Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/4 токтому

Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:32

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он үчүнчү  сессиясы

                                    Т О К Т О М

“Таза-Суу  долбоору  боюнча  Кербен  шаарынын  мэриясынын 
атынан 
 М.Токтомушевди  өкүл  кылып  дайындоо  жөнүндө

Кербен  шаарынын  мэринин  19.06.2018-жылдагы № 3-34/477 сандуу 
билдирүүсүндө  жаңы  курулуп  жаткан  “Таза-Суу” долбоорун  жүргүзүүдө 
М.Токтомушевду  Кербен  шаарынын  мэриясынан  өкүл  катары  дайындоого 
шаардык  Кеңешке  билдирген. Бул  өкүлдү  бекитүү  менен  жаңы  курулуп
жаткан  “Таза-Суу”  долбоору  сапаттуу  бүтүп, көп  жылдар  бою  шаардын
калкына  ичүүчү  суу  менен  камсыздалат.   
Кербен  шаардык   Кеңештин  финансы,  бюджет  боюнча  туруктуу  
комиссиясынын  2018-жылдын  20-июнундагы  № 45 токтомун  карап
жана  талкуулап  чыгып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII  чакырылышынын 
кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                     Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарында  ишке  ашып  жаткан  «Таза-Суу» долбоорунун  алкагындагы 
жаңы  курулушуна  Кербен  шаарынын  мэриясынын  атынан  М.Токтомушевду
өкүл  катары  дайындоого  макулдук  берилсин.
2.Кербен  шаарынын  мэриясы: «Кербен  сууканал» муниципалдык  ишканасынын 
жетекчисин  дайындоо  боюнча  КРнын  мыйзамдарына  ылайык  иш  чараларды 
жүргүзсүн.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад 
областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин 
күчүнө   кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча  
туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                          Кербен   шаардык 
                          Кеӊешинин   төрагасы:                     Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 17.07.2018ж. № 13/4








Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:32