Кербен шаардык Кенешинин 2019-жылдын 15-мартындагы № 17/7 токтому

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:28

Аксы   районунун   Кербен   шаардык   Кенешинин
VII чакырылышынын  кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                      Т О К Т О М

 Кербен  шаарынын  таза  суу  тармагын  реабилитациялоо  үчүн  
          ЕБРР 
тарабынан   каржылануучу   кредит   жөнүндө

Калкты  таза  суу  менен  камсыздоону  жакшыртуу  максатында  
2018-2019-жылдар  аралыгында   Кербен  шаарында  суу  тармактарын  
реабилитациялоо  боюнча  МВФтин  каржылоосунда   гранттык  долбоор  
иштеп  жаӊы  суу  түтүктөрү  тартылууда. Бул  долбоор  2019-жылы  аяктайт.
         Мындан  сырткары, Кербен  шаарынын  мэриясы  шаардын  тазасуу  
менен   камтылбаган  бөлүгүнө  таза  суу  линиясын  тартып, ар  бир  үйгө  
суу  эсептегичтерди  орнотуу, райондук  ооруукананын  саркынды   суулары   
үчүн   канализацияны  оӊдоо-түзөө  иштерин  жүргүзүү  максатында
ЕБРРден  кредит  алуу  ниетин  билдирип, 2019-жылдын 12-мартында
№ 3-34/158 кайрылуусун  шаардык  Кеӊештин  кароосуна  киргизип
макулдук  сураган.
Депутаттардын  сунушу  менен  шаардын  мэриясы  тарабынан  жер-жерлерде
кредит  алуунун  шарттары  боюнча  чогулуштар  өткөрүлүп, көпчүлүк  жерде
кредит  алуу  сунуштары  колдоого  алынган  эмес, “КР  ЖӨБ  органдары
жөнүндө” Мыйзамынын 31-беренесине  негиз,жогорудагы  маселени карап
жана  талкуулап  чыгып, Кербен  шаардык  Кеӊешинин VII чакырылышынын
кезектеги  он  жетинчи  сессиясы

                                           ТОКТОМ   КЫЛАТ :

1.Кербен  шаарынын  мэриясынын  шаардын  таза-суу  тармагын  жакшыртууга
ЕБРР  тарабынан  каржылануучу  кредит  үчүн  шаардык  Кеӊештин  макулдугун
алуу  сунушу  колдоого  алынбагандыгы  белгиленсин.
2.МВФ  тарабынан  каржыланган  Кербен  шаарын  “таза  суу  менен  камсыздоо”
долбоору 2019-жылы  аяктагандан  кийин толук  инвентаризация  жасалып,
иштин  көлөмү аныкталгандан  кийин  таза  суу  тармагын  каржылоо  булагын
издөө  сунушталсын.
3.Бул токтом мамлекеттик  реестрге  киргизүү   жана   каттоо  үчүн  Жалал-Абад
областтык  юстиция  башкармалыгына   жөнөтүлсүн.
4.Токтом «www. Kerben.Aksy. kg» веб-сайтында  жарыялангандан  кийин
күчүнө   кирет.
5.Бул токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө  жагы  финансы, бюджет  боюнча
туруктуу  комиссиянын  төрагасы   Р.Момуновго   жүктөлсүн.

                             Кербен   шаардык
                             Кеӊешинин   төрагасы:                       Н.Шадыбеков


Кербен  шаары, 15.03.2019-ж.  № 17/7

Админ
Автору Админ April 12, 2019 11:28