Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 17-июлундагы № 13/1 токтому

Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:39

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                        Т О К Т О М

Кербен  шаарынын  мэринин  2018-жылдын  биринчи  жарым 
жылдыгында  аткарылган  иштери  жөнүндө  маалыматы

Кербен  шаарынын  мэринин  2018-жылдын  жарым  жылдыгында  салык
боюнча  жыйымдардын  социалдык   айыл   чарба  курулуш, маданий 
тармактарынын  аткарылган  жумуштары маалымдалды.2018-жылды 
ийгиликтүү  жыйынтыктоо  боюнча  көрүлүп  жаткан  пландары,
аймактарды  өнүктүрүү,Аксы  районунун 90  жылдыгын  өткөрүү боюнча 
маселелер кеңири  талкууланып,Кербен  шаардык  Кеӊешинин
VII  чакырылышынын  кезектеги  он  үчүнчү  сессиясы

                                      Т О К Т О М      К Ы Л А Т :

1.Кербен   шаарынын   2018-жылдын  биринчи  жарым   жылда   аткарган
жумуштары  эске  алынсын.

2.2018-жылды  ийгиликтүү  жыйынтыктоо, аймактарды   өнүктүрүү,
Аксы  районунун  90  жылдыгына  карата  түзүлгөн  иш-чараларды 
аткаруу  боюнча  иш-чараларды  жүргүзсүн.

  1. Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн 
    Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  2. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан 
    кийин  күчүнө   кирет.
  3. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет
      боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

 

                           Кербен   шаардык 
                           Кеӊешинин   төрагасы:                       Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары, 17.07.2018-ж. № 13/1

 

Админ
Автору Админ July 27, 2018 10:39