Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 30-майындагы № 12/1 токтому

Админ
Автору Админ June 6, 2018 11:01

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  экинчи  сессиясы

                                         Т О К Т О М

2016-2017-жылдарда  Кербен  шаарындагы  ФПС  жерлерин 
 башкаруунун  абалы  жөнүндө 

Кербен  шаарынын  мэриясында 442га  ФПС жерлери  бар,
суулуу  198 га, кайракы 244 га. Жетиген  айылында  20 га  суулу,
2,5 га  кайракы.  Келишимдер  2018-жылы  бүтөт.  Ак-Дөбө  айылы 
боюнча  суулуу  40,35 га, кайракы 83 га  келишимдер  2017-жыл  менен 
бүтөт. Күлүк-Дөбө  айылында  10 га суулуу, 160,65 га  каракы   жер  бар.
Бул  жерлерге  түзүлгөн  келишимдер  2017-жылы  бүткөн.2018-жылы 
аукцион  өткөрүлгөн  эмес.
Курулуш-Живпром  айылында  53 га  суулуу, 24 га кайракы  жерлер  бар.
Бул  жерлердин  келишими  бүтүп, 2018-жылы  апрель  айында  конкурстук 
негизде  элге  берилди. Питомник  участкасында 56 га  жер  бар, 4 га  жердин 
келишими  бүткөн  аукционго  берүү  керек. Калган  52 га  жер  келишим 
бүтө  элек. Конкурстук  негизде  Курулуш  айылында  12,5 гажер  берилип 
1 га  жер  4600 сомдон  болгон. Жалпы  суммасы  57500 сомду  түзөт.
7,5 га  кайракы   жер  конкурстук   негизде  берилип  1 га  жер  орточо 
2700 сомго  айланып  жалпы  баасы  21600  сомду  түздү. Шаар  ичинде 
ижарага  иштеткен  20 соода  точкасы  бар.Алардын  ижара  мөөнөтү  бүткөн 
эмес. 2018-жылга  5 соода  точкасынын  ижарасы  бүтөт. 2 соода  точкасы 
2019-жылы, 8 соода  точкасы  2020-ж., 2 соода  точкасы  2021-ж.,
2 соода  точкасы  2022-ж., 1 соода  точкасы  25 жылдык  мөөнөт  менен 
2041-жылга  чейин  берилген. Кербен  шаарында  мүлктүк  менчикте 
ижарага  берилүүчү  бөлөк  жер  жок.2016-2017-жылдарга  ФПСтин 
эсебинен  түшүүчү  акча  каражаттары  100% га  аткарылган.
Бирок  шаардык  Кеңештин  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу 
комиссиясы  тарабынан  маселе  чийки  даярдалып, ФПСтин  жерлерин 
эффективдүү,багыты  боюнча   иштетүү   маселеси  толук  иликтенип 
такталган  эмес. Маалымат  чала  даярдалынган.
Жогорудагы   маселени  карап   жана  талкуулап  чыгып, Кербен   шаардык   
Кеӊешинин VII  чакырылышынын  кезектеги  он экинчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.2016-2017-жылдарда  Кербен  шаарындагы  ФПС  жерлерин  башкаруунун 
абалы  жөнүндө  маселе  чийки  жана  сапатсыз  даярдалгандыктан  артка 
кайтарылсын.
2.Кербен шаардык Кеңешинин  агрардык  маселелер  боюнча  туруктуу 
комиссиясы, жогорудагы  маселени  кайрадан  карап, тактап  чыгып 
кезектеги  сессияга  алып  чыксын.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн 
Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө  жагы  шаардык  Кеңештин 
төрагасынын  орун басары  Ж.Шакиевге  тапшырылсын.

 

                             Кербен   шаардык 
                             Кенешинин  төрагасы :          Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 30.05.2018-ж. № 12/1

Админ
Автору Админ June 6, 2018 11:01