Кербен шаарынын мэри жана шаардык Кенештин торагасы эл менен жолугушат

Админ
Автору Админ January 30, 2019 09:56

Кербен шаарынын мэри Н.Эсеналиев  жана Кербен  шаардык Кенештин
торагасы  Н.Шадыбеков  Кербен  шаарынын  эли  менен  жолугушуу
графигин  тузуп  бекитти. Графикке  ылайык  30-январдан 3-февралга 
чейин  Кербен  шаарынын  Ак-Добо, Кулук-Добо, Жетиген, Беш-Коргон,
Дон-Кыштак, Курулуш, Живпром, Жардуу-Колот, Мамай, Устукан 
элдуу  пункттарында жыйындар  откорулот. Жыйында Кербен  шаарынын 
мэри  Н.Эсеналиев  2018-жылда  аткарылган  иштер   жана  келечек 
пландар  боюнча  отчет  берет.
Ошондой  эле  бул  жолугушууда  Кербен  шаарын  таза  суу  менен 
толук  кандуу  камсыздоо  максатында ЕБРР  банкы  тарабынан 
беруучу  2,5 (эки  миллион  беш  жуз  мин) евро  кредитти  алуу 
боюнча  коомдук  талкуу  журот.




 

Админ
Автору Админ January 30, 2019 09:56