Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 14/4 токтому

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:19

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин 
VII чакырылышынын  кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы

                                      Т О К Т О М

 2018-жылга  Кербен  шаарынын  бюджетине  айрым  
өзгөртүүлөрдү  
киргизүү   жөнүндө

Кербен  шаардык  Кеӊешинин бюджет,финансы,пландоо жана  арыз 
  даттануулар боюнча  туруктуу  комиссиясынын  20.06.2018-жылдагы 
№ 46 токтому  менен  бекитилген, Кербен  шаарындагы  маркумдардын  
үй-бүлөлөрүнө  материалдык  колдоо  көрсөтүү  боюнча токтомун, 
24.07.2018-жылдагы № 49  жана  26.09.2018-жылдагы № 51 
“Кербен  шаарынын  бюджетине  өзгөртүүлөрдү  киргизүү  жөнүндө 
мэриянын  сунуштарын  кароо  боюнча” токтомдорун  талкуулап  чыгып 
Кербен  шаардык  Кеӊешинин  VII  чакырылышынын 
кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы              
                                   
                                          Т О К Т О М     К Ы Л А Т :

1.Кербен  шаарынын  маркумдарынын  үй-бүлөсүн  каржылоо  боюнча 
бюджет,финансы,  пландоо жана  арыз   даттануулар  боюнча  туруктуу
комиссиясынын 20.06.2018-жылдагы № 46 токтому   колдоого  алынбасын.

2.Кербен  шаарынын  бюджетинен  төмөнкүлөр  каржылансын:

– № 6 Ак-Куу  балдар  бакчасынын  ажаатканасына бүткөрүү-130,0 миң  сом

– № 7 Алтын-Балалык  балдар  бакчасынын  кошумча  бөлмө курууга-170,0 миң  сом

– Кербен  шаарындагы  Нузуп  бийдин  айкелин  бүткөрүүгө  100,0 миң  сом

– Кербен  шаарынын  Гагарин  көчөсүнүн  № 34/2  үйүнүн  тургуну  А.Тумпаеванын 
үй-бүлөсүн  колдоого  10,0 миң  сом  бөлүнүп  берилсин  жана  бала-бакчада 
тарбияланып  жаткан   балдарынын  төлөмдөрү  Кербен  шаарынын  мэриясынын
  бюджетинин  эсебинен  каржылоого  алынсын.

– Аксы  районунун  90 жылдык  маарекесин  өткөрүү   инфраструктураны  
 өнүктүрүүгө   багытталган  каржаттын  эсебинен ага  даярдык  көрүү 
иш  чараларын каржылоо  сунушталсын.

3.Кербен  шаарынын   Ак-Дөбө  айылындагы  К.Узенова  атындагы  
№ 18  «Арча-Бешик»  балдар  бакчасынын  жаӊы  курулган  ашканасына
  эмерек  сатып  алууга  95680 (токсон  беш  миӊ  алты  жүз  сексен) сом 
бөлүнүп  берилсин.

4.Кербен  шаарынын  мэриясынын  эсебине  башкы  планы  үчүн 
республикалык  бюджеттен  келген  5 млн. сом  акча каражаты  
шаардын  башкы  планын  түзүүгө  багытталсын.

5.Кербен  шаарынын  борборундагы  Ныязалы  жана  Уметалиев  
көчөлөрүнүн  кесилишине  айлампа  (круговой) курууга  уруксат
  берилсин.

6.Кербен  шаарынын  мэриясы  Ооган  согушунун  катышуучуларына 
арналган  кинофильмди   тартуу  боюнча  каражаттын  жетишсиздиги  
жөнүндө  кайрылуу  ээсине  билдирүү  берсин.

7.Кербен  шаарындагы  жаӊы  түзүлгөн «Кербен  сууканал»  муниципалдык
  ишканасынын  таза  ичүүчү  сууга  болгон  тарифтери  Кербен  шаардык 
Кеӊешинин  05.03.2014-жылдагы № 8/5 токтомуна  ылайык  аткаруу  
белгиленсин.

  1. «Кербен сууканал» муниципалдык  ишканасына Ак-Дөбө  айылындагы
      суу  түтүктөрүн  оӊдоп  түзөтүүгө  53122 (элүү  үч  миӊ  бир  жүз
      жыйырма  эки) сом  Кербен  шаарынын  бюджетинин  кошумча  түшкөн
      каражатынан  бөлүнүп  берилсин.
  2. Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  
    Жалал-Абад  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
  3. Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  
    кийин  күчүнө  кирет.
  4. Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет 
    боюнча   туруктуу  комиссиянын   төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                               Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 02.10.2018-ж.№14/4



Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:19