет.  

                                          Мониторинг жана баалоо

Өнүгүүпрограммасынишкеашыруунубаалоожүргузүү 3 денгээлдеаткарылат:

А.Биринчи денгээл

Бул элестин, анын элементтеринин денгээли.  Элес көрсөткүчтөр менен элементтерге бөлүнгөн,
ал мониторинг менен баалоону жеңилдетет.

Б. Экинчи денгээл
Бул стратегиялык максаттар жана алардын көрсөткүчтөрү. Ал негизинен сапаттык мүнөзгө ээ.

С. Үчүнчү  денгээл

Долбоорлор жана алардын көрсөткүчтөрү. Мындай көрсөткүчтөр конкреттүү мүнөзгө жана санга ээ.

Ал эми мониторинг такай  жүргүзүлөт. Мониторинг жана баалоо мэриянын кызматкерлери, жергиликтүү 
кенештин депутаттары жана атайын түзүлгөн мониторинг топтору тарабынан ишке ашырылат.

Элестин жана анын элементтеринин денгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн потенциалдуу көрсөткүчтөрү
  1. Экономикалык өнүгүүнүн  негизги көрсөткүчтөрү,
  1. Өндүрүлгөн продукциянын жалпы көлөмү,
  1. Көрсөтүлгөн кызматтар,
  1. Калктын иш менен камсыз болуусу, жаны түзүлгөн жумушчу орундар
  1. Тышкы жана ички инвестициялар.

Стратегиялык максаттар жана долбоорлордун денгээлинде мониторинг жана баалоо жүргүзүүнүн  потенциалдуу  
көрсөткүчтөрү төмөнкүлөрдү эске алуу менен түзүлөт:

  • Ар бир долбоордун көрсөткүчтөрү,
  • Өнүгүү программасын ишке ашыруу планы жана күтүлүүчү натыйжалар,
  • Аткарылган иш-чаралардын сарпталган финансы каражаттары менен дал келүүсүн 
    баалоонун көрсөткүчтөрү.

Стратегиялык максаттар жана долбоорлордун денгээлинде мониторинг жана баалоонун деталдуу 
планы мэриянын тийиштүү  кызматкерлери тарабынан же мониторинг жүргүзүү  тобу тарабынан иштелип чыгат.

Шаарды өнүктүрүү программасынын форматы


п.п.
Милдеттер Иш-аракеттер Ишке ашыруу мөөнөтү Күтүлүүчү жыйынтыктар (индикаторы) Жооптуу               аткаруучулар
1 2 3 4 5 6
1.     Өнүгүү сферасы: Бизнес  жүргүзүү жана инвестиция тартуу үчүн жагымдуу шарттарды

жаратуу.

Максаты:

·          Шаарда жагымдуу инвестициялык шарт жаратуу менен  инвестициянын көлөмүн көбөйтүү.

·          Айыл чарба продукцияларын кайра иштетүүнү өркүндөтүү жана кошумча нарк тизмегин өнүктүрүү

·          Жергиликтүү ишкерлерди колдоо жана алардын бизнес идеяларын ишке ашыруу потенциалын жогорулатуу.

1. Милдеттер Иш-аракеттер Мөөнөтү Күтүлүүчү натыйжа Жооптуу аткаруучу
1.1 Шаардын Генпланын иштеп чыгуу жана бекитүү – долбоор түзүү үчүн алгачкы маалыматтарды топтоо,

– генпландын долбоорун даярдоо,

– генпландын долбоорун коомдук талкуулоо, 

– генпланды жергиликтүү кеңешке сунуштоо

2018 – шаардыктардын пикирин эске алуу менен толукталып,

– жергиликтүү кеңеште бекитилген Генплан

.Тендерде утуп алган аткаруучу компания,

 шаар мэриясы,

шаардык кеңеш

1.2 Инвестициялык аймакта бизнес үчүн  инфраструктурасын түзүү: канализация, таза суу, электр энергиясынын жетиштүү көлөмүн камсыз кылуу

 

-канализация, суу, электрлештирүү системасынын планын иштеп чыгуу,

-тийиштүү мекеме уюмдар менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү,

-финансылык план түзүү

 

2018 Аймактын инвестициялык жагымдуулугу жогорулайт, инвестиция тартуу үчүн ынгайлуу шарт жана инфраструктура  түзүлөт Шаар мэриясы,

Донорлук уюмдар

1.3 Инвестициялык аймакта уюштурулуучу бизнестин түрлөрүн аныктоо – ишкерлер жана инвесторлор менен жолугушуулар, талкуулар,

-депутаттык туруктуу комиссиялардын заседаниенде,  жергиликтүү кеңештин сессиясында кароо, талкуулоо

2018-2020 – өнөр жай зонасында уюштурулуучу бизнестин түрлөрү  аныкталат,

– тийиштүү депутатык комиссиялардын корутундулары,

жергиликтүү кеңештин токтомдору кабыл алынат.

Шаар мэриясы,                       шаардык кенеш
1.4 Инвестициялык аймакта айыл чарба продукцияларын (кайналы, алма, тыбыт, эт,  сүт, тери) кайра иштетүүчү  ишканаларды ачууга инвесторлорду жана ишкерлерди чакыруу -инвестициялык аймактын жагымдуу шарттары жөнүндө маалымат таркатуу,

-шаарда бизнес форумдары уюштуруу менен жергиликтүү айыл чарба продукциялары жөнүндө кенири маалымат таркатуу,

-инвесторлор менен жолугушуулар жана сүйлөшүүлөрдү өткөрүү,

-келишимдерди түзүү

2019 айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү багытында жаны ишканалар ачылып, ишмердүүлүгүн башташат. Шаар мэриясы, бизнес өнөктөштөр
1.5 Жергиликтүү  ишкерлер менен шаар бийлигинин ортосундагы байланышты жакшыртуу боюнча Жобону иштеп чыгуу жана бекитүү – жобонун долбоорун даярдоо,

-жергиликтүү ишкерлер  менен талкуулоо,

-жергиликтүү  кенеште  бекитүү

 

2018 – жергиликтүү ишкерлер менен бийликтин ортосундагы байланышты жөнгө салуучу документ иштелип чыгат жана бекитилет.

 

 Шаардык мэрия, шаардык кенеш

жергиликүү ишкерлер

1.6 Жобонун негизинде жергиликтүү ишкерлер менен регулярдуу жолугушууларды, талкууларды өткөрүп туруу. -ишкерликти өнүктүрүү маселелерин,  көйгөйлөрүн талкуулоо,

-жергиликтүү экономикалык маселелерди талкуулоо,

 

2018-2022 -шаар бийлиги менен ишкерлердин ортосундагы байланыш күчөйт,

-биргеликте чечүүчү  маселелер аныкталат,

-ишкерлердин экономикалык маселелерди чечүүдөгү активдүүлүгү  жогорулайт.

Шаар мэриясы, жергиликтүү ишкерлер
1.7 Жергиликтүү ишкерлердин потенциалын көтөрүү, бизнес идеяларын ишке ашырууга түрткү берүү -тажрыйба алмашууларды, окутууларды уюштуруу,

-маалыматтык, консультациялык жардам көрсөтүү,

-бизнес форумдарды, ярмаркаларды  уюштуруу

2018 -өзүнүн бизнес идеяларын ишке ашыра алган жергиликтүү ишкерлердин саны көбөйөт жана активдүүлүгү жогорулайт. Шаар мэриясы жана бизнес өнөктөштөр
1.8 Курулуш  айылына  мал  союучу  жай  куруу -тийиштуу документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жургузуу,

-мал соючу жайды ишке киргизүү

2019-2020 -санитардык-гиегиеналык шарттар сакталган заманбап мал союучу жай уюштурулат
1.9 Чакан  логистикалык борборлорду уюштуруу -логистикалык борбор  үчүн керектүү документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-чакан логистикалык борборлорду ишке киргизүү

2019-2022 -айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү жана  сактоочу жайлар  уюштурулат.

-транспорт кызматы уюштурулат.

 

 

2.     Өнүгүү сферасыШаардын тургундарына жашоого ынгайлуу шарттарды  жаратуу

 

Максаты:

·          Шаардын жарандарына жашоо үчүн  ыңгайлуу шарттарды жаратуу.

·          Шаардын инфраструктурасын калыптандыруу

 

   

Милдеттер

Иш-аракеттер Мөөнөтү Күтүлүүчү натыйжа Жооптуу аткаруучу
2.1 Ички жолдорду кенейтүү жана асфальттоо Шаардын борбордук көчөлөрүн   Жени-Жок жана Байназаров  көчөлөрүн, Күлүк-Дөбө айылындагы А. Момунов көчөсүн, Ак-Дөбө айылындагы Алибек көчөсүн стандартка ылайык асфальттоо, Курулуш, Дон-Кыштак айылдарындагы  жаны конуштардын жолдорун шагалдоо 2018-2019 -шаардын ички жолдору стандартка ылайык жасалып, байланыш жакшырат.

 

Шаар мэриясы,

 

2.2 Саркынды сууларды чыгаруучу түтүктөр жана тазалоочу курулма куруу
2.3 Сырткы жарыктандыруу системасын жакшыртуу. – сырткы жарыктандыруунун деталдык иш планын даярдоо,

– шаардын бардык көчөлөрүнө, коомдук жайларда энергоэффективдүү светильниктерди орнотуу

 

2018-2020 – шаардын бардык көчөлөрүндө, коомдук жайларда сырткы жарыктандыруу  жакшырат,

-айдоочулар жана жөө жүргүнчүлөр үчүн түнкү коопсуздук камсыз кылынат.

 

Мэрия
2.4 “Шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу” долбоорун ишке ашыруу -шаар аймагында суу түтүктөрүн орнотуу, жанылоо иштерин жүргүзүү,

 

2018-2021 Шаардын аймагында жашаган жарандар үзгүлтүксүз берилген таза суу менен камсыз болушат. Шаардын мэриясы,

Бүткүл Дүйнөлүк Банк

2.5 “Коопсуз шаар” долбоорун ишке ашыруу -ИИМдин оперативдүү ишмердүүлүгүн заманбап технологиялар менен жабдуу,

-ИИМдин тийиштүү кызматкерлерин окутуу, даярдоо,

-шаардын борбордук көчөлөрүнө видеокамераларды орнотуу,

-видео, аудио архив уюштуруу

2018-2022 -шаардын жол кыймылын жакшы башкарууга шарт түзүлөт,

-жөө  жүргүнчүлөрдүн коопсуздугу жогорулайт.

Шаар мэриясы,

ИИМ

2.6 Билим берүү тармагына тийиштүү  имараттарды  ремонттоо жана кошумча курулуштарды куруу -№4 “Тан-Шоола”  балдар  бакчасына  ашкана  жана  беседка  куруу,

-Ак-Добо  айылындагы  №18-«Арча-Бешик»  б/бакчасын  королоо  жана  беседка  куруу,

-Мамай  айылындагы  мектепке  спорт  зал  куруу,

-А.Жоробеков  мектебине  туалет  куруу

2019-2022 Балдарга татыктуу билим алууга шарт жаратылат. Шаардык мэрия, Шаардык билим берүү башкармалыгы
2.7 Билим берүү тармагына жаны имараттарды куруу -Дон-Кыштак  айылына  мектеп  куруу,

-Устукан  айылына  30 орундуу  б/бакчасын  куруу,

-Курулуш  айылына  б/бакчасын  куруу,

-Мамай  айылына  балдар  бакчасын  куруу,

-Жардуу-Колот  айылына  балдар  бакчасын  куруу

2019-2022 -мектеп жашына чейинки балдарга  билим жана тарбия  алуу үчүн жаны орундар түзүлөт.

 

2.8 “Таза шаар” долбоорун ишке ашыруу -таштандыларды ташуучу жайды тосмолоо,

-атайын техникалар  (суу чачуучу, таштанды ташуучу, таштанды сүрүүчү) техникалар менен камсыз кылуу,

-шаардын көчөлөрүнө, коомдук жайларга таштанды салуучу контейнерлерди орнотуу

2018-2019 таштандыларды өз убагында сапаттуу тазалоо кызматы жакшырат
2.9 Шаардын мектептерин интерактивдүү доскалар  жана компьютер класстары менен камсыз кылуу -ар бир мектепте компьютер класстарын уюштуруу жана компьютерлер менен камсыз кылуу,

-ар бир мектепке интерактивдүү доскалар менен камсыз кылуу

 

2019 Шаардын мектептери окутуунун жаны усулдарын пайдаланууга заманбап эмеректер менен камсыз болот жана балдардын билимин жогорулатууга шарт түзүлөт. Шаардык мэрия, ШБББ
3.     Өнүгүү сферасы:  Спортту өнүктүрүү

 

Максаты:

·          Шаардыктарда дени-сак жашоо образын калыптандыруу

·          Профессионалдуу спортту  өнүктүрүү

·          Спорт багытында базар-экономикалык мамилелерди жана акылуу кызматтарды өнүктүрүү

 

Милдеттер Иш-аракеттер Мөөнөтү Күтүлүүчү натыйжа Жооптуу аткаруучу
3.1. Шаарда профессионалдуу спортту өнүктүрүү жана борбордук А. Дүйшөбаев стадионунун аймагына спорт комплексин куруу -спорт комплексин куруу үчүн жер аянтын тактоо, тийиштүү документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-спорт комплексти иштетүүгө  берүү,

-акы төлөө кызматтарын киргизүү,

2018-2019. -спорт комплекси курулат,

– профессионалдуу спорт менен машыккан жаштардын саны өсөт,

 -спорт тармагында акы төлөө кызматтары  өнүгөт.

3.2 Кулук-Добо  айылына  спорт  зал  куруу -жер аянтын ажыратуу,

-тийиштүү документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-спорт залды пайдаланууга берүү

 

2019 -Күлүк- Дөбө айылынын жаштары жана тургундары үчүн спорт менен регулярдуу машыгууга мүмкүнчүлүк жаралат.
3.3 Мамай  айылындагы  мектепке  спорт  зал  куруу -тийиштүү  документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-спорт залды иштетүүгө берүү

2019-2020 Мектепте окуган балдар үчүн дене-тарбиясы жана спорт менен машыгууга шарт түзүлөт.
3.4 Стадионго арена куруу -тийиштүү  документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-иштетүүгө берүү

2018-2019 стадиондо массалык-коомдук иш-чараларды өткөрүүгө шарт жаратылат.
3.5 Жаштык стадионунун аймагында бассейн жана кичи футбол аянтчасын куруу -жер аянтын аныктоо, документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-иштетүүгө  берүү

2019-2022 шаардыктар үчүн футбол ойноо жана бассейнде эс алуу кызматтары түзүлөт.
3.6 Шаар аймагындагы  көпүрөлөрдү реконструкциялоо -Андабеков жана Кулчороев  көчөлөрүнүн  ортосундагы  көпүрөнү  ондоо,

-Курулуш айылындагы  жогорку  селевой  каналга  көпүрө  куруу,

-Чомошев  көчөсүндөгү  көпүрөнү  ондоо,

-М.Эргешов  көчөсүндөгү  сел  өтүүчү  каналга  көпүрө  куруу

2018-2020
4. Өнүгүү сферасы:Маданиятты  жана маданий баалуулуктарды өнүктүрүү

 

Максаты:

·          Шаардын жарандарына  эс алууга  ыңгайлуу шарттарды жаратуу,

·          Маданий баалуулуктарды өнүктүрүү.

 

4.1 «Муниципалдык — жеке ишкерлер менен кызматташуу принцибинин негизинде борбордук сейил багын реконструкциялоо» долбоорун ишке ашыруу -бак ичиндеги аллеяларда жана эс алуу зонасында түнкү жарыктандыруу системасын уюштуруу,

– аттракциондорду орнотуу,  алардын иштешин камсыз кылуу,

– эс алуучууларга керектүү башка кызматтарды уюштуруу,

-тосмолоо жумуштарын жүргүзүү

2019-2022 Борбордук сейил багы шаардыктардын  массалык көнүл ачуучу иш-чараларга катышууга, үй-бүлөсү жана достору менен  эс алууга  болгон муктаждыгын канааттандыруучу  коомдук жайга айланат. 
4.2 «Тарых музеин уюштуруу» долбоорун ишке ашыруу -музей куруу үчүн жер аянтын аныктоо,

-тийиштүү документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-музейге керектүү экспонаттарды топтоо,

-музейдин ички бөлүгүн керектүү жабдуулар жана маалыматтар менен камсыздоо

2019-2022 райондогу элдин тарыхын жана маданий баалуулуктарын чагылдырган музей уюштурулуп, шаардын тарыхый баалуулуктарынын катарын толуктайт.
4.3 Ак-Дөбө  айылына  маданият  үйүн  куруу -жер аянтын ажыратуу,

-документтерди даярдоо,

-курулуш иштерин жүргүзүү,

-иштетүүгө берүү

2019-2022 Ак-Дөбө айылынын жашоочулары үчүн маданий жана  массалык иш-чараларды, жолугушууларды, талкууларды өткөрүүгө  шарт түзүлөт.
5       Өнүгүү сферасы:  Шаардын  бюджет  саясаты: кирешелерди көбөйтүү жана чыгымдарды

                              оптималдаштыруу

 

Максаты:

·          Шаардын бюджетине түшүүчү  киреше булактарын көбөйтүү

·          Шаардык бюджеттен каржыланчу  чыгымдарды оптималдаштыруу

 

5.1 К Р Өкмөтүнүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын  салык сферасында өткөрүлүп берилген мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруунун тартиби жөнүндөгү  №202 Токтомун аткарууну колго алуу -тийиштүү мамлекеттик орган менен келишим түзүү

-шаардын салык кызматынын ишмердүүлүгүн жана салыктарды жыйноодогу ролун күчөтүү,

 

2018 -шаар бюджетинин кирешще булактары көбөйөт,

-көмүскө экономиканын денгээли төмөндөйт,

-бюджетке түшүүчү салыктардын көлөмүн  жогорулайт.

Шаардык мэрия, шаардык кенеш
5.2 Программалык бюджетке өтүү -программалык бюджетке өтүүнүн иш планын даярдоо,

-экспертер менен окууларды өткөрүү,

-иш планга ылайык жергиликтүү бюджетти программалык бюджетке өткөрүү

2019 Программалык бюджетке же жыйынтыкка негизделген бюджетке өтүү  бюджет каражаттарын  натыйжалуу пайдаланууга, керексиз чыгымдарды азайтууга жана сарпталган чыгымдардын жыйынтыгын ачык  көрүүгө алып келет.  Шаар мэриясы, шаардык кенеш


Өнүктүрүү программасынын ресурстары
.

Капиталдык салымга суроо-талап

Максаты Финансылоогомуктаждык Мүмкүнчүлүктөр Финансалык
ажырым
РБ ЖБ башка Баарды    гы РБ ЖБ Башка баа
ры
РБ ЖБ Баш
ка
баар
дыгы
1.  

Долбоордун аталышы:  Шаардын Генпланын иштеп чыгуу жана бекитүү

 

1.1 Максаты:

 

4.0 млн 2.0 млн 0.0 6.0 млн 4.0 млн 2.0 млн 0.0 6.0 млн 4.0 млн 4.0 млн
2  

Долбоордун аталышы: Инвестициялык аймакта бизнес үчүн  инфраструктурасын 
түзүү: канализация, таза суу, электр энергиясынын жетиштүү көлөмү

 

2.1 Максаты:

Аймактын инвестициялык жагымдуулугун жогорулатуу, инвестиция тартуу үчүн ынгайлуу шарт жана инфраструктура  түзүү

 

3      Долбоордун  аталышы:  Курулуш  айылына  мал  союучу  жай  куруу

 

3.1 Максаты:

 

0.0 0.0 1.5 млн 1,5

млн

0.0 0.0 1.5 млн 1,5

млн

0.0 0.0 1.5 млн 1,5

млн

 

4.   Долбоордун аталышы:  Чакан логистикалык борборлорду уюштуруу

 

4.1 Максаты:

 

18

млн

2 млн 0.0 20

млн

18

млн

2 млн 0.0 20

млн

18

млн

2 млн 0.0 18

млн

 

5.  Долбоордун аталышы:  Ички жолдорду кенейтүү жана асфальттоо.

 

5.1 Максаты:

Ички жолдорду стандарттарга ылайык асфальттоо жана шаардыктар үчүн ынгайлуу коомдук мейкиндик жаратуу

 

50 млн 10 млн 0.0 60 млн 50 млн 10 млн 0.0 60 млн 50 млн 10 млн 0.0 50 млн
 

6. Долбоордун аталышы:  Саркынды сууларды чыгаруучу түтүктөр жана тазалоочу курулма куруу

 

6.1 Максаты:

 

0.0 0.0 500 млн 500

млн

0.0 0.0 500 млн 500

млн

0.0 0.0 500 млн 500

млн

 

7. Долбоордун аталышы: Сырткы жарыктандыруу системасын жакшыртуу

 

7.1 Максаты:

Шаардын бардык көчөлөрүндө,  коомдук жайларда энергоэффективдүү светильниктерди орнотуу, сырткы жарыктандыруу системасын жакшыртуу

 

1 млн 0.5 млн 0.5  млн 2 млн 1 млн 0.5 млн 0.5  млн 2 млн 1 млн 0,5 млн 0,5  млн 1.5 млн
 

8. Долбоордун аталышы:  Шаар тургундарын үзгүлтүксүз таза суу менен камсыз кылуу

 

8.1 Максаты:

 

135 млн 0.0 280 млн 415 млн 135 млн 0.0 280 млн 415 млн 135 млн 0.0 280 млн 415 млн
 

9. Долбоордун аталышы:  “Коопсуз шаар”

 

9.1 Максаты:

Жарандардын жана шаардын жолдорундагы коопсуздуктукамсыз кылуу жана  транспорт кыймылынын мыйзамдуу иштөөсүн күчөтүү.

 

50 млн 1 млн 0.0 51 млн 50 млн 1 млн 0.0 51 млн 50 млн 1 млн 0.0 50 млн
 

10. Долбоордун аталышы:  Билим берүү тармагына тийиштүү  имараттарды  ремонттоо жана кошумча курулуштарды куруу

 

10.1 Максаты: 0.0 0.0 35 млн 35 млн 0.0 0.0 35 млн 35 млн 0.0 0.0 35 млн 35 млн
 

11.  Долбоордун аталышы:  Билим берүү тармагына жаны имараттарды куруу

 

11.1 Максаты:  0.0 0.0 50 млн 50 млн 0.0 0.0 50 млн 50 млн 0.0 0.0 50 млн 50 млн
12.  Долбоордун аталышы:  “Таза шаар”

 

12.1 Максаты:

Таштандыларды тазалоону уюштуруу жана шаардын тазалыгын камсыз кылуу

 

0.0 0.0 780 млн 780 млн 0.0 0.0 780 млн 780 млн 0.0 0.0 780 млн 780 млн
 

13. Долбоордун аталышы:  Шаардын мектептерин интерактивдүү доскалар  жана компьютер класстары менен камсыз кылуу

 

13.1 Максаты: 0.0 0.0 0.27 млн 0.27 млн 0.0 0.0 0.27 млн 0.27 млн 0.0 0.0 0.27 млн 0.27 млн
14. Долбоордун аталышыА. Дүйшөбаев стадионунун аймагына спорт комплексин куруу

 

14.1 Максаты:

Спорт менен профессионалдуу машыккандардын санын көбөйтүп, спорт багытындагы акы төлөнүүчү кызматтар өнүктүрүү. 

 

30 млн 0.0 20 млн 50 млн 30 млн 0.0 20 млн 50 млн 30 млн 0.0 20 млн 50 млн
 

15. Долбоордун аталышы:  Кулук-Дѳбѳ  айылына  спорт  зал  куруу

 

15.1 Максаты:.

 

10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн
 

16. Долбоордун аталышы: Мамай  айылындагы  мектепке  спорт  зал  куруу

 

16.1 Максаты 10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн
 

17. Долбоордун аталышы: Стадионго арена куруу

 

17.1 Максаты:

 

0.0 0.0 50 млн 50 млн 0.0 0.0 50 млн 50 млн 0.0 0.0 50 млн 50 млн
 

18. Долбоордун аталышы: Жаштык стадионунун аймагында бассейн жана кичи футбол аянтчасын куруу

 

18.1 Максаты:

Жаштардын футбол менен профессионалдуу машыгуусуна шарт жаратуу

0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн 0.0 0.0 10 млн 10 млн
 

19. Долбоордун аталышы: Шаар аймагындагы  көпүрөлөрдү реконструкциялоо

 

Максаты: 0.0 1 млн 0.0 1 млн 0.0 1 млн 0.0 1 млн 0.0 1 млн 0.0 0.0
 

20. Долбоордун аталышы: Муниципалдык — жеке ишкерлер менен кызматташуу принцибинин негизинде борбордук сейил

                                                  багын реконструкциялоо

 

Максаты:

Шаардыктардын  массалык көнүл ачуучу иш-чараларга катышууга, үй-бүлөсү жана достору менен  эс алууга  болгон муктаждыгын канааттандыруу

0.0 0.0 7 млн 7 млн 0.0 0.0 7 млн 7 млн 0.0 0.0 7 млн 7 млн
 

21. Долбоордун аталышы:  Тарых музейин уюштуруу

 

Максаты:

Райондогу элдин тарыхын жана маданий баалуулуктарын чагылдыруу

0.0 0.0 5 млн 5 млн 0.0 0.0 5 млн 5 млн 0.0 0.0 5 млн 5 млн
 

22. Долбоордун аталышы:  Ак-Дөбө  айылына  маданият  үйүн  куруу

 

Максаты: 26 млн 4 млн 0.0 30 млн 26 млн 4 млн 0.0 30 млн 26 млн 4 млн 0.0 26 млн
23. Долбоордун аталышы:

Кербен  шаардык  Кенешинин 
жооптуу  катчысы:                                           Д.Алиев

Админ
Автору Админ June 6, 2018 11:00