Кербен шаардык Кенешинин 2018-жылдын 2-октябрындагы № 14/1 токтому

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:25

Кербен   шаардык   Кенешинин  VII чакырылышынын  
 кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы

                                     Т О К Т О М 

 Кербен  шаарынын  парк, спорттук  курмаларынын  жана
дем  жайларынын  абалы  жөнүндө

Кербен  шаарында Т.Сатылганов  атындагы  парк, А.Дүйшөбаев  атындагы  
жана   «Жаштык»  стадиондору  жайгашкан. Т.Сатылганов  атындагы  парк 3,67 га,
А.Дүйшөбаев  борбордук  стадион 4,53 га, «Жаштык»  стадиону  1,9 га жер  
аянттарын  ээлеп  турат.Паркта  бир директор, кароолчу, жумушчу, эки  стадиондо 
1 директор, 1 адис,2 кароолчу  эмгектенет. 2018-жылга  карата  борбордук  паркта  
4  ижарачы, А.Дүйшөбаев  атындагы   борбордук  стадиондо  1 ижарачы  
ишмердүүлүгүн  жүргүзүп  келүүдө.
“Токтогул”  атындагы  паркын, борбордук  А.Дүйшөбаев  атындагы  жана  
“Жаштык”  стадиондорунун  бүгүнкү  күндөгү  абалдары  начар.
Ижарага  берилген  жерлерге тоорук  (аукцион)  өткөрүлбөгөн,тикелей  берилген.  
Бул  жерде  келишим  бузуулар  бар, акча  каражатты   келишимде  көрсөтүлгөн 
эсепке  төгүлбөйт, ар  айда  өз  убагында  кириштелбейт. Балдар  ойноочу  жайлар 
чаң. Селкинчиктер  сынган, каруселдин  кээ  бир  отургучтарынын  тактайлары  жок. 
Парктын  туалети  2015-жылы  курулган, ошондон  бери  тазаланган  эмес  толуп 
калган. Куураган  дарактар  көп, суунун  жоктугунан  жаңы  олтургузулган  жаш 
дарактардын  көпчүлүгү  куурай  баштаган. Борбордук  стадион  аңгырап  бош  жатат.
Стадиондогу  инвентарлар, ойноочу   жайлар  иретсиз чачыранды, көрүнгөн  
бурчтардан  орун  алып  стадиондун  көркүн  кетирүүдө. Борбордук  стадонго  
2017-жылы  140 миң  сомдук  курулуш  материалдар  сатып  алынган. 10000 миң  
сомдук  материал  иштетилген. Складдын  жоктугуна  байланыштуу  калган  
материалдар  стадиондун  директору  А.Таникуловдун  сарайында  сакталууда.
Кербен  шаарынын  мэриясынын  парк, стадиондорду  эс  алуу  жайларды  
өркүндөтүү  боюнча  иш  пландары  жок. Аларда  ижарадан  түшүүчү 
каражаттарды  көбөйтүү  боюнча  иш  чараларды  жүргүзүү  начар.
Элди  сергек  жашоого  үндөө  колго  алынган  эмес.Стадиондун  аянттарын  
жайгаштыруу  боюнча  пландары  жок.Туруктуу  комиссия  бош  жаткан  жерине  
дарак  отургузуп  спорттук  аянттын  жанын  эс алуу  жайларды  бак  тигүүнү  
уюштурууну  сунуштайт.Стадиондор, парк  үчүн  материал, инвентарларды  
сактоочу  жайларды  куруу  зарыл. Парктагы,стадиондогу  жерлерди  ижарага 
берүү  КР  мыйзамдарына  ылайык  берүү  сунушталат.
Жогорку  маселени  карап  жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык 
Кеӊешинин  VII  чакырылышынын  кезектеги  он  төртүнчү  сессиясы

                          ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  муниципалдык  Т.Сатылганов  атындагы  парктын, 
А.Дүйшөбаев  атындагы  борбордук  жана  “Жаштык”  стадиондорунун  
жетекчилигинин  аткарып  жаткан  иштери  көптөгөн  кемчиликтери 
менен  канааттандырарлык  деп  эсептелинсин.

2.Кетирилген  кемчилдиктер  боюнча  алардын  жетекчилерине  
чара  көрүү  жагы  Кербен  шаарынын  мэри  Н.Эсеналиевге  тапшырылсын.

3.Белгиленген  кемчилдиктерди  жоюу  менен парк, стадиондордун  
аянттарын  ижарага  берүүнү  мыйзамдардын, токтомдорун  негизинде  
тоорук (аукцион)  аркылуу   берүү  жагы  сунушталсын.

4.Парк, стадиондордун  генералдык  жана  деталдык  пландары  түзүлсүн.

5.А.Дүйшөбаев  атындагы  борбордук  стадиондун  бир  бөлүгүнө  бак-дарактарды 
отургузуп, эс  алуу  багын  уюштуруу  жагы  Кербен  шаарынын  мэриясына 
милдеттендирилсин.

6.Кербен  шаарынын  мэриясы, Парк  скверлерди  сугат  суу  менен камсыздоо  
боюнча  кечиктирилгис  чараларды  көрсүн  жана  парк, стадиондордогу  
жабдуулардын  балансын  тактасын.

7.Бул токтом мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн  Жалал-Абад
  областтык  юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.
8.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин  
күчүнө  кирет.
9.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  өнөр жай, транспорт, курулуш, 
архитектура  жана  соода  маселелери  боюнча  туруктуу  комиссиясынын 
төрагасы  төрагасы  А.Ормоналивге  жүктөлсүн.

Кербен   шаардык  
Кеӊешинин   төрагасы:                      Н.Шадыбеков

Кербен  шаары, 02.10.2018ж. №14/1

Админ
Автору Админ October 8, 2018 15:25