Кербен шаардык Керешинин 2019-жылдын 11-январындагы № 16/1 токтому

Админ
Автору Админ January 14, 2019 09:53

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезексиз  он  алтынчы  сессиясы

Т О К Т О М 

Кербен  шаарынын  бузуулар  жөнүндө  иштерди  кароо  боюнча
комиссиясы  тууралуу  Жобосун  жана  комиссиянын  курамын 
бекитүү  жөнүндө

Кыргыз  Республикасынын “Бузуулар  жөнүндө” Кодексинин  313-беренесин,
Кыргы  Республикасынын  Жазык  кодексин, Кыргыз  Республикасынын 
Жоруктар  жөнүндө  кодексин, Кыргыз  Республикасынын  Жазык-процесстик
кодексин, “Пробация  жөнүндө” Мунапыс  берүү  негиздери  жана  аны  колдонуу 
тартиби  жөнүндө”  мыйзамдарын, 2018-жылдын 17-октябрында “Кыргыз 
Республикасынын  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  органдарынын бузуулар
жөнүндө  иштерди  кароо  боюнча комиссиялары тууралуу  Типтүү  Жобону 
бекитүү  жөнүндө”  жергиликтүү  өз  алдынча  башкаруу  иштери  жана  этностор 
аралык  мамилелер  боюнча  мамлекеттик  Агенттиктин  № 01-18/126-чи 
буйругун  аткаруу  максатында, ошондой  эле Кербен  шаарынын   мэриясынын
2019-жылдын  10-январындагы  № 3-34/6 кайрылууларын  карап,  мыйзамдуулук 
боюнча  туруктуу   комиссиянын  10.01.2019-жылдын  № 32  токтомун талкуулап
чыгып, Кербен  шаардык  Кеңешинин  VII  чакырылышынын  кезексиз  
он  алтынчы  сессиясы

                               ТОКТОМ    КЫЛАТ :

1.Төмөнкүлөр  бекитилсин:

-Кербен  шаарынын  бузуулар  жөнүндө  иштерди  кароо  боюнча 
комиссиясы  тууралуу  Жобо  (тиркеме № 1) ;

-Кербен  шаарынын  бузуулар  жөнүндө  иштерди  кароо  боюнча 
комиссиясынын  курамы  (тиркеме № 2)

2.Комиссиянын  ишмердүүлүгү  Жобого  ылайык  жүргүзүүлөрү  белгиленсин 
жана  анын  төрагасы,  орун  басары, катчысы   биринчи  отурумда  шайланат.

3.Комиссиянын  ишин  уюштуруп  жана  жай  бөлүп  берип, материалдык-
техникалык  жактан  колдоо  көрсөтүү  жагы  Кербен  шаарынын  мэриясына 
милдеттендирилсин.

4.Бул  токтом  мамлекеттик  реестрге   киргизүү  жана  каттоо  үчүн 
Жалал-Абад  областтык   юстиция  башкармалыгына  жөнөтүлсүн.

5.Токтом  «www.Kerben.Aksy. kg»  веб-сайтында  жарыялансын.

6.Токтомдун  аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  мыйзамдуулук  боюнча
туруктуу  комиссиянын  төрайымы  М.Камбаровага  жүктөлсүн.

 

                Кербен  шаардык 
                Кеңешинин  төрагасы:                Н.Шадыбеков

 Кербен  шаары, 11.01.2019-ж. № 16/1


Тиркеме № 1

Кербен шаардык Кененшинин
2019-жылдын 11-январындагы
№ 16/1  токтому менен  бекитилген

 

Кербен шаарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо
боюнча комиссиясы тууралуу

                                             ЖОБО         

  1. Жалпы жоболор

1.Ушул Жобо КР бузуулар жөнүндө кодексинде (мындан ары – Кодекс)
каралган Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу
органдарынын бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссияларын
(мындан ары – Комиссия) түзүүнүн жана алардын ишинин тартибин аныктайт.

2.Комиссия жергиликтүү кеңеш тарабынан түзүлөт жана туруктуу иштөөчу
коллегиалдуу орган болуп эсептелет.

3.Комиссия жөнүндө Жобо, анын сандык жана персоналдык курамы
жергиликтүү кеңештин чечими менен бекитилет.

4.Комиссия өз ишмердүүлүгүндө Кыргыз Республикасынын Конституциясын,
Кыргыз Республикасынын бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук
актыларды жана ушул жобону жетекчиликке алат.

5.Комиссия кодексте каралган бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча
ыйгарым укуктарга ээ.

6.Комиссия жергиликтүү  кеңештин алдында отчет берет. Комиссия
жыл сайын, 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган
өз иштери тууралуу отчет даярдап жергиликтүү  кеңешке киргизет.

7.Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан
камсыздоо жергиликтүү  бюджетте каралган каражаттардын эсебинен
жүргүзүлөт.

2.Комиссияны  түзүүнүн  жана  анын  ишмердүүлүгүн

                                  токтотуунун тартиби

  1. Комиссия так санда, 5-11 адамдан, Комиссиянын төрагасынын,
    төрагасынын орун басарынын, катчысынын жана мүчөлөрүнүн
    курамында түзүлөт.

9.Кербен  шаардык Кенеш тарабынан бекитилүүчү Комиссиянын
курамына төмөндөгүлөр киришет:

– жергиликтүү кеңештин депутаттары;

– муниципалдык кызматчылар;

– шаардын, айыл аймагынын чегинде жашаган жарандык коомдун
жана жергиликтүү  жамааттын өкүлдөрү(макулдашуу боюнча).

  1. Жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн
    21 жашка толгон атайын орто жана жогорку билимдүү Кыргыз
    Республикасынын жараны комиссия мүчөсү боло алат.
  2. Жарандык коом жана жергиликтүү жамааттын өкүлдөрүнөн:

–  соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү
чектелген деп табылган;

–   акталбаган негиздер боюнча соттук куугунтуктоосу (жазык иши
токтотулган) мурда жазык жоопкерчилигине тартылган;

–   медициналык корутундуга ылайык ден соолугунун абалы Комиссиянын
мүчөсунун ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган адамдар
Комиссияга мүчө боло албайт.

  1. Комиссиянын иштеп жаткан курамынын ыйгарым укуктары Кербен 
    шаардык Кеңеши Комиссияны түзүү жөнүндө чечим кабыл алган күндөн
    тартып башталат жана Комиссиянын жаны курамы бекитилген учурдан
    тартып токтотулат.
  2. Комиссия мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктары ошондой эле:

– жарандык коомдун жана жергиликтүү жамааттын өкүлү болуп
эсептелген Комиссиянын мүчөсү өз ыйгарым укуктарын токтотуу тууралуу
жазуу жүзүндө арыз берген учурда;

–  Комиссиянын мүчөсү муниципалдык кызматын токтоткондо;

–  Комиссия мүчөсүнө карата соттун айыптоочу өкүмү күчүнө киргенде;

–  күчүнө кирген соттун чечими менен Комиссиянын мүчөсү болуп
эсептелген адам аракетке жөндөмсүз же аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген,
дайынсыз жок болгон же өлгөн деп табылганда;

–  медициналык корутундуга ылайык Комиссиянын мүчөсүнүн
ден-соолугунун абалы ыйгарым укуктарын аткарууга тоскоолдук кылган учурда;

– Комиссиянын мүчөсү болуп эсептелген адам Комиссиянын мүчөсүнүн
намысын жана кадыр-баркын кетирүүчү жосун жасаган учурда;

–  Комиссиянын мүчөсү өлгөндө;

–  Комиссиянын мүчөсү Кыргыз Республикасынын чегинен сырткары
жерге туруктуу жашоо үчүн чыгып кеткенде;

– Комиссиянын мүчөсү  Кыргыз Республикасынын жарандыгынан
чыкканда, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготкондо
же чет мамлекеттин жарандыгын алганда;

–  Кербен  шаардык  Кеңештин депутаты катары ыйгарым укуктарынын
мөөнөтү аяктаганда;

–  жарандык коом жана жергиликтүү жамаат тарабынан өз өкүлүн кайра
чакырып алганда токтотулат.

  1. Комиссиянын жаны мүчөсү Комиссиянын мурдагы мүчөсүнүн ыйгарым
    укуктарын токтотуу жөнүндө чечим кабыл алынгандан 15 календарлык
    күндөн кеч эмес бекитилет.
  2. Комиссиянын ыйгарым укуктары Комиссия өз ыйгарым укуктарын
    аткарбаган же талаптагыдай эмес аткарганда Кербен  шаардык 
    Кеңештин чечими менен токтотулушу мүмкүн.
  3. Комиссиянын жаны курамы Комиссиянын мурдагы курамынын
    ыйгарым укуктары токтотулгандан 5 календарлык күндөн
    кеч эмес түзүлөт.

3.Комиссиянын  ишинин  тартиби

  1. Комссиянын ыйгарым укуктары кодексте аныкталган.
  2. Комиссия бузуулар жөнүндө иштерди отурумдарда карайт.
    Комиссиянын отурумдары зарылчылыгына жараша (материалдын
    түшүшүнө карата) өткөрүлөт. Комиссиянын отурумдарынын
    мезгилдүүлүгү бузуулар жөнүндө иштерди кароонун мыйзам тарабынан
    аныкталган мөөнөттөрүн сактоо камсыз кылынгандай болууга тийиш.
  3. Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышса,
    Комиссиянын отуруму укуктуу болот.

Эгерде Комиссиянын жалпы мүчөсүнүн жарымынан көбү добуш
берсе чечим кабыл алынды деп эсептелет.

  1. Бузуулар жөнүндө ишти Комиссия иштин материалдары келип
    түшкөндөн баштап он күндүк мөөнөттө, Кодексте аныкталган
    тартипте карайт.

21.Кербен  шаарынын  мэри өз чечими менен бузуулар жөнүндө протокол
тузүү боюнча ыйгарым укук берилген адамдарынын тизмегин аныктайт.

  1. Комиссия чечимди анытама же токтом түрүндө чыгарат.
  2. Комиссия бузуу жөнүндө ишти карап чыгат:

А) төмөндөгү токтомдордун бирин чыгарат:

1) жаза чарасын колдонуу жөнүндө;

2) туумду кошуп эсептөө жөнүндө (Кодекстин 29-беренеси);

3) иш боюнча өндүрүштү кыскартуу жөнүндө;

Б) ишти кароо Комиссиянын компетенциясына кирбей тургандыгы
ачыкталган кезде, ишти ведемстволук караштуулугу боюнча өткөрүп берүү
жөнүндө аныктама чыгарат.

  1. Иш боюнча чыгарылган токтомго даттануу тартиби, жаза чаралары
    жана кошумча укуктук кесепеттер жөнүндө токтомду аткаруунун
    тартиби кодексте каралган тартипте жүзөгө ашырылат.

  4.Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктары жана милдеттери

  1. Комиссиянын ишмердүүлүгүн Комиссия төрагасы уюштурат.
  2. Бузуу жөнүндө иштерди кароодо Комиссиянын мүчөлөрү бирдей укукка ээ.
  3. Комиссиянын мүчөлөрү,

Төмөндөгулөргө милдеттүү:

  • Комиссия тарабынан каралып жаткан бузуу жөнүндө иштердин
    материалдары менен таанышууга;
  • Бузуу боюнча иштерди иликтөөгө жана далилдерге баа берүүгө катышууга;
  • Комиссиянын чечимдерин чыгарып жатканда талкуулоого жана добуш
    берүүгө катышууга;
  • Жүрүм-турумдун этикасынын эрежелерин сактоого;
  • Комиссиянын отурумдарынын протоколуна кол коюуга.

Төмөндөгүлөргө укуктуу:

  • Бузуу жөнүндө иштерге катышып жаткан адамдарга суроолорду берүүгө;
  • Бузуу жөнүндө иштер кабыл алынып жаткан чечимдер боюнча
    сунуштарды киргизүүгө;
  • Кодексте каралган башка укуктар.
  1. Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттеринен
    сырткары төмөндөгүлөргө милдеттүү:

–  Комиссиянын ишмердүүлүгүн пландаштыруу, уюштуруу жана жетектөө;

– Комиссиянын отурумдарында төрагалык кылуу;

– Комиссиянын отурумунун күн тартибин бекитүү;

– Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана
токтомдорго) ошондой эле Комиссиянын башка документтерине кол коюу;

– Комиссиянын ишмердүүлүгүнө көзөмөл жүргүзүү.

Комиссиянын төрагасы, Комиссиянын мүчөлөрүнүн укуктарынан сырткары
төмөндөгүдөй укуктарга ээ:

-Өз компетенциясынын чегинде  Комиссиянын атынан ишеним катсыз
аракеттерди жасоого жана мамлекеттик бийликтин органдары, жергиликтүү
өз алдынча башкаруу органдары, кызмат адамдары жана жарандар менен
болгон мамилелерде Комиссиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө;

-Комиссиянын ыйгарым укуктарына кирген маселелер боюнча
тапшырмаларды берүүгө;

-Ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка укуктарга.

  1. Комиссиянын төрагасынын орун басары Комиссиянын милдеттеринен
    сырткары:

– бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын отурумунда кароого алдын ала
даярдоону уюштурат;

– Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

– Комиссиянын төрагасы жок болгон учурда анын ыйгарым укуктарын
ишке ашырат;

– ушул Жобого жана Кодекске ылайык башка функцияларды аткарат.

  1. Комиссиянын катчысы, Комиссиянын мүчөсүнүн милдеттерин
    аткаруудан сырткары:

– бузуулар жөнүндө иштерди Комиссиянын кароосуна даярдоону уюштурат;

өз ишмердүүлүгүн Комиссиянын төрагасынын жетекчилигинин астында
ишке ашырат;

 – Комиссиянын төрагасынын тапшырмаларын аткарат;

        – Келип түшкөн материалдарды, билдирүүлөрдү жана арыздарды,
ошондой эле бузуу жагдайы бар экендигин көрсөткөн, массалык маалымат
каражаттарында (анын ичинде интернетте) жарыяланган кабарларды кабыл
алат жана каттайт;

         – бузуулар жөнүндө протоколдорду, Комиссия тарабынан чыгарылган
токтомдорду жана аныктамаларды Кодекстин жана ушул Жобонун
талаптарына ылайык даярдоону жана тариздөөнү камсыз кылат;

         – Комиссия мүчөлөрүн, бузуулар жөнүндө өндүрүшкө катышып
жатышкан адамдарды талаптагыдай ишти кароонун убактысы жана
орду тууралуу кабарландырат, аларды Комиссиянын кароосуна киргизилген
иштердин материалдары менен тааныштырат;

         – Комиссия отурумдарынын протоколун жүргүзөт жана тариздейт,
аларга кол коет;

         – Комиссия тарабынан чыгарылган чечимдерге (аныктамаларга жана
токтомдорго) кол коет;

         – аныктамалардын жана токтомдордун көчүрмөлөрүн тиешелүү
адамдарга белгиленген мөөнөттөрдө тапшырууну же жөнөтүүнү камсыз кылат;

         – Комиссия тарабынан чыгарылган токтомдорго жана аныктамаларга
даттанууларды кабыл алат, аларды кароону уюштурат;

         – Комиссия тарабынан чыгарылган аныктамалардын жана токтомдордун
аткарылышына көзөмөл жүргүзөт;

         – Комиссиянын иш кагаздарынын жүргүзүлүшүн жана сакталышын
камсыз кылат;

         – бузуулар жөнүндө иштердин кароонун тажрыйбасын иликтейт жана
жалпылайт, Комиссиянын ишмердүүлүгүн жөнгө салуучу ченемдик, укуктук
актыларды өркүндөтүү боюнча сунуштарды даярдайт;

         – отчеттуулукту жана статистикалык отчеттулукту жүргүзөт;

         – Кодекс жана ушул Жобого ылайык башка милдеттерди аткарат.

         Комиссиянын катчысы убактылуу жок болгон учурда анын милдеттерин
Комиссиянын төрагасынын тапшыруусу боюнча комиссиянын мүчөлөрүнүн
бири аткарып турат.

  1. Эгерде Комиссиянын мүчөлөрү:

– бузуу үчүн жоопкерчилике тартылып жаткан адамдын,
жабырлануучунун, анын мыйзамдуу өкүлдөрүнүн, коргоочусунун, өкүлүнүн,
адвокатынын, ошондой

эле күбөсүнүн, эксперттин адистин, котормочунун туугандары болушса,
алардын бузуулар жөнүндө иштерди кароого катышууга акысы жок.

5.Комиссиянын  иш  кагаздарын  жүргүзүү

  1. Иш кагаздарын жүргүзүүгө жалпы жетекчилик Комиссиянын
    төрагасы тарабынан ишке ашырылат, ал бул иштин абалы үчүн
    жоопкерчилик тартат.
  2. Эсеп журналдарынын сакталышы, аларга маалыматтардын өз убагында
    жана анын, так киргизилиши үчүн жоопкерчиликти Комиссиянын
    катчысы тартат.
  3. Бузуулар жөнүндө иш өндүрүүчүнүн катышуучуларына бардык зарыл
    болгон документтерди жөнөтүү Комиссиянын катчысы тарабынан
    жүргүзүлөт.
  4. Бузуулар жөнүндө иштер боюнча кабарламалар ишти кароонун
    датасы дайындалган кийинки күндөн кеч эмес жиберилиши керек.

Жиберилген кабарлама адрессатка тапшырылбай калганы билинген
учурда, комиссиянын жооптуу катчысы ошол замат тапшырылбай
калганынын себептерин аныктоого, бул тууралуу Комиссиянын торагасына
билдирүүгө, анын көрсөтмөсү боюнча кабарламанын өз убагында
тапшырылышын камсыз кылуучу чараларды көрүүгө милдеттүү.

Комиссиянын отурумуна келбеген адамдардын кабарламаларынын
айырма бөлүгү ишке тиркелет.

  1. Бузуу жасалган жерде айып пул өндүрүү учурунда айып пулду төлөө
    банк картасын пайдалануу менен терминал аркылуу жүргүзүлөт,
    ал эми төлөөнүн мындай формасы мүмкүн болбогондо, Комиссиянын
    катчысы бузуу үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамга кабыл
    алынган үлгүдөгү, атайын финансылык отчеттуулуктун документи
    болуп эсептелүүчү жана эки нускада түзүлүүчү айып пул дүмүрчөгүн
    (квитанциясын) берет. Жоопкерчиликке тартылып жаткан адам,
    салынган айып пулду ыктыярдуу төлөмгө макулдугун билдирип,
    айып пул дүмүрчөгүнүн (квитанциясынын) биринчи нускасына
    кол коет, экинчи нускасы жаза чарасы колдонулуп жаткан адамга
    берилет.
  2. Комиссиянын катчысы бузуулар жөнүндө иштерди түзүүнү, аларды
    төмөндөгүдөй хронологиялык тартипте топтоштуруп тигүүнү камсыздайт:

– бузуулар жөнүндө протокол жана ишке байланыштуу башка материалдар;

-отурумдун процессинде ишке кошулган, келип түшкөн иретинде
жайгаштырылган бардык документтер;

– белгиленген тартипте кол коюлган комиссиянын отурумунун протоколу;

-ишти кароонун жыйынтыгында отурумда чыгарылган аныктамалар,
токтомдор.

Баардык документтер көктөмөгө алардын тексти көрүнүп тургандай
болуп көктөлөт.

  1. Комиссия тарабынан каралган бардык иштер эсепке алынууга жатат.
    Иштин номуру каттоо журналындагы катар номурун жана келип
    түшкөн жылды камтыйт.
  2. Бузуулар жөнүндө протокол түзүүчү кызмат адамдары бузуулар жөнүндө
    каралган иштер тууралуу маалыматтарды Комиссия менен ай сайын
    салыштырып турушат.
  3. Комиссия ай сайын Комиссия тарабынан салынган айып пулдардын
    келип турушун казыначылыктын райондук (шаардык) бөлүмү менен
    салыштырып текшерип турат.
  1. Комиссия төмөндөгүдөй эсеп журналдарын жүргүзө алат;

– бузуулар жөнүндө иштерди эсепке алуу журналы;

– айып пул салынган адамдарды эсепке алуу журналы;

– бузууну жасоо үчүн жоопкерчиликке тартылып жаткан адамдарга
жиберилган кабарламаларды эсепке алуу журналы.

  1. Журналдардын барактары номурланган, көктөлгөн, мөөр менен
    бекитилген болууга тийиш, эсеп журналдагы баардык жазуулар
    окуй алгыдай даана, көк же сыя көк түстөгү сыя менен жазылат.
  2. Журналды сактоо мөөнөтү үч жыл. Бузуулар жөнүндө иштерди
    сактоо мөөнөтү 5 жыл. Көрсөтүлгөн мөөнөт аяктаганда алар тизим
    боюнча архивге тапшырылат.
  3. Эсепке алуу журналдары ички колдонуунун документтери болуп
    эсептелет жана мекеме уюмдарга, жеке жарандарга же кызмат
    адамдарына, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган
    учурлардан сырткары, Комиссиянын төрагасынын уруксааты
    жок  берилбейт.

 

Кербен  шаардык  Кеӊешинин 
                  жооптуу  катчысы:                    Д.Алиев

 

Тиркеме № 2

Кербен шаардык Кененшинин
2019-жылдын 11-январындагы
№ 16/1  токтому менен  бекитилген

    Кербен  шаарынын  бузуулар  жөнүндө  иштерди  кароо  боюнча   
                                  комиссиясынын   курамы

            Ф. А. Ээлеген кызматы Билими Жеке номери

(ПИН)

Байланыш телефону, дареги
 

1

 

Мамытов

Чолпон

Шаардык Кенештин депутаты  

Жогорку

 

20504197100637

 

0773020659

Ак-Дөбө а.

 

2

 

 

Кудайбердиев

Улан

 

Вице-мэр

 

Жогорку

 

21010198300153

 

0778101046 Кербен ш.

 

3

 

Абдыкаар  уулу Нурлан Кербен  шаарынын  мэриясынын жетектөөчү  адиси  

Жогорку

 

20808198300738

 

0773106726

Ак-Дөбө а.

 

4

 

Камбарова

Мухабат

Шаардык кенештин депутаты  

Жогорку

 

11403196900587

 

0779900784 Кербен  ш.

 

5

 

Ормоналиев Абдыкадыр Шаардык Кеңештин депутаты  

Жогорку

 

21905196100233

 

0770674848 Кербен ш.

 

6

 

 

Айдарбеков Бакытбек

Кербен  шаарынын  мэриясынын жетектөөчү  адиси-юристи  

Жогорку

 

21410198701283

 

0778757157 Ак-Дөбө а.

 

7

 

 

Жумабаев Жакшыбек

 

Кербен  шаарынын Аксакалдар сотунун төрагасы (макулдашуу  менен)  

Атайын орто

 

20105194400610

 

0773754329

Күлүк-Дөбө

 

8

Сатылганов Молоабдираим Уб.иштебейт (макулдашуу  менен) Атайын орто 21202196100493 Ак-Дөбө  а.
 

9

 

Арзыматов

Уланбек

Жеке ишкер

(макулдашуу  менен)

Атайын орто 1501197600219 Кербен  ш.

 

 

10

 

Койчубекова  Гулзат Шаардык Кенештин депутаты Атайын орто 11304196400730 0773231906

Күлүк-Дөбө а.

 

11

 

Дербишова

Гулмира

Жекеишкер (макулдашуу  менен) жогорку 10104196300042 0773685972 Кербен ш.

 

                      Кербен  шаардык  Кеӊешинин 
                       жооптуу  катчысы:               Д.Алиев

 

 

Админ
Автору Админ January 14, 2019 09:53